Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Грузияда аял президент шайланды


Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 66 жаштагы Саломе Зурабишвили жеңип чыкты. Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял киши бийлик башына шайланды.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили добуштардын 59,5%, мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы «Бириккен улуттук кыймыл» партиясынын талапкери Григол Вашадзе 40,5% алды.

"Gallup" уюмунун сурамжылоосу Зурабишвили 58%, Вашадзе 42% алганын көрсөткөн.

Америкалык "Edison Research" уюмунун сурамжылоосуна ылайык, Зурабишвили 55%, Вашадзе 45% алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 56% добуш бергенин, бул биринчи айлампадагыдан 9% көп экенин билдирди.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин Зурабишвили Тбилисидеги штабында туруп өз элине ыраазычылык билдирди.​ "Бүгүн өтө маанилүү күн – менин өлкөм олуттуу тандоо жүргүздү. Бул шайлоонун Грузиянын бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн мааниси зор" - деди ал.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 66 жаштагы Зурабишвили, 60 жаштагы Вашадзе ат салышты. Экөө тең экс-президент Михаил Саакашвилинин учурунда тышкы иштер министринин кызматын аркалашкан.

28-ноябрдын кечинде Вашадзе: "Биз шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыкмайынча күтөбүз. Анткени көпчүлүк шайлоочулар саат кечки бештен кийин добуш беришти", - деп билдирди.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили бардык тарапкерлерин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, жалпы нааразылыкка чыгууга чакырды.

Экс-президент Грузиянын «Рустави-2» телеканалына сүйлөгөндө: «Биз жапырт баш ийбестикке өтөбүз. Полицияны эл тарапта болууга, куралдуу күчтөрдү мыйзамсыз буйруктарды аткарбоого үндөйм. Ошондой эле мамлекеттик бийлик аппаратынын акыл-эстүү бөлүгүн бийликти басып алган криминалдык топтон алыс болууга чакырам» - деди.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвили экинчи айлампада Зурабишвилини колдошкону үчүн шайлоочуларга ыраазычылык билдирди.

Грузияда акыркы жолу президентти жалпы эл шайлады. Жаңы Конституцияга ылайык, өлкө эми таза парламенттик башкарууга өтөт. Грузиянын жаңы президентинин укугу өтө чектелүү болот. Ал эми бул жолку жарыш - 2020-жылкы парламенттик шайлоо алдындагы бийликтеги “Грузин кыялы» партиясы жана оппозиция үчүн чоң сыноо катары бааланды.

2013-жылы шайланып, бийлик мөөнөтү аяктап жаткан президент Георгий Маргвелашвили талапкерлигин койгон жок.

Президент беш жылдык мөөнөт менен эки жолу шайланууга укуктуу. Грузияда 3,5 миллионго жакын адам шайлоодо добуш берүүгө укугу бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG