"ФСБ таасири азаябы?". УКМК кадрларын өзү даярдайт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин академиясы. Бишкек. 17-октябрь, 2024-жыл

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун негизинде Анарбек Бакаев атындагы академия ачылды.

Бишкектеги окуу жайдын ачылышына президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өлкө жетекчилери катышты жана бул окуя улуттук коопсуздук жаатындагы маанилүү окуя катары бааланды.

Буга чейин кыргыз чекисттери адатта Орусиядан билим алып келген жана кадр даярдоодо Федералдык коопсуздук кызматынын таасири чоң экени, иштөө ыкмасы окшоштугу айтылып жүргөн.

Расмий маалыматка ылайык, академияга курсанттарды кабыл алуу эмдиги жылдан башталат. Алгач 50 абитуриент атайын сынак аркылуу иргелип, тандалып алынат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдиришинче, кыска мөөнөттөгү курстар дагы өткөрүлүп турууга тийиш.

"Он айлык, алты айлык курстардан өтчүлөрдүн баарын эми ФСБга жөнөтпөстөн ушул жактан даярдай баштайбыз. Бул жерде УКМКнын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Чек ара кызматынын кызматкерлери даядалат. Мындай окуу жай бизде биринчи жолу ачылып жатат" .

Президент Садыр Жапаров УКМК академиясын түзүү тууралуу жарлыкка быйыл 6-февралда кол койгон. Окуу жайдын имаратынын курулушу 2022-жылы мартта башталган.

Садыр Жапаров академиянын ачылышында сөз сүйлөп, окуу жайда ириде өлкө эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билим берилерине ишенерин айтты:

Садыр Жапаров.

"Дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткарышы үчүн тиешелүү иш-аракеттерди, ал эми ыкчам кызматкерлерден күжүрмөн кесиптик даярдыкты, талдап ой-жүгүртүүнү жана чечкиндүүлүктү талап кылууда. Мына ушул себептен коопсуздук багытындагы адистердин кесипкөйлүгүн, сапаттык даярдыгын жогорулатуу максатында УКМКнын Анарбек Бакаев атындагы академиясын түзүү тууралуу жарлык чыгарганымды билесиздер. Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жай болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмгө ээ болушат”, - деди президент,

УКМК академиясында мындан сырткары чалгындоо, контрчалгын жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл кесиптик билим берилип, адистердин кесипкөйлүгү өркүндөтүлөт. Окуу жайда аскердик адистер кесиптик даярдоо программасы менен беш жыл окуйт, ал эми ыкчам курамдагы адистерге бир жылдык кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстары уюштурулат.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Токон Мамытов эгемендиктин алгачкы жылдары коопсуздук кызматы, чекисттерди даярдоо иши да кыйынчылыктарга туш болгонуна, татаал жолду басып өткөнүнө токтолду.

Коопсуздукка коркунуч жаратуучу келечектеги жагдайларды көрө алган, ар кандай чакырыктарга даяр, көрөгөч кадрларды даярдоо маанилүү экенин айтты:

Токон Мамытов.

"Кыргызстандын эгемендигине 33 жыл болду. Союз таркагандан кийин эле улуттук коопсуздук кызматында иштеген көп улуттуу кадрлар кете баштаган. Ошол маалдарда кадр жетишпей жатты. Айрым бөлүмдөрдө кызматкерлердин жарымынан көбү жок болуп калды. Кадр тандоо, даярдоо оорчулук жаратты. Албетте, Орусияда, Казакстанда окутуп жатышты. Ырас, эгемен өлкө болгондон кийин ушул маселени кабыргасынан коюп, өлкө, УКМКнын жетекчилиги деле аракеттенип келди, бирок бир катар субъективдүү, объективдүү себептерден улам окуу жайды ачуу планы ишке ашпай келди. "Ушундай кылсак болот эле" деген сөз бойдон калып, маселе чечилбей турду. Мына эми 33 жылдын кийин муну бүгүнкү өкмөт, УКМК жетекчиси чечип, ушундай сонун, бардык шарты бар, азыркы талапка жооп берген окуу комплекси ачылды. Азыр дүйнө солкулдап, түзүлүштөр урап жатпайбы. Санкциялар киргизилип, соода согуштары, саясий тирештер күчөп, анын негизинде жалпы коопсуздуктун архитектурасы, аймактык, дүйнөлүк системалар кыйроо алдында турат. Мына ушундай оор заманда кыргыз бийлиги, атайын кызматтын жетекчилиги жаңыдан пайда болгон коркунучтарды, чакырыктарды талдап, өзүбүз кадр даярдабасак болбойт деп чечкени, албетте, жакшы. Кыргызстандын чекисттерине, укук коргоо кызматтарынын кадрларына азыркы эмес, эртең-бүрсүгүнкү талапка жооп бергидей билим, тарбия берип даярдашыбыз керек. 10-20 жылдан кийинки коркунучтарды эске алып, ошол коркунуч, чакырыктар менен күрөшкөнгө, нейтралдаштырганга акылы, күчү жеткидей кадрларды азыртан даярдашыбыз керек".

Коопсуздук кызматынын генералы Артур Медетбековдун пикиринде, академияда окутуу программасынын өзөгүн Кыргызстандын улуттук коопсуздук концепциясы, тышкы аскер доктринасы түзүшү керек:

Артур Медетбеков.

"Окуу жайдын ачылышы Кыргызстан үчүн ийгилик болуп эсептелет. Ал жерде атайын кызматтын бардык татаал иштерин билген ардагерлер дагы ошол окуу жайда практикалык, теориялык сабак берүүгө чакырылып, иштегенге шарт түзүлүп жатат. Советтер Союзунун маалында дагы Кыргызстанда мындай окуу жай болгон эмес. Биздин кадрлардын көбү Москва, Ленинград, Киев, Минск жана Тбилисиден окуп келишчү. Окуу материалдардын бардыгы бир канча жылдап түзүлүп, калыптанган. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мындай окуу жайлардын негиз катары алынган классикалык бирдей программасы бар. Бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн тышкы аскердик доктринасы бар, улуттук концепциясы бар, ошого жараша сабактар берилет".

Дагы караңыз Жапаровдун орус телеканалынын суроосуна жообу, Бишкектин тышкы саясаттагы багыты


Саясат талдоочу Эмилбек Жороевдун баамында, чекисттерди даярдоо ыкмасы боюнча Орусиянын таасиринен арылуу оңой-олтоң болбойт. Ал заманбап кадрларды даярдоо үчүн программа ар тараптуу болушу зарылдыгын белгиледи:

Эмил Жороев.

"Бул өтө маанилүү жаңылык болду. Буга чейин көптөн бери айтылып келген, зарыл иш эле. Биз ар кандай сын айтышыбыз мүмкүн? Эгемендик алгандан бери улуттук коопсуздук структурасынын өлкөдөгү ар кандай кубулуштарга, саясий процесстерге таасири оң жагынан дагы, терс жагынан дагы болду. Кадрдык даярдоодогу таңкыстыктан улам улуттук коопсуздук кызматкерлери Орусиядан билим алып келишкен. Керек болсо эң артыкчылыктуу, атактуу билим алуу деп дагы эсептелген. Ушул академиянын ачылышы менен биз башка мамлекеттин окутуу таасиринен арыла баштайбыз десек болот. Улуттук коопсуздуктун түпкү мааниси да ошол болуп жатпайбы. Эми өз алдынча кадр даярдоодо кыйынчылык болушу мүмкүн, окутуучулар курамынан баштап ар кандай жабдууларды камсыздап, методикасын иштеп чыгуу зарыл. Кайсы гана тармакты албайлы, ошол эле саясат таануу илиминде деле дээрлик бардык китептер орус тилинде, орусча которулуп келген адабиятты, окутуу ыкмасын колдонобуз. Эгер тиешелүү деңгээлде маани берилсе, УКМКнын академиясында жаш юристтер, мамлекет таануучулар, саясат таануучулар аркылуу башка мамлекеттердин дагы тажрыйбасын окутуп, үйрөтүп жаңы кадрларды даярдап чыгарса болот. Бул эми бир күндө же бир жылда болуучу нерсе эмес".

Азыркы бийликтин тушунда коопсуздук кызматынын бир катар аймактык башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары салынып, мурдагылары оңдолуп-түздөлдү, материалдык-техникалык базалары кыйла жакшырды жана кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Бирок ага канча каражат кеткени, акча кайдан алынганы тууралуу маалыматтар берилбейт.