Франция паранжага тыюу салды

11-апрелден тарта Францияда аялдарга бетин жапкан никаб, же паранжа жамынып жүрүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.
Мындан бир апта мурда бийлик партиясы секулярдык Франция республикасындагы исламдын орду тууралуу өткөргөн тегерек үстөл жыйыны айрым мусулмандарды катуу нааразы кылган.

Францияда көзү гана көрүнгөн паранжачан аялды дээрлик жолуктура албайсыз, алардын саны өлкө боюнча 2 миңден ашпайт, өздөрү деле үйүнөн көп чыкпаса керек. Бирок жаңы күчүнө кирген мыйзамдын кесепетинен алар эми такыр эле үйүндө камалып калат шекилдүү.

11-апрелде күчүнө кирген мыйзамга ылайык, паранжа жамынган аял көчөгө чыкса 150 евро айып төлөп калышы мүмкүн, ал эми паранжага аны кимдир бирөө мажбурлаган болсо, ал киши эң көп дегенде 60 миң евро айыпка жыгылып, эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы ыктымал.

Мында мажбурлаган адам аялдын жолдошу же ата-энеси болуп чыгышы ажеп эмес. Демек жаңы мыйзам аялдын үй-бүлөлүк турмушуна да бүлүк салып, өзүн, бала-чакасын багуусуз калтырышы мүмкүн.

Францияда бүгүн эле аялдарды чыркыратып күйөөсүнөн ажыратып, аларга каршы чоң казат башталат деп ойлогон туура эмес, бирок дин мамлекеттен бөлүнгөнүнө 100 жылдан ашкан өлкөдө паранжа бүгүн чырлуу маселеге айланды.

Мыйзамга ылайык, паранжа жамынган кыздар жана аялдар эми мамлекеттик мекемелерге, коомдук кеңселерге, ресторан жана башка эс алуучу жайларга бара алышпайт, көчөдө да паранжа жамынып жүрө алышпайт.

Каршылар жана макулдар

Бул мыйзамдын колдоочулары ал коопсуздук, гендерлик теңдик жана Франциянын секулярдык системасын коргоо үчүн керек деп эсептешет. Бул тыюу Францияда кеңири колдоого ээ. Өткөн жылы "Пью Глобалдык Мамилелер" долбоору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, паранжага тыюуну беш француздун төртөө колдойт.

Бирок тыюуну сындаган тарап жаңы мыйзам өз пикирин билдирүү жана дин эркиндиги сыяктуу укуктарды чектеп койгондугун айтып жатышат. Ошондой эле көптөгөн мусулмандар мыйзам кабыл алынганга чейинки талкууларда алардын намысын козгогон кырдаалдар көбөйгөнүн айтышууда.

Кензе Дрыдер
Алардын бири Кензе Дрыдер паранжа жамынып жүрөт. Төрт баланын энеси мыйзам былтыр биринчи жактырылгандан бери ар кандай ызалуу кырдаалдарга дуушар болгонун "Ройтерс" агенттигине мындайча билдирди:

– Ар кандай ыдык көрдүм, сөз менен да, моралдык да ыдык көрсөтүштү, алтургай бирөө мага бычак менен кол салды. Бул талкуу башталгандан бери жашоом татаалдашты. Сыртка чыкканда ар дайым жаман көздөрү менен карап, ыза кылышат.

Францияда мусулмандар калктын 10 пайызын түзөт, алардын көбү теги түндүк африкалыктар. Буга чейинки изилдөө мусулмандар Европада, баарынан Францияда жакшы интеграцияланышканын көрсөткөн. Ошол эле учурда алардын арасында жумушсуздук жогору, демек турмуш деңгээли начар.

Мындан бир апта мурда Франциянын президенти Николя Саркозинин бийликтеги "Элдик Биримдик" партиясы секулярдуу француз республикасындагы Ислам тууралуу талкуу өткөргөн эле. Үч сааттык дебаттын күн тартибинде мектептерде секуляризм сабагын киргизүү жана ата-энелерге балдарын диний себептерден улам милдеттүү сабактарга жибербей коюшуна тыюу салуу сыяктуу маселелер болду.

Талаш жараткан талкуу

Президенттик шайлоого бир жыл калган мезгилде эл арасындагы кадыры болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткен Саркозини популисттик жолго түшүп жатат деп сынга алышууда. Ошол эле убакта аны эмигранттарга кастарын тиккен радикал оңчул "Улуттук Майдан" партиясынын колдоочуларын өз тарабына тартуунун ар кыл айла-амалы менен болуп калды деп айыпташат.

Мусулман лидерлери келбей койгон талкууда бийлик партиясынын төрагасы Жан-Франсуа Копе анын партиясы коомдогу тирешүүнү токтотууну максат кылат деп ырастады:

– Француздар проблемаларды чечиш керек, "Улуттук Майдан" партиясына (тескерисинче) проблема керек. Жок дегенде бир көйгөйдү чечсек, бул партияны жетектеген Ли Пен айымга шайлоодо бир аргумент азыраак болот.

Европадагы ислам дини тууралуу көптөгөн китептердин автору Фархад Хосро-хавар "Азаттыкка" бул талкууларды европалык коомдун индеттүүлүк кризиси деп мүнөздөдү:

- Бул - жектөөнүн бир формасы. Европада коомдук чөйрөдө мусулмандарды жектешет. Бул бир чети европалык коомдун иденттүүлүк кризисинен улам болуп жатат.

Бул коомдо мусулмандарды интеграцияланышууну каалабагандар деп кабылдашат. Бирок иш жүзүндө мусулмандардын көбү эч кыйынчылыксыз эле камыр-жумур жашап жатышат. Биз Францияда паранжа тууралуу мыйзамды өтө кызуу талаштын арты менен кабыл алдык, бирок бул кандайдыр бир эбегейсиз коомдук проблема эмес, бул символикалык маанидеги, иденттүүлүккө байланышкан маселе
.

Тирешти күч алдырбаш үчүн, мыйзамды ишке ашырууда полиция катуу кетпейт болуш керек. "Арыз түшсө гана кийлигишебиз, болбосо көрмөксөнгө салып койобуз" дейт Яник Данио, тартип коргоочулардын кесиптик кошууну болгон Unite SGPнын өкүлү.

Мыйзам күчүнө кирген күнү эле никаб кийген эки аял кармалды. 10 чакты киши келген Париждеги демонстрацияда полиция эки аял уруксатсыз нааразылык акциясына байланыштуу кармалганын билдирди.