Футболго ашыккан кыргызстандыктар

Москвадагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан барган делегаттар.

Москва Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын конокторун тосууда.

14-июнда Москвадагы «Лужники» стадионунда биринчилерден болуп Орусия менен Сауд Арабиясынын курама командалары беттешет.

Орусиядагы футбол майрамына Кыргызстандан атайын өкүлдөр барган. Алардын ичинде 12 жаштагы футболчу Арген Эмилбековдун расмий ачылышка катышуусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Мейрхан Аманбеков кабарлады:

- «Футбол ынтымагы» долбоорунда 211 мамлекет катышат. Кыргызстандан мектеп лигасынын эң мыкты оюнчусу Арген Эмилбеков чакырылган. Ал ачылышта Кыргызстандын желеги менен чыгабы же жалпы чыгабы, азырынча белгисиз. Андан тышкары чакан делегацияда биздин жетекчилик жана журналисттер бар. Чемпионаттын ачылышына катышып, анан кайтабыз.

Москваны кыдырууга жетишип калган Мейрхан алгач байкагандарын айтып берди:

- Мейманканада да, шаарда да футбол күйөрмандары менен колдоочулар көп келгени байкалып турат. Жалпы маанай да сезилүүдө. Биз жаңыланган «Лужники» стадионун да көрдүк. Ар жерде туристтерге футбол сувенирлери сатыкка чыгарылыптыр. Ошондой эле метро менен транспорт келген коноктор үчүн бекер экен.

Футбол чемпионатын Орусияда иштеген кыргызстандыктардын арасында күтүп жаткандар бар. Максат Андашев 25-июндагы оюнга атасын Кыргызстандан чакырарын айтты:

Максат Андашев.

- Саранск шаарына Португалия менен Ирандын оюнуна билет алдым. Атам менен бирге Бишкектен кошуналарыбыз келет. Чогуу төртөөбүз баралы деп турабыз. Билеттер ФИФАнын сайтында расмий үч категория боюнча 101, 165 жана 210 доллардан. Билеттерди сатып алып кайра 1 миң долларга сунуш кылгандар бар. Негизи, менин билишимче эки миллиондон ашык адам футбол көрүүгө билет алган.

Футбол чемпионаты Орусиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Андашев шаарларда спорт аянты менен аэропортко жакын жайгашкан батир менен хостелдердин акысы бир канча эсе кымбаттап кеткенин кошумчалайт.

- Мейманкалар акысын көтөрсө болбойт экен. Аларды текшерген атайын орган бар го, айыппул каралган экен. Ал эми жеке батирлерин ижарага бергендер бааны көтөрүп жатышыптыр. Мисалы, Саранск шаарында бир адам үйүн бир айга эки миллион рублга сунуш кылыптыр. Ал акчага эч ким деле албайт болуш керек. Бирок Москвада бир бөлмөлүү батирлер күнүнө мурун 10 миң рубль болсо, эми 50 миң рублга чейин көтөрүлүп жатат. Андан тышкары, айрым мекемелерде "оюнга билет алган жумушчуларды жөнөткүлө" деген тапшырма болуп жатканын угуп жатам.

Марс Смаилбеков теңтуштары менен.

Ал ортодо Марс Смаилбеков Бишкектен Сочиге футбол көрүүгө теңтуштары менен бирге учмакчы.

- 5-июлда өтө турган Испания – Португалия беттешине төртөөбүз баратабыз. Билеттерди эки ай мурун бир агенттик аркылуу сатып алганбыз. Чемпионаттын ачылышында ал жакта болууга учуп барабыз деп пландап турабыз. Орусиядан жаңылыктарды окуп, толкунданып жатабыз.

Москвадагы кыргызстандык футбол сүйүүчүсү Эрулан Чекиров жолдоштору менен чемпионатты көптөн күткөндөрдүн бири. Ал 6-июлда Нижний Новгороддо өтө турган оюнга барууга камданууда.

Эрулан Чекиров.

- Билетти 225 долларга сатып алдым. Атайын күйөрман паспортун да алдым. Бул коопсуздукту камсыздоого адамды текшерип, анан кийин гана берилет. Футбол көрүүгө Москвадан да барчу, атайын Кыргызстандан учуп келе турган досторум көп. Мен башка оюндарга да алайын дегем, калбай калды. Эки-алты ай мурун алып койгондор бар. Эми билеттерди алдап саткандар да чыгып жатышат. "Питерде франциялыктарды сабашыптыр" деп угуп жатабыз. Өткөн түнү Перудан келген бир күйөрман түнкү экиде мейманкана таппай жүрүптүр. Андай көрүнүштөр да болуп жатат.

Чекиров өзү эле 17 миллиондой элди батырган Москва эми жүз миңдеген конокторду тосуп алып жатканын айтат. Жалпысынан чемпионат маалында Орусияга бир миллиондой туристтин келиши күтүлүүдө.

- Москваны орус өкмөтү кооздоп, жакшы даярдады. Адамдардын маанайы да көтөрүңкү. Бирок мен Орусиянын командасы алсыз деген ойдомун. Жеңишке Франция же Бразилия чыгат деп турам. Өзүм жети жашыман бери футболго кызыгам, Англиянын «Ливерпуль» командасын колдойм. Ушул Москвада жүргөнүмдө ушундай мүмкүнчүлүк болуп калганына кубанып турам. Акчага карабай «Ливерпулдун» Майкл Оуэн деген чабуулчусун бир көрүүгө ашыктым. Биздин мамлекет да футболго, спортко көңүл бурса, бир күнү дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын командасы менен оюнчулары үчүн күйөрман болууга үмүт бар.

Санкт-Петербургда 9-июнда бир франциялык жаранды жергиликтүү таксист ур-токмокко алып, акчасын тартып алганын, дагы бирөөсүн мейманканада белгисиз адам тоноп кеткенин Орусиянын маалымат каражаттары кабарлаган. 12- июнда Москванын полициясына кытайлык жаран рюкзагын уурдатканын, жалпысынан 1 млн. рублга чыгым тартканын айтып кайрылган. Ага чейин Москванын көчөсүндө уюшкан топ тоноп кеткени тууралуу арызданып полицияга британиялык фанат кайрылганы белгилүү болгон.

Бул маалда Москва шаарындагы жана облусундагы ИИМдин башкармалыктарына 25-июлга чейин кылмыштар жөнүндө маалыматтарды чектөөнү буйруган атайын тапшырма берилгенин «Медиазона» басылмасы ИИМдеги булактарына таянып жазууда. Басылма кылмыштар жөнүндө билдирүүлөр 20 эсе азайтылган деп болжоп жатат.

32 өлкөнүн командалары беттешүүчү бул чемпионатта Бразилиянын курама командасынын жеңиши жогору бааланууда. Биринчиликке бразилиялыктар Германиянын жана Франциянын футболчулары менен беттешээрин спорт серепчилери болжошууда. Ал эми чемпионаттын кожоюну болгон Орусиянын командасынын жеңишине ишенгендер азыраак.

Майдан тартып футбол оюндары өтчү Москва, Санкт-Петербург, Казан, Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Президент Владимир Путиндин буйругу менен шаарлардагы айрым өнөр жай өндүрүшү менен мекемелердин иши убактылуу токтотулган. Шаарларда митингдер менен массалык иш-чараларга тыюу салынган, жеке чоң автоунаа жана автобустар менен кирүүгө чектөө киргизилген. Оюн күндөрү стадиондорго жакын аймактарда спирт ичимдиктери менен курал-жарак, ок-дары саткан дүкөндөрдүн иштешине тыюу салынган. Буга кошумча бакчаларда от жагып, түтүн чыгарып, фейерверк аттырууга болбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.