Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Ханты-Мансийскте "ОМОН опуза" күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ханты-Мансийск аймагындагы кавказ диаспорасы мусулмандарга  күч органдары кысым көрсөтүп жатканын айтып арызданышууда.

Лянтор шаарында жашаган мусулман дининин өкүлдөрү күч органдарынын кысымына кабылышканын кабарлашууда. Шаарда ислам динин туткандарды камакка алып, ур-тепкиге алган окуялар катталган. Жабыр тарткандар күч органдары камакка алуунун себептерин айтышпаганын белгилешет.

Артем Ватря 4-майда түнү белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип, сакалын жулмалап, күйгүзүшкөнүн "Настоящее время" телеканалына айтып берген:

- Эшикти ачсам, чүмбөттөнгөн, колдойгон бирөө кирип, мени ура баштады. Мен түшүнбөй эсим ооп туруп калдым. Артымда аялым баламды көтөрүп турган. Мен аларды коргоп, алдыга чыктым.

Кошуналары Артемду күч кызматкерлери жерге жаткырып туруп, сакалын күйгүзүшкөнүнө күбө болушкан.

- Алар мага "эшикти жап" дешти. Мен коргоого аракет кылдым, - дейт кошунасы Светлана Корниенко.

Белгисиз адамдар формачан болбогондуктан, Артем алар ОМОН экенин дароо түшүнгөн эмес. Анын каршылык көрсөтүүсүн полицияга баш ийбөө катары баалашып, бөлүмгө алып кетишкен. Батирин да тинтишкен.

- Ал жакта сурак болгон жок. Бутка, белге согуп, электрошокер менен урушту, сакалымды жулмалашты, анан протокол түзгөндөн кийин коё беришти,– деп баяндайт Артем.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошол күнү Лянтор шаарынан элүүдөй адам камакка алынганын кавказ диаспорасынын башчысы Абдуррахман Гаджиев айтат. Ал азыр болгон окуялар боюнча маалымат топтоп, алардын укуктарын коргоону көздөп жаткан кези.

- Мындай окуялар болгондо адамдар негизи диаспорасына же биримдикке кайрылышат. Биз мындай окуяга туш болгондордун бир тобун таптык. Бирок кызматташуудан баш тартышкандар болду, – дейт диаспора башчысы.

Камакка алынгандардын көбү окуянын кайталанышынан чочулап, ачыкка чыгуудан баш тартышкан. Жеке купуялыкты сактоо өтүнүчү менен дагы эки киши дүкөнгө барганда ОМОНго туш болгонун айтып берген.

- Суусундук алалы деп киргенбиз. Ошентип, аларга кабылып калдык. ОМОНдор бизди машинеден сууруп алып чыгып эле колдорубузду кайрып басып калышты,– дейт бири.

- Анан бизди бөлүмгө алып барышты. Ал жакта бир топ адам бар экен. ОМОНдор дааратканага төрт-бештен алып кирип сабашты, – деп кошумчалайт экинчиси.

Орусиялык укук коргоочу Дагир Хасавов полициянын атайын ыкчам тобундагы кызматкерлердин аракеттерин мыйзамсыз деп баалайт. Анын ишеним көрсөтүүчүлөрү Югранын губернаторуна, аймактык прокуратурага, Тергөө комитетине жана ОМОНдун башчылыгына кайрылышкан.

- Бул маселени федералдык органдарга чейин жеткиребиз. Калыстык болушу үчүн Башкы прокуратура менен Тергөө комитетине да кайрылабыз. Биз мусулмандардын укуктары корголушу үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз, - деди ал.

Ханты-Мансийск аймагындагы Росгвардиянын башкармалыгы мусулмандарды жапырт камакка алуу жөнүндө маалыматты четке каккан. Мекеменин басма сөз кызматы "ОМОН ыкчам-профилактикалык иш-чара жүргүзгөнүн, алар кызматтык милдеттеринин чегинен чыкпаганын" маалымдаган.

Москвадагы укук коргоочу Бахром Хамроев мусулмандарды текшерүү азыр орус башкалаасында да жүрүп жатканын белгилейт.

6-7-июнда Москвадагы "Фуд Сити" соода түйүнүндө жана "Мандарин" базарында ОМОНдун операциялары өткөн. Укук коргоочу бул текшерүү атайын мусулмандарга каршы багытталган деп эсептейт.

Бахром Хамроев.
Бахром Хамроев.

- Алар ооз ачуу маалында келип, кебетесине карап адамдарды кармап жатышат. Алардын арасында Орусиянын жарандары да бар. Сакалы болсо, мусулманга окшош болсо эле бир топко чогултуп, уруп-сабап, полиция бөлүмдөрүнө алып кетип жатышат. Жаракат алгандар да бар. Мисалы, "Фуд ситиде" эч кимдин документин сурашкан эмес. Дароо: "Мечит кайда, кайсы жерде сыйынасыңар?" деп сурашкан, ОМОНдор. Акчасын да алып коюп жатышат. Мусулмандарга каршы текшерүү эмей, анан бул не? Мен өзүм күбө болдум буга.

Укук коргоочу Бахром Хамроев мындай рейддерде адамдарды ондоп-жүздөп полиция бөлүмдөрүнө алып кетип жатканына күбө болгонун белгилейт.

Борбор азиялыктар көп иштеген соода жайларында камакка алынгандардын саны расмий маалымдала элек. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги андай текшерүү, укук бузуу туурасында кыргызстандыктар кайрылбаганын билдирди.

Орусияда күч органдарынын рейддери менен миграциялык документтерди текшерүүнүн күч алышы Дүйнөлүк футбол чемпионатында коопсуздукту камсыздоо чарасы катары түшүндүрүлүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG