ЕБ мигранттар кризисин шашылыш талкуулайт

Грециядан Македонияга өткөн мигранттар жана качкындар лагерде катталуу үчүн кезек күтүшүүдө. Гевгелия шаары, 22-сентябрь, 2015

Бүгүн Европа Биримдигинин лидерлери кезексиз жыйынга чогулуп, мигранттар кризисин талкуулайт. Бул кризис Шенген келишимин ойрон кылышы ыктымал деген кооптонууларды жаратты.

Ал келишимге жараша жарандар Евробиримдиктин 26 өлкөсү арасында паспортсуз эркин катташат.

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң мигранттар кризиси менен алышууда. Жакшы жашоо издеген качкындарга баш паанек бергенге Евробиримдикке мүчө 28 өлкөнүн баары эле макул эмес экенин ички иштер жана юстиция министрлеринин шейшемби күнкү чукул чакырылган жыйыны көрсөттү. Бул саммитте 120 миң качкынды эки жылга квота боюнча бөлүштүргөнгө Венгрия, Румыния, Словакия, Чехия каршы чыкты.

Бирок 2009-жылкы Лиссабон келишимине ылайык, бул төрт өлкөдө көпчүлүктүн эркине көнгөндөн бөлөк амал жок. Муну Брюсселдеги чогулуштан кийин Биримдиктин учурдагы төрагасы, Люксембурдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн да мойнуна алды:

- Биз келишимди басымдуу көпчүлүк же Биримдиктин келишиминде талап кылынгандан алда канча көп добуш менен кабыл алдык. Биз толук мунасага жетишүүнү туура көргөнбүз, бирок ага жетише албадык... Басымдуу көпчүлүккө кошулбаган уюмдун кээ бир мүчөлөрү өздөрүнүн бөлөк, мыйзамдуу пикирин айтышты. Алар береги чечимди буга чейинкидей эле толук аткарарынан күмөн санабайм...

Өткөн аптада Евробиримдиктин министрлери Италия жана Грециядагы 40 миң бозгунду кандай жайгаштырууну макулдашкан.

Биримдиктин лидерлерине бүгүнкү кезексиз саммитте, Жан Ассельборн айткандай, миграция маселесиндеги Чыгыш жана Батыш Европа ортосундагы карама-каршылыкты жөндөө керек. Андан тышкары мигранттарды каттоо жана алардын экономикалык максат менен келгендерин согуш бозгундарынан ылгоо; башпаанек берилбеген мигранттарды кайтаруу; коогалаңдуу аймактардан келген качкындардын лагерлери жайгашкан Түркия, Иордания, Ливан өңдүү өлкөлөргө, ошондой эле Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигине көмөк көрсөтүү сыяктуу маселелерди талкуулоо зарыл.

Өйдөдө аталган өлкөлөрдө 4 миллион чамалуу сириялык качкын бар. Еврокомиссия өткөн аптада Түркияга эки миллион сириялык бозгундун жашоо-шартын жакшыртуу үчүн дагы бир миллиард евро чегерүүгө даяр экенин билдирди. Бул Евробиримдик Анкарага качкындарга деп мурда бергенден беш эсе көп акча.

Хорватияга өтө албаган мигранттар Сербияга кайтып баратышат. Хорватиянын Батина кыштагы. 18-сентябрь 2015.

Еврокомиссия тарабынан Венгрия, Греция жана Италия сыяктуу тышкы чек арадагы өлкөлөрдө мигранттарды каттоо борборлорун ачуу да сунуш кылынган. Андай сунушка Венгрия каршы. Будапешт качкындар көбөйө берсе, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулат деп чочулайт.

Евробиримдиктин лидерлери Словакияны качкындарды алууга көндүрө алабы, беймаалым. Анткени 22-сентябрда премьер-министр Роберт Фицо мигранттарды кабыл алуу боюнча Биримдиктин “өкүмзорлугуна көнгөндөн көрө, анын эрежесин бузам” деп оозанган.

Быйыл Германия 800 миңден 1 миллионго чейин качкынды кабыл алат деп жоромолдонууда.

АКШ президенти Барак Обма шейшемби күнү Евробиримдиктин мүчөлөрүн качкындарды “калыс бөлүшкөнгө” чакырды. Америка өзү келаткан финансылык жылда 10 миң бозгунду алат.

Жыл башынан бери Жер ортолук деңизи аркылуу Евробиримдикке 500 миңдей мигрант келди. 22-сентябрда Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссариаты маалымдашынча, Биримдикке күн сайын деңиз менен орто эсепте 6 000 адам келүүдө.

Ал эми Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму үстүбүздөгү жылы Биримдикке 1 миллион чакты мигрант келет; алардын 350-400 миңи же ар бир төртүнчүсүндө баш паанек алганга жүйөсү бар деп боолгойт.

Евробиримдикке ынтылган мигранттардын көбү Сирия, Ирак, Ооганстан жана Африканын Эритерия сыңары калабалуу өлкөлөрүнөн.