Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

Хорватия да Сербияга чектеш тосот жайларын жапты


Хорватияга агылган качкындар
Хорватияга агылган качкындар

Хорватия качкындар селинен улам Сербияга чектеш сегиз тосот жайдын жетөөн жапты.

Бүгүн бешимге карай Хорватияга кирген 13000 мигрант катталганы ырасмий маалымдалды. Качкындар менен мигранттар агымын токтотууга бийликтин чама-чаркы жетпей жатканын премьер-министр Зоран Миланович билдирди. 16-сентябрда Венгрия Сербия менен чек арасын мигранттар үчүн жапкан болчу.

Венгрия качкындар үчүн Сербия жак чек арасын 15-сентябрда жапкан соң айласы куруган качкындар Хорватияны көздөй бет алышкан. Венгрия мигранттар жолундагы Евробиримдиктин байгер мамлекеттери Германия менен Австрияга жетчү ортолук жер болчу. Быйыл Евробиримдикке ушул жол менен 200 миңден ашуун бозгун өткөн. Алардын көбү коогалаңдуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жарандары.

Хорватияга келген качкындар
Хорватияга келген качкындар

Хорватиянын ички иштер министри Ранко Остойич 17-сентябрда чек ара тосоттору жабылар алдында "Рейтер" агенттигине берген маегинде качкындар толкунун жөндөө кыйын болуп жатканын мойнуна алды. Министр качкындар өтчү өлкөлөрдү эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырды:

- Биз бар кубатыбыз менен иштеп жатабыз. Биз Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинен мигранттардын жолундагы Грекия, Македония жана Сербия сыяктуу өлкөлөргө бардык келишимдерди, меморандумдарды, конвенцияларды аткаруусу зарыл экенин эскертип коюуну сурайбыз. Биз да милдеттенмелерибизге ылайык адамдарды кабыл алуу лагерлеринде эл аралык коргоого алабыз.

Хорватия бозгундарды каттап, анан Загребдин жанындагы кабыл алуу борборлоруна жайгаштырууда. Деген менен премьер-министр Зоран Миланович качкындар селин жөндөөгө өлкөдө жетерлик ресурс жок экенин эскертти. Загреб келерки эки аптада Хорватияга 20 миңден кем эмес качкын келет, деп боолголойт.

Венгрия чек арасын жапкан
Венгрия чек арасын жапкан

Сириялык качкын, 22 жаштагы Ахмад деген жигит “Азаттык” радиосуна Хорватиянын чыгышындагы Товарник шаарында 17-сентябрда жол азабы жөнүндө мына буларды айтты:

- Мен чарчадым, башка эмне айтам? Кемеде деңизде сүзүү оор болду. Чек арачылар Эгей деңизиндеги гректердин Самос аралынын жанында бизди куткарып алышты. Башкалар бир чек арадан экинчи чек арага урунуп жүрүшөт.

Ахмаддын азыркы максаты - Германиядагы апасына жетүү. Ал келечекте дарыгерлик кесипке окуганды каалайт.

Словения 17-сентябрда Хорватиядан мигранттарды тартып келаткан поюзду токтотуп, тийиштүү документтери жок 150 чакты жүргүнчүнү Загребге кайтарды. Ошондой эле 18-сентябрга чейин Словения-Загреб каттамындагы поезддерди токтотконун өкмөттүк СТА жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Ховартияга келген качкындардын балдары
Ховартияга келген качкындардын балдары

Премьер-министр Миро Церардын билдиришинче, Словения Шенген уюмунун мүчөсү катары жарандардын эркин каттоо режимин сактайт, бирок качкындар өлкө аркылуу Австрияга жайма-жай өтүп кетүүсүнө жол бербейт.

Шенген уюмунун башка мүчөсү Венгриянын өкмөтү Хорватия жак чек арасын дагы тосмолой баштаганын маалымдады. Болгария качкындарды каптатпоо үчүн өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Түркия менен чек аралаш аймакка аскер жайгаштырууда.

Австрия Венгриядан кирген автоунааларды ылгап текшерип жатса, Германия чек арада Австрия жана Чехиядан келаткан адамдарды текшерүүгө өттү.

Евробиримдик бир айдан бери мигранттар кризисин кантип жөндөөнүн амалын таппай жатат. Экинчи Дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери Европага азыркыдай көп качкын-бозгун келген эмес.

XS
SM
MD
LG