"Эсте калган күндөр". Оштон борборго жетүүнүн азабы

Төө-Ашуу.

Социализмдин тушунда жогорку билим алуу ышкысы миңдеген айылдык улан-кыздарды чоң шаарларга чогултчу. Башка чөйрөгө туш келген жаш адамдын көргөн кыйынчылыктары Малабек Токтоболотовдун “Эсте калган күндөр” өмүр баян аңгемесинде кемелине келтире сүрөттөлгөн.

Кассаны аңдыган эл

Малабек Токтоболотов айтылуу акын Багыш Молдонун небереси, кесиби каржы жагына ооп кеткени менен көркөм сөзгө жакын, куюлуштура сүйлөгөндү, өз оюн жеткиликтүү, жугумдуу кылып баяндоонун чебери. 2016-жылы автордун “Эсте калган күндөр” өмүр баян аңгемелери жарык көрдү. Китепте балалык турмуш, окуучулук кездер, студенттик жашоо, чоң турмушка аралашуу кызыктуу баяндалган. Аны окуп олтуруп мен да айылдагы орто мектепти аяктап башкалаага окуу издеп келген учурум, үч күн Ош аэропортунда учакка билет күтүп зарыгып турган кезди эстедим.

Ыраматылык социализм заманын тарыхтын тактысынан шыпырып түшкөн ушу узун кезектер болду окшойт. Бардык жерде аяк-башы көрүнбөгөн кезектер болор эле, учакка билет алыш – тозоктун тозогу эле. Шаардагы кайсы бир тааныштар, чоңдор, таасирдүү адамдар үчүн учуп кетиш текейден арзан болсо болгондур, бирок да окууга өтсөм деген изги үмүт-тилекти артынып алып айылдан шаарга жөнөгөн биздей мадырабаштарда кайдагы тааныш, кайдагы билет?!

Ушу азыр да Оштун эски аэропортундагы эл үймөлөктөшкөн төөнүн көзүндөй кичинекей кассанын ары жагында отурган жарашыктуу жаш келин эсимде. Адатта жергиликтүү элдин тилинде сүйлөгүсү келбеген, кыйналып тургандардын бир да бирөөнө көңүлкош отурган сары чач аял учакка билет турса да, таанышын күтүп сатпай отура берчү. Мына ошол учурду, айылдан шаарга келүүнүн түйшүгүн Малабек Токтоболотов чынында эле мыкты сүрөттөгөн.

“Жай айы. Эл аябагандай көп. Тимеле бардыгы тең аэропортко келип, көчүп бара жаткандай. Кассада жөөлөшүп, биринин этин бири жегидей жулкунган адамдарды көрсөң үрөйүң учат. Ар жарым саатка жетип-жетпей: “Ош - Фрунзе каттамы боюнча самолётко отургузуу башталды, каттоо жүрүп жатат” деген кулактандыруу угулат. Көп узабай эле: “Ош – Фрунзе каттамына каттоо аяктады!” деген кулактандырууну байма-бай угуп, кулакка да жат болуп калды. Ар бир жарыя башталганда кулак түрүп, илгери үмүт менен: “Билет сатылып калабы?” – деп кассаны карайсың. Ал үмүттү таш кабат же бир-эки, кээде үч билетти кассадан сатууга берет. Бирок ал дагы кары-картандарга, кош бойлууларга же телеграммасы барларга сатылат. Кайра эле баягы күтмөй, ар кулактандыруу башталган сайын жөөлөшмөй.

Маданияттуу түрдө “кезекке турмай” деген түшүнүк “ошол учурда эле жок го” деп калдым. Барган бул күнүбүз да өттү. Эртеден-кечке тура берип бут талып, аябай жададык. Ушул эле көрүнүш түнү бою да кайталанды".

Дагы караңыз "Билет такыр жок, анан кымбат". Ички аба каттамдарына нааразылык

Кербенден Маданиятка, андан ары Анжиянга автобуста тыгылып келишкени азаптын башталышы эле экен. Жай саратанда “автобуска түртүшүп түшүп, бирибиздин үстүбүзгө бирибиз чыгып, тыгылып бара жаттык” дегени бу аэропорттун азабы алдында бир оюнчуктай нерсе тура. Ош аэропортунун кассасынын жанындагы түртүшмөй, үмүттүү адамдар арасында үч күн тикесинен тик турууга айылдан келген жаштар гана чыдашты. Мээ кайнаган саратанда эки күн жөөлөшүп турмай баарын тажатты. Учактар тынымсыз учуп, кассанын жанында түртүшкөндөр азайгандын үстүнө көбөйүп, билет болоруна үмүт үзүлүп калганда ошол жерде турган балдардын бири: “Бул жерден уча албайсыңар, жакшысы Таш-Көмүр шаарына барсаңар жүк жүктөгөн машинелер кетет, ошол жерден кетсеңер болот” деп айтканынан төрт бала чогулуп, бир жеңил автоунаа таап кайра артына кайтышты.

Ош - Фрунзе жолунда

Саратандын мээ кайнаткан ысыгында Таш-Көмүргө келишсе ал жердин аптабы адамды тим эле куйкалайт. Жаштык, анан да окуу эңсеген балдарга саратандын аптабы кеп бекен! Үч күндөн бери Оштон уча албай маанайы чөккөн балдар кандай машине болсо чыгып эптеп эле Фрунзеге жетсек дегенде эки көзү төрт эле.

“Ошентип Таш-Көмүрдүн аптабында май куюучу жайда аңкайып, улам келген машинеге барып, кайда барарын тактап кайра эле күтмөй. Кайра эле үзүлбөгөн үмүт менен жол карайбыз. Бир топ күттүк, ал кезде байма-бай каттаган машине жок. Эки-үч саатта бир машине келет май куйганы, ал да кайда барат белгисиз. Ошентип күтүп жатканда биздин бешенебизге бир узун МАЗ келип токтоду. Айдоочуга барсак орус улутундагы киши экен, Фрунзеге жол тартып бара жатыптыр, машинесине пияз жүктөп алыптыр. Менимче, Бүргөндү же Шамалды-Сайдан чыккан го? Иши кылып, кабинасы бош экен. “Окууга бараттык эле, үч күндөн бери Ошто жолдо жүрөбүз?” - деп түшүндүрүп сурансак бизди ала кетмей болду. Айдоочу орус бизден бир топ улуу киши экен. Ал кезде бул жолдо бүгүнкүдөй кенен, оңдолгон жол жок, ашкана жок, токтоп эс алуучу жайлар да жок. Ошондуктан жолго тамак-аш алуу үчүн дүкөндөн жолдо шам-шум эткидей бир нерселерди алдык да, жолго чыктык. Жол аябай начар, машине араң эле саатына отуз, кырк менен жүрүп баратат. Биз үч күндөн бери жакшы эс ала албай чарчап келе жатканбыз, улам үргүлөп кайра көзүбүздү ачып, Кара-Көл шаарынан өттүк, Көк-Бел ашуусуна келдик. Жол аябай татаал эле, кыйгачтап атып араң чыктык, азыр болсо жолду оңдоп койгон, ал кездеги жолдон машинелер кудай-кудайлап араң чыкчу”.

Дагы караңыз Раиса: Котормо аркылуу балдарга дүйнөнү ачабыз

Балдардын бактысына мойсопут орус шопурдун машинеси жолдо бузулбады, акырын жүрсө да жолун арбытып, Токтогулдан өтүп Чычкан капчыгайына кирип келишти. Капчыгайды ортосунан тең бөлүп аккан суу, денени сергиткен салкын аба, тушардан келген гүлдүү чөп баарынын көңүлүн көтөрдү. Карагай, арча, кайыңдары кудум Аксынын Балтыркан, Көл-Карагай жайлоолоруна окшош экен. Асман тиреген зоолору, бийик аска таштарычы.

Унчукпай келаткан айдоочу бир жерге келгенде машинесин токтотуп, “тамактанып алгыла” деди. Балдардын көңүлү куунак болчу, жай жүрүшсө да акырындап Фрунзеге кетип баратышат, ал жерден окууга өтүп калышса экен! Айылдан келаткан балдарды айдоочунун шашпай тамактанып, бир бөтөлкө арагын ачып андан эки стаканды унчукпай бастырып койгону тандантты.

Арак ичкени менен айдоочу жакшы киши экен. Узак жолдо уктап калбаштын аргасын кылдыбы же эриктиби бир нерселерди кобурап, өткөндү, көргөн-билгенин уйку-соо келаткан балдарга айтып берип келе жатты. Эки ирет жолго токтоп жана ачылган бөтөлкөсүндөгү арактын калганын да уруп алды. Антпесе мээ кайнаткан ысыкта акырын жылган жүк машинеде киши эриккенден жинди болуп кеткидей. Балдарга болсо баары жаңылык болчу.

Дагы караңыз Эски менен жаңыны элдештирген көпүрө

Чалкып жаткан Суусамыр, белден буралган чөбү менен гүлдөргө басылып калган Чычкан капчыгайы, ээн жол, бейтааныш айдоочунун бир калыптагы кыймылы – баарысы жаңы, бир алдын кызык эле. Ким эле 45 мүнөттө учак менен жетип алчу Фрунзеге минтип жүк машине менен кыбырап жүрүп жер көрүп келиптир! Жол узак, жүк оор. Кыбырай отуруп Ала-Белден өтүп Суусамырга түшүштү, уңулдаган оор машине Төө-Ашуудан да өттү. Акыры керилген Сары-Өзөн Чүй талааларын аралашты. 20 сааттан ашуун жол жүрүп акыры Фрунзеге жетишти. Уйку-соо отурган балдарга айдоочу: “Келдик, түшкүлө” дегенде көздөрүн ачып кайда келгенин билбей аңкайышты. Кызыл-Аскерге жетишиптир.

Жатак жай издөө

Айылдан башкалаага келгендердин дагы бир көйгөйү - жатар жай табуу түйшүгү эле. Мурда окууга өткөн классташтарын издешти, алардын баары айыл чарба жумуштарына же каникулга тарап кетишиптир. Мейманкана, ижарага үй издемей башталды. Айылынан келип шаарда туруп калган 3-4 кишини билишчү, аларды кайдан табышат? Айла кетти. Макең бул ирет шаар көргөндүк кылып аэропортко барып түнөп келүүнү айтса, жолдоштору макул болушту. Аэропортто күндөгүдөй учуп-келип жаткандар, отурганга орун жок. Те түн жарымдан кийин жүргүнчүлөр сээлдеп, бошогон орундарга жата кетишти.

“Көп узабай эле отурган жерде уктап калыппыз. Чарчагандыкыбы катуу уктаппыз, бир маалда бирөө түртүп ойготот, карасам милиция экен ойгонуп өзүмө келсем: “Кайда учасың? Качан учасың?” деген суроолорду берип жатыптыр. Билетти сурайт. “Бизде билет жок, жата турган жер жок, ушул жерде таң атканча отуруп чыгалы” деп сурандык.

Милиционер баш чайкап: “Болбойт, тетигинде аэропортко караштуу мейманкана бар!” – деп залдан чыгарып жиберди.

Дагы караңыз Системанын өгөйлөнгөн баласы

Биз ээрчишип алып мейманканага бардык. Барсак “мест нет” деген жазууну эшикке илип коюптур, эч ким биз менен сүйлөшүүгө да чыккан жок.

Аэропорттун алдында эс алуучу бак бар экен, ошол бактын ичинде кадимки эле тактайдан жасалган отургучтарга барып олтурдук. Бир убакта кечке кыдырып жүрүп чарчагандыкыбы уйку келе баштады, ошол отургучка узунубуздан жатып уйкуга кеттик. Түн бир оокумда саат канча болгону деле белгисиз, үч-төрт бала туруптур, чачтары узун жаргак шым кийген, бизди ойготушту.

“Эмне бул жерде жатасыңар? Кимсиңер?” – деп суракка ала башташты.

Түшүндүрдүк. Алар түшүнө турган эмес, кыязы жаман ой менен келгендей, бизден акча сурап коркутушту. Жаныбызда акча аз эле болчу, аз экенин айтсак бир-эки чаап, тепкилеп да жиберишти. Болгонун берип кутулдук...”

Арада окууга документ тапшырып, жатаканадан орун алганча кыйла күн өттү. Канча азап тартып шаарга келиштин эсеси чыкпай, ал жылы окууга өтпөй айылына кетишти. Баласынын окууга өтпөй келгенине апасы аябай сүйүндү, тамеки тизим башталып, иш күчөп кол күчү жетпей жаткан кез эле. А бирок намыскөй бала кийинки жылы сөзсүз окууга өтүшүм керек деп күндөп-түндөп катуу даярданды. Убакты-саатынын кыйласын мектептен чала-чарпыт окуган сабактарын бышыктоого, окуу китебинде жазылгандарды улам кайталап окуп, кийинки окууга келгиче бир топ даярдыктан өттү. Бактысына, кийинки келишинде эңсеген окуусуна өттү.

Ал кезде окууга өткөндөрдү буйрук окулгандын эртеси эле айыл чарба жумушуна айдашчу. Студенттер менен мектептин жогорку класс окуучулары совет өкмөтүнүн унчукпай иштей берчү арзан жумушчу күчү эле. Жаңы студенттерди түгөлү менен Таласка алып кетишти, “барсак баягы эле биздин айылда өскөн куурагыр тамеки экен”. Тамекинин сасыгына ууккан курсташтардын айрымдарына жардам берип, Аксыдагы көнүмүш ишинен окууга өткөндөн кийин да кутула албаган Малабек курсташтарынын алдыңкы тамекичиси аталып 120 сом сыйлыкка жетишти, анысына Фрунзеге келгенде өзүнө кийим кылып алды.

Дагы караңыз Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы

Шаарга келип окуу башталгандан кийин Макең дагы бир ишке – түнкү кароолчулукка орношуп, анын акчасына кийим-кечек, тамак-аш алып, акчадан кыйналган балдарга окууну бүткөнчө жардам берип жүрдү.

“Бир айда он күн туруп 62 сом айлык алчумун, ага кошкондо 30 сом стипендия болуп, бардыгы айына 92 сом алып окудум. Группамда староста элем... 1977-жылы Кантка камсыздандыруу инспекциясына практикага барып, ошол кездеги кызматкерлердин айлыгы орто эсеп менен 60 сом ала турганын билдим”.

Техникумда окуп жүрүп, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө өтүп кызылдай мээнети, аракети менен мыкты билим алып, соңунда республиканын көрүнүктүү каржы жаатындагы адиси болуп чыга келди, бир топ жооптуу кызматтарда иштеди. Ал кайсы жерде иштебесин көркөм сөздөн кол үзбөдү, таятасы Молдо Багыштын чыгармаларын издеп таап жарыялады, чыгармачылыктан алыстаган жок.