Раиса Сайран Кадыр Казакстандагы Steppe & WORLD Publishing басма үйүнүн негиздөөчүсү. Беш жылдан бери дүйнө адабиятын казакчага которуу менен алектенет. Жакында эле "Гарри Поттер" чыгармасын казак тилинде чыгарды.
Ал өнүгүп келе жаткан казак китеп индустриясы жөнүндө "Азаттыкка" маек курду.
"Дүкөндөн казакча китеп табуу кыйын эле"
- Раиса айым, Казакстандагы китеп чыгаруу тармагы азыр кайсы деңгээлде?
- Азыр Казакстанда китеп тармагы тамтуң баскан баладай жаңыдан калыптанып келе жатат. Мындан беш жыл мурунку жагдай менен азыркыны салыштырып болбойт. Мурда китеп дүкөндөрүнө киргенде казакча китеп табуу кыйынга турчу. Мейли, балдар адабияты болсун, жаштарга арналган китептер болсун, чоңдор үчүн болсун, бизнес адабият болсун – өтө аз эле.
Ири китеп дүкөндөрүндө көбүнчө орусча китептер турчу. Азыр болсо казакча китеп чыгарган басма үйлөрүн бириктиргенде, жалпы китеп корунун 10% жеттик деп ойлойм. Ага катар эле казакча китеп саткан дүкөндөр да көбөйүп жатат. Бул эми жаңыдан телчигип келе жаткан тармак. Дагы бир аз чыдасак, мындан 10-15 жылдан кийин такыр башка абал болот. Жалпы китептердин 40% түзүп калсак, биз үчүн ошол чоң жетишкендик.
- Дүйнө адабиятын казак тилине которуп, жайылтуу жараяны да жигердүү жүрүп жатат. Бул тенденция качан башталды? Азыр кайсы деңгээлде? Мамлекеттик ар кандай программалар жөнүндө да угуп жүрөбүз.
- Советтер Союзу ыдырагандан кийин адабий котормо тармагы өнүгүп кете албай туруп калды. Албетте, такыр токтоп калган жок. Бирок приоритеттер башка болгондуктан, маданият, анын ичинде котормо жааты аксап калды. Менимче, котормо "Руханий жаңыруу" ("Рухани жаңғыру") программасы кабыл алынгандан кийин жанданды. Анткени анын алкагында "казакча 100 жаңы окуу куралы" деген жобо бар болчу. Ага ылайык, мектептин жогорку класстары үчүн дүйнөнүн мыкты делген гуманитардык багыттагы окуу куралдары казакчаланды. Муну Улуттук котормо бюросу ишке ашырды. Бул өтө сонун долбоор болду. Казакча китептер көбөйүп, китепканаларга таратылып, иш ордунан козголду.
Албетте, баары бир күндө өзгөрүп кетпейт, мунун жемишин жаш муундан көрөбүз. Бул мамлекеттик долбоорго жанаша эле басма үйлөр да китеп чыгара баштады. Казакча китептердин жоктугу мен үчүн трагедия болду. "Эмнеге казакча китеп жок?" деп башкалардан сурасам, "Бул мамлекеттин иши" дешти. А менимче, бул бир эле мамлекеттин иши эмес, ар бир жарандын милдети. Бул ишти мен милдет катары кабыл алып, эч кимди карабай, бул тармакка кириштим.
Биздин басма үйдүн китептеринин 70% балдарга арналат. Биз үчүн жаш муунга заманбап, сүрөттүү, классикалык чыгармаларды сунуштоо маанилүү болду. Буларды окуп чоңойгон балдар кийин "эмнеге казакча китептер жок" деп талап кыла алышат.
"Өспүрүмдөрдү депрессиядан куткарган чыгарма"
- Мамлекеттин да, жеке сектордун да бул тармактагы аракети окурман үчүн жасалат. Окурман казакча китептерди канчалык кабыл алып жатат?
- Казак окурмандары өтө көп. Казакча китеп жок болгону үчүн эле окурмандар китеп окубай жатат деген туура эмес. Мисалы, казак жаштары китеп кайсы тилде болсо, ошол тилде окуй берет. Эми казакча китептерге акырындык менен көнүп келе жатышат. Башында албетте, көз көнбөгөндүктөн, "бул кантип казакча чыксын" дешип, өөн кабыл алып жатышты. Бирок азыр казакча китеп чыгыптыр деп, атайын алып окуу маданияты калыптанып келе жатат. Бул жакшы көрүнүш.
- Чоң жаңылык жараткан "Гарри Поттер" чыгармасынын котормосу жөнүндө сурагым келип турат. Эмнеге муну тандап алдыңыздар?
- Казакчага "Хәрри Поттер" деп которулду. Бул романдар сериясы 90 тилге которулган. Бул чынында балдар үчүн эң сапаттуу табылгалардын бири. Киносу да тартылып, бул тармакта өтө жакшы таралып кеткен. Биздин "Гарри Поттерге" токтолушубузга ушул нерсе да себеп болду. Бул чыгарманы жарнамалаштын кереги жок. Балдар өздөрү эле жакшы таанышат, жакшы көрүшөт.
Экинчиден, бул чыгарманы балдарым жакшы көрөт. Алардын арты менен мен да окуп чыгып, жактырып калдым. Мында балага бере турган баалуулуктар абдан көп. Баланын башынан өтө турган бардык сезимдер: кубаныч, мээрим, бардык жакшылык-жамандык камтылган. Ар балада жамандыкка каршы туруп, жеңүү сезими бар эмеспи, мына ошол философияны эң сонун түшүндүрөт. Балдардын депрессиясын, андан чыгуу жолдорун жакшы талдап берет.
Көп дүйнө окурмандары өспүрүм кезге мүнөздүү депрессиядан ушул чыгарма куткарып алганын, адам катары калыптанышына таасирин тийгизгенин айтышат. Бул эми азыркы замандагы классика. Феномен десек да болот. Анан да окурмандар үчүн эч кандай курактык чек жок. Баары окуса болот. Мына ушундан улам да бул романдар топтомуна токтолдук.
"Адабиятты окуу менен биз дүйнөгө жакындашыбыз керек"
- Биз дайыма ушул сыяктуу демилгелер жөнүндө сөз кылганда, мамлекеттин ролу жөнүндө сөз кылбай койбойбуз. Мамлекет басма үйлөргө кандай колдоо көрсөтө алат?
- Басма үйлөргө, котормочуларга ар кандай жеңилдиктерди берсе болот. Мисалы, салыктарды жеңилдетип берсе, чоң колдоо болот. Айталы, чыккан китептерге кошумча нарк салыгы (НДС) алынбаса. Мисалы, басма үйлөргө микрокредиттерди берсе да болот. Ошондой эле чыккан китептерди мамлекет сатып алса да чоң колдоо. Мамлекет сапаттуу продукцияны сатып алат да. Ошондуктан басма үйлөрү да сапатка иштеп башташмак.
- А сиздерде мамлекет ушул нерселерди жасап жатабы?
- Акырындык менен чыгарган китептерибизди сатып ала башташты. Көп эмес, бирок иш ордунан жылды. Ошондой эле 2025-жылдан баштап мектептерге дүйнө адабияты деген сабак киргизилип жатат. Бул кубанычтуу жаңылык. Анткени буга чейин казак тил жана адабияты менен орус тил жана адабияты гана өтүлүп келген. Эми орус адабияты дүйнө адабиятынын ичине кирет. Мындан ары орус адабияты менен гана чектелбейбиз. Азия, Африка, Европа жана анын катарында орус адабияты окутулат.
- Дүйнө адабиятын өз тилибизге которуунун мааниси канчалык?
- Өтө маанилүү. Себеби, Борбор Азия дүйнөдөн алыспыз. Менимче, адабиятты окуу менен биз дүйнөгө жакындашыбыз керек. Чет элдин адабиятын окугандан кийин биздин акын-жазуучулар да четте тааныла баштайт. Алар да бүгүнкү адабияттын шартын, китеп индустриясын, азыркы абалды аңдай баштамак.
Маектин аудиосун бул жерден угуңуз: