Тунистеги толкундоолор Египетке ооду

Демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ атылды, Каир, 26-январь.

Египетте өткөн түнү массалык толкундоолор чыгып, өкмөт мындан аркы демонстрацияларга жол бербей тургандыгын эскертүүдө.
Коңшулаш Тунистеги соңку төңкөрүшкө куштарланган толкундоолордун катышуучулары бирок "түшпөс хан" Хосни Мубарак кетмейинче чыкканыбыз чыккан деп жатышат.

Демонстранттар күч менен таратылды

Египеттин ички иштер министрлиги бүгүн демонстрацияларга тыю салып, анын катышуучулары айыпка тартылат деп эскертти. Бирок өкмөткө каршы чыгуулардын уюштуруучулары баш калаа Каирде кайра жаңы акцияларга камданып жатышат.

Кечээ Египеттин эли буга чейин болуп көрбөгөн көрүнүшкө - он миңдеген киши катышкан демонстрацияларга күбө болду. Бул мындан 30 жыл мурда бийликке келген президент Хосни Мубарактын авторитардык бийлигине каршы эң ири чыгуулар болуп калды.

Каирде демонстранттар тартип коргоочуларды ташбараңга алып, полиция аларды көздөн жаш чыгаруучу газ, суу замбиреги менен атышты.

Бул күнү Каирден чыгыштагы Суец шаарында полиция жакындан аткан желим октон үч демонстрант курман болду. Анын аралыгында, Каирде демонстрант башына таш менен урган тартип коргоочу мерт болду. Ал эми көз карайганда демонстранттар Каирдин борбордук Тахрир аянтына чогулуп, Мубарактын өкмөтү кетмейинче ушул жерде болобуз деп жерге отуруп алышты. Бирок түн ортосу ооган чакта полиция газ, суу менен чабуулга өтүп, демонстранттарды кууп таркатты.

Жаштардын жаңы кыймылы

Бүгүн эртең менен шаарда тынч болду. Бирок демократиячыл жаштар интернеттеги социалдык тармак - Фейсбук аркылуу калкка кайра Каирдин борборуна келүүгө чакырык таштады. Анын аралыгында, бийликтер демонстрация уюштуруунун эң бир ыңгайлуу куралына айланып калган интернеттеги Твиттер тармагына кирүүгө бөгөт койду. Эми чөнтөк телефондору аркылуу Твиттер менен элди жыйнап келишкен демонстрациялардын уюштуруучуларына кыйын болуп калды.

Каирдеги «Ал-Масры Ал-Юмм» гезитинин редактору Эхаб эл-Зелакинин айтымында, Твиттер менен Фейсбук өңдөнгөн социалдык тармактар жаш муундун саясий активизимине дем берип, анын аркасында жалпы эле Египеттеги оппозициянын турган турпаты өзгөрө баштады:

– Бизде социалдык тармактар аркылуу чогулган жаштардын жаңы кыймылы пайда болууда. Бул - Египеттеги салттуу саясий күчтөргө окшобогон кыймыл болуп жатат.

Чынында эле интернет аркылуу таркатылган кечээки петицияларга 80 миңдей киши кошулду. Демонстрация көп сандуу болоору ушундан улам деле алдын-ала белгилүү болгон, ошого карабастан баяндамачылар уюштуруучулардын кибернетикалык нааразылыкты массалык көчө акцияларына айланта алгандыгына таң беришүүдө. Бирок эл мынча көп келет деп уюштуруучулар өздөрү да күткөн эмес.

Туниске куштарлык

Эл-Зелакинин айтымында, Египетте жаш демонтранттарды ушул айдын башында президент Бен Алинин бийлигин кулаткандан замандаштарынын араб дүйнөсүндө жайылып жаткан толкундоолору айрыкча куштарлантты.

Кечээки чыгуулардын катышуучулары көбүнесе 30 жашка чейинки жаштар болду. Бирок арасында карылар да, мусулмандар да, христиандар да жүрдү. Кызыктуусу, Египеттеги эң ири оппозициячыл блок саналган тыю салынган Мусулман Агаиндер дээрлик көрүнгөн жок. Ушундан улам секулярдуу баалуулуктар күчтүү бийликтин аркасы менен сакталып келген өлкөдө айрымдар күткөндөй исламдык оппозиция эмес, андан бөлөк, жаңы күч жаралып жаткан шекилдүү. Бул тууралуу Камела Исмаил:

– Бул кайда алпарат? Кеп ушунда. Биздин талаптар аткарылабы? Бизде талап көп. Мубарак кетсин деген, дагы башка социалдык, экономикалык жана саясий талаптарыбыз бар. Кайсынысы аткарылат, кайсыларын жашыбыз менен жууп салабыз, билбейм. Биз болгону жаңылсак да, чындыкты издейбиз. Эгер мисалы бала төрөлсө, анын тагдыры кандай болот? Биз муну али билбейбиз.