Дыйкандар жемди экспорттоого уруксат берүүнү талап кылышууда

Жүгөрү.

Кыргызстандагы "Жүгөрү өстүрүүчүлөр" ассоциациясынын өкүлдөрү 400 миң тоннадай жүгөрү чирип кетүү коркунучунда турганын айтып чыгышты.

Мындан улам алар айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кайрылып, жемди тышка экспорттоого уруксат берүүнү суранышты.

Ассоциациянын жетекчиси Бакыт Жумалиевдин айтуусунда, дыйкандар министрге бул маселе боюнча бир нече жолу кайрылган.

"Биз жүгөрүнү тышка сатууга уруксат берүүнү талап кылабыз. Сугат суу маселесин чечип, жердин ижара акысын 50% азайтууну жана айыл чарба жерлерин трансформациялоону токтотууну талап кылабыз. Минтип кете берсек, жакында дыйкандар асфальтка эгин айдап калышат", - деди Жумалиев.

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги дыйкандар буга чейин кайрылбаганын билдирүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы министр Аскарбек Жаныбеков ассоциациянын өкүлдөрүн кабыл алууга даяр экенин "Азаттыкка" маалымдады.

Тоют таңкыстыгынын алдын алуу максатында былтыр ноябрда чөптү сыртка сатууга тыюу салынган. Быйыл июнь айында арпа, жүгөрү жана башка дан эгиндерин да экспорттоого тыюу салынган.

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги быйылкы кургакчылыктан улам, тоют жетишсиздигинин алдын алуу максатында малды экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салган.(ZKo)

Дагы караңыз

Министрлик жарыкты үнөмдөөнү жарнактардан баштайт"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси акыл-эстүү киши кечки саат 10го чейин сейилдей турганын айттыБишкекте журналист Бабырбек Жээнбековду эскерип жатышатКутманова Кумтөрдө химиялык калдыктар ар кайсы жерде көмүлгөнүн билдирдиНью-Йорк менен Женевада түркмөн президентине каршы акция өттүБишкекте эне-баланы салбай кеткен маршрутканын айдоочусу жумуштан алынышы мүмкүнYouTube вакцина тууралуу жалган маалыматка каршы күрөшүн күчөттүТүркия-Орусия алакасы: Сирия, Украина, Bayraktar