Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Бишкекте журналист Бабырбек Жээнбековду эскерип жатышат


Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасынан. Фотодо Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов.
Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасынан. Фотодо Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов.

30-сентябрда Бишкекте журналист, мурдагы аткаминер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ал көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Маркумдун жакындары, кесиптештери, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер, журналисттер катышкан эскерүүдө Бабырбек Жээнбеков атындагы фонд түзүлөрү айтылды.

Фонд укуктук жактан артыкчылык көргөзгөн журналисттерге анын атындагы сыйлыкты жыл сайын тапшырып турат. Мындан сырткары өзү туулуп өскөн Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылындагы бир көчөгө Бабырбек Жээнбековдун атын берүү сунушу демилгеленди. Андай кайрылуу тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.

Юрист жана журналист Бабырбек Жээнбеков көз карандысыз, опозициялык маанайдагы “Алиби”, “Ачык саясат”, “Назар” гезиттерин негиздеген. Ал 2013-жылы кыргыз өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө боюнча агенттикти жетектеген. Журналист 2019-жылы 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Бабырбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбековдун атасы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG