- Илгери, илгери бир падыша жашаптыр. Күндөрдүн бир күнүндө кызы ооруп калат. Айдан ай өтөт. Эч ким айыктыра албай, кыздын абалы начарлай берет. Падышанын тынчы кетип, Жер жүзүндөгү мен деген дарыгерлерди алдыртат.
Ошондо, улукмандардын бири:
- Оо, улуу даражалуум! Кимде ким өз энесинин жүрөгүн сууруп келип кызга жегизсе дартынан дароо айыгат, - дейт.
Падыша жар салып:
- Кимде-ким энесинин жүрөгүн алып келсе, ага кызымды жана кызыма кошуп байлыгымдын жарымын берем, - дейт.
Дагы караңыз Аял менен эркек комуздун кылындайОшондо топ ичинен бир жигит суурулуп чыгып, үйүн көздөй чуркайт. Кирип келсе энеси очокко от калап, уулуна тамак жасаганы жаткан экен. Жигит бир азга буйдала түшүп, анан падышанын айдай сулуу кызы менен байлыгы көзүнө элестеп, энесин балта менен башка басып-басып жиберет.
Өлгөн кемпирдин көкүрөгүн жарып жиберип, жүрөгүн сууруп алып Ак үйдү көздөй чуркайт. Чуркап баратып мүдүрүлүп жыгылганда колундагы жүрөк жолдун четине ыргып кетет. Жигит чаңга оонап тура калганда, эненин жүрөгүнө тил бүтүп:
- Алда балакетиңди алайыным ай-э, шашпай барсаң деле жетпейт белең. Тизеңди оорутуп алган жоксуңбу, каралдым. Жерге үч ирет түкүрүп ийип кайра чурка!, - деген экен...
Оо, Кудурет! Дүйнөдө Эненин жүрөгүндөй жүрөк бар болду бекен?
* * *
Ата-Эне үчүн отко түшкөн балапанды бир да жолу көргөн жокмун, бирок уясындагы балапанын сактап калыш үчүн жыландын оозунда жан берген чымчыктарды далай ирет көрдүм.
* * *
Кокус баласы оттун ичинде калса, аны сактап калам деп атасынан мурда энеси отко боюн урат экен.
* * *
Эгер Ата Журтту—Ата десек, Мекенди—Эне десек, анда биз бүгүн Батыш менен Чыгыш падышаларынын “кыздарынын” дартын айыктырам деп жер-суубуздун, кен байлыктарыбыздын же Мекен-Энебиздин жүрөгүн сууруп алып, “ким мурда алып барат болуп” акча берем деген өлкөлөргө жарышып чуркап бараткан жокпузбу?
***
Мен бүгүн кыргыздын төрөдөй болгон төрт аялзатына башымды ийип, таазим кылар элем.
Алар - Рыспай Абдыкадыровдун жубайы - Давлет, Мукан Рыскулбековдун жубайы-Орункүл, Асанкалый Керимбаевдин жубайы—Дамира жана жакында эле көзү өткөн Калыйбек Тагаевдин жубайы Галя жеңебиз.
Мен таазим кылып башымды ийе турган, булардан башка дагы төрт аялзаты—мына ушул улуу төрт талантты жарык дүйнөгө алып келген төрт Энебиз!
Дагы караңыз Үзөңгү-Кууш менен коштошууТагаевдин жубайы Галя жеңеге келсек, Тагаевдин Тагаев болушуна өкмөт да, Маданият министрлиги да, Композиторлор союзу да Галя жеңечелик эмгек кыла алышкан жок.
Тагаевге чыдаган, чыдамак тургай, ал үчүн өмүр бою өзүн “курмандыкка” чалып, Калыйбек өңдүү кежир, “оң жакты көздөй тескери жүрүп турган” таланттын “айттырбай келчү кырсыктарынын” баарын пилдей көтөргөн, ысык-суугуна тоңуп жашаган Галядай жан болбос!
Чынында эле же чоң кишиге, же жаш балага окшобогон, чага турган жыланды да өпкүлөп, бирдеме болсо эле шолоктоп ыйлап жиберген, күндө бирөөнү сүйүп турган, таарынчаак, ак көңүл Рыспайдын адам чыдай алгыс “кылык-жоруктарынын” баарына чыдаган Давлетке, шамалдай, суудай, селдей, жер көчкүдөй, кар көчкүдөй, табийгый “кырсыктай” болуп, шаалдап, күүлдөп күтүүсүз жерден кирип келген, жүрөгүндө таруудай да кир жок, оюнда эмне болсо ошону сүйлөгөн, төгүлүп жашап, сымаптай төгүлүп өтүп кеткен Муканга чыдаган Орункүлгө, бир эле Кетмен-Төбөнүн секретарлары менен сельсоветтерин эмес, Сталинди баш кылып, СССРдин чоңдорунун баарын ашата сөккөн, бир эле сен эмес, бүтүндөй дүйнө анын бут алдында кол куушуруп, жыгылып турушун каалаган, “давление да, сахар да болгон, пахар” да болгон, муун-жүүндү титиреткен керемет ыры бар, бир кеткенде бир айлап кетме “чыры” бар Асанкалыйга чыдаган Дамирага чыгармачыл адамдардын “каарман курмандыктары” катары эстелик койсо жарашат!
Аялдардын сырттаны деп ушуларды айтсак болот! Анткени бул өңдүү таланттарды баладай бапестеп багып, жашашынча жашатып, керемет ырларын жаздыртып туруп кыргызга берген, орустун аялдарынча бир кыялын көрсөтсө соттон сотко сүйрөп, ажырашып баса бербей, бала төрөп, балдарынан да чыр Рыспай, Калыйбек, Мукан, Асанкалыйды “багып-өстүрүп” кыргызга таштап кеткен бул аялдар эмне деген “асылзаттан” жасалган! Башка аял болгондо булардын бир эле “кырсыгына” чыдай албай, чачылып-бузулуп, түгөнүп жок болуп кетмек!
Бул сыяктуу аялдар, бизде да - акындарда да бар. Алар тууралуу кийин кеп кылалы.
Ошондуктан Аялзатына, Энелерге кылапат айткандан сак бололу дегим келет!