Акыркы ырыңыз ушул “ҮЗӨҢГҮ-КУУШ МЕНЕН КОШТОШУУ” деген ыр болду эле.
Тыягы ысыккөлдүк, быягы атбашылык малчылар жайлап чыкчу, асты кен, үстү гүл, аска-зоосу менен кокту-колоттору кайберенге толгон бул керемет жайлоону сатып жибергенибизди эмнегедир акырындап биз дагы унутуп бараткан элек. Бир күнү эле телефон чалып “Үзөңгү-Кууш жөнүндө текст керек болуп жатат. Ылдам жазып бер, обону даяр болуп калды, Майрамдын (Кыргыз эл артисти Майрам Дүйшекеева) үнүнө ылайыктап атам” дедиңиз.
- Байке, Үзөңгү-Куушту көргөн белеңиз?, - дедим.
- Бала кезде далай жолу болгом, акыркы күндөрү түшүмө кирчү болду. ... Кытайга сатып жиберишпедиби! Эмне деген керемет жер эле!
...Акыры ырды да жазып, сиздин талабыңызы менен он кайра өзгөртүп, кайра жазып жатып, акыры бүтүп, чекит койдук. Филармонияда өткөн концертиңизде Майрам ырдап чыкты эле го.
Коңур жели кошо чыккан Күн менен,
Колдон кеттиң, кош асыл жер гүлдөгөн.
Секилериң тиктеп турар кийиктей,
Сендей жерди табалбаспыз дүйнөдөн.
Азап болду өзүңдү эстеп жүргөнүм,
Арман менен өтөт окшойт күндөрүм.
Биздики эмес бүркүт учкан аскалар,
Биздики эмес эми сенин гүлдөрүң.
Кайырмасы:
Койгула деп, алып кала албадым,
Кош асыл жер, ичте болор арманым.
Эстей жүргүн өзүң үчүн кан төккөн,
Бир кездеги аталардын арбагын.
Калк болалбай ажыраган эркинен,
Канча эл жүрөт Мекени жок тентиген.
Кудурет ай, жетпей койдук баркына,
Кудай бизге берген бейиш энчиден.
Колдон кутун учурган журт кең болбос,
Кош асыл жер, эми сендей жер болбос.
Ким жөөлөсө бере берген жер-суусун,
Бул дүйнөдө биз өңдөнгөн эл болбос.
* * *
Ошол Майрамдын үнүнөн кийин, “Үзөңгү-Кууш менен эми коштошкондой болдум” деген сөзүңүз эсиме түшүп, үйүңүздөгү үстөлдүн үстүндөгү кыркалекей тизилген, суу куюп, дары чөп салынган он чакты айнек банкаларды, маал-маалы менен бир кашыктан иче калып, пианиного барып иштеп жаткан сизди ойлодум.
- Ушинтип, жазып берген дары чөптөрүн ичип келатам, бир жыл болду.
- Кандай эми, жардам берип атабы?
- Кадимкидей оңолуп калдым, карачы, ичим да мурдагыдай дардыйбай, кичирейе түштү.
* * *
Ооруңуздун опурталдуу экенин билсек дагы сурагандан тартынчубуз. Өзүңүз да кеп кылып, айтчу эмессиз. Оюңуздун баары эле 80 жылдык мааракеде болчу. Молдосеитти чакырып, Майрамды ырдатып, Токтобекти ырдатып, үйдүн ичинен бир съемка жасатып, калганын Ат-Башынын жайы толуп турган июль айынын ортосунда тартабыз деп пландаган элек. Сиз өсүп-өнгөн карагайлуу кайкыдан, Кайыңдынын тоолору менен ырыңыздагы көк-жашыл болгон токоюңуздан бир жакшы телефильм жасамак болгонбуз.
Кайсыл ырчылар, кимдер барарын, кайсыл жерден тартарыбызды Молдосеит айтып берген. Мен Нарынга-- Берганшага чалып, Тагаевден өткөн кимибиз бар, Беке? Бишкектеги атбашылыктар Нарындын аты жок Маданият үйүнүн атын “Калыйбек Тагаев атындагы Маданият үйү” деп атайлы деп жатышат, чалгындап чыгып, эмне болгонун кабарлап кой, кокус болбой баратса, Ак үйдөн айттыртып чечим чыгарталы” дедим. “Ушинтели деп атабыз, кандай дейсиз?” десем, Сиз угуп алып жаш баладай сүйүнүп, аябай кубандыңыз эле.
* * *
- Шайлоо, атбашылыктар эми 80 жылдыгымды жакшылап өткөрүп бергиле, - дегенсиз.
- Ал жагынан кадырыңыз жан болсун, буга чейин 70 жылдыгыңызды, 75 жылдыгыңызды өткөрүп, репетиция кылдык эле, карап туруңуз, эми 80 жылдыкты кадимки атбашылыктар өткөргөндөй өткөрөбүз, байке”. -деп тамашалагам.
Чын эле жердештериңиз “сизге айтпай” бир канча жолу чогулуп, 80 жылдыгыңыз тууралуу көп сүйлөштүк Шарипа эже, Эсенбек байке, Ысмайыл, Данил, Накен, Мелис, Аскар, Дүйшөн, Молдобай, Мирбек, Токтобек, Кутмырза, Акбар болуп. Баягы көнгөн адатыбыз боюнча эстесек эле Мелис Турганбаев менен Аскар Салымбековду эстеп, эмнегедир булардан да бай, булардан да март башкаларын, мисалы Аю-Маюу дегендерин такыр эле эстебей, анын үстүнө жамандык-жакшылыкка көп келбеген немелер өзүлөрүн эстетете бергиси келбей, анан бара-бара өзүнөн өзү эле эстен чыгып кете берет турбайбы.
Тагаевди дүйнө дүң эткендей, өзүнүн эч кимдикине окшобогон кайрыктары бар керемет ырларына окшотуп, буюрса бир башкача өткөрөлү деп максат кылган элек. Тилекке каршы, аныбызга Сиз дагы, Биз дагы жетпей калдык, кантели байке!
* * *
Анда коронавирус дегени каптай элек кез. “Кытайдан бир оору чыгыптыр, эл көчөдө баратып эле кулап жыгылып жатыптыр” дегенди укканыбыз менен медицинага караганда атбашылык Арстан Алайдын айткандарына көбүрөөк ишенген жаныбыз коронавирус дегенин алгач чымын чакканча көргөн жок элек.
Кадимкидей эле гүүлдөп-шаалдап, тойго десе тойго барып, ишке барып, ойноп-күлүп жашап жүргөнбүз. Сиз дагы “80 жылдыгымды белгилейм” деп концерт даярдап, Молдосеиттин жанын койбой “телефильмиңди тездетпейсиңби” деп булкунуп, таарынып, кээде сөгүнүп да жиберип, менин жанымды койбой “текст бер” деп, айламды кетирип жатып, алты ырга сөз жаздырып, баш көтөрбөй иштеп жаттыңыз.
* * *
Анан пандемия деген келип, келгенде да тамагыбыз тургай, табагыбызды таппай калгыдай кылып келбедиби. Ошондон тартып карантинге кирип кеткен бойдон чыкпай калдык, бири-бирибизди көрмөк тургай, чала албай да, баягы барабыз деген Ат-Башыбызга баралбай да калбадыкпы. Ал балакет оору ар бирибизди узун-туурабыздан “аралап” өттү окшоду. Адамдар фронтто жүргөнсүп, “дайын-даректерин” пандемия басаңдагандан кийин, бир-эки айдан кийин гана “Сен эмне болдуң? Сенчи?” деп сурап жүрүшпөдүбү? Сизди ооруканада дегенинен чалсам, чыгып келген экенсиз, “кандайсыз?” десем, “жакшы боло албай жатам” дедиңиз. Ошол күндөн ашып кетсе он күн өттү окшойт, 16-сентябрь күнү Токтобек чалды, “байке Тагаевден ажырап калдык” деп...
* * *
Апаңыз 90го чыккан экен. 90го сиз да чыкмаксыз, эгер Тагаев болбой, башка болгондо, эгер чыгармачыл адам эмес, кызматына барып-келчү жолду аяп басып, аяп келип жүргөн “элиталардын” бирөө болгондо. 80 жаш да жашпы? Негизи эле таланттар узак жашабайт. Алар биринчи өмүрлөрүн экинчи ирет жашай турган өмүрлөрүнө таштап кеткенге шашат. Сиз да аябай шаштыңыз эле. Алардын биринчи өмүрүнө караганда экинчи өмүрү узак болот. Элибизде “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол” деген сөз бекеринен айтылган эмес. Бул эки бир тууган ага-инилер 13-кылымда дүйнөдөн өткөн. Бирок алардын ырлары 700 жылдан бери карай биз менен күнү бүгүнкүдөй чогуу жашап келатат. Дүйнөдө кыргыз деген эл бирөө болгондой эле, кылымда бир келе турган өтө сейрек талант Тагаев да бирөө эле болучу, башка Тагаев аттуу талант жок, кийин дагы болбойт. Сиз 80 жыл жашадыңыз. Бул жаштар үчүн өтө узак жаш болсо, биздей улгайгандар үчүн өтө кыска жаш. Сиз 80 жыл жашасаңыз эми калган өмүрүңүздү элиңизде калган, бизде калган Тагаевдин кымбат ырлары 800 жыл, 900 жыл, миң жыл жашайт, түбөлүк жашайт. Сиздин биринчи өмүрүңүз тиги дүйнөгө кеткен менен, экинчи өмүрүңүз эми мындан ары өмүр бою сиздин даңкызды алып-учуп, кылым кезип, өлбөй-өчпөй жашай берет.
* * *
Ушул жерден даанышман абабыз Кусейин Карасаевдин Мидин тууралуу жазган эскерүүсүнөн үзүндү келтире кетели:
“Адатта өтө шыктуу таланттар жалындай жалбырттап жүрүп, түрдүү окуялардын ичинен чыгат. Ошондой таланттардын бири—Мидин болчу. Учкундай жалт этип чыккан шыктын түшкөн жери жайлуу болгондо андан бетер жалбырттап жанып, эгер жалт этип учуп чыккан таланттын түшкөн жери жайсыз болсо өчүп калат эмеспи.
Келечек муун! Таланттуу адамыңарды сыйлагыла! Аны кодулабагыла, кор кылбагыла! Анын шыгынын өсүшү үчүн шарт түзгүлө! Шык деген кишинин баарында эле боло бербейт. Анда-санда гана кишилерге бүтөт. Ал байлыктан эмес, бийликтен эмес, Кудайдан келген шыбага”.
* * *
Таланттуу художниктердин тирүү кезиндеги баарына эле жага бербеген кыял-жоруктары мезгил өткөн сайын эскирип, муун алмашкан сайын, кереги жок буюмдай өзүнөн өзү унутулуп жок болуп, тарыхта алардын ойду-келди жүргөндүгү эмес, орден-медалдары эмес, ардак наамдары менен ар кайсыл жылдарда алган сыйлыктары эмес, мыкты чыгармалары гана каларын түшүнгөн мезгил да акыры бизге келет.