Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Акын Шайлообек Дүйшеевдин чыгармаларынын үч томдук жыйнагы жарык көрдү


Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жаңыдан чыккан үч томдук жыйнагы.
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жаңыдан чыккан үч томдук жыйнагы.

Кыргыз эл акыны, II жана III даражадагы «Манас» орденинин, КМШ мамлекеттеринин парламент аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгынын ээси Шайлообек Дүйшеевдин чыгармаларынын үч томдук жыйнагы жарык көрдү.

Жаңыдан чыккан жыйнагы тууралуу автор өзү мындайча маалымат берди:

«Бул китептин биринчи томуна лирикалык ырлар, кат-тарых формасындагы ырлар, накыл-насаат, нуска ырлары, экинчи томуна «туздуу» ырлар, мурундар тууралуу азилдер, айтыштар, тамсил-жомоктор, кадимки «Кайдыгерлик​» түрмөгүндөгү ырлар, үчүнчү томуна​ лирикалык ырлар, биографиялык поэмалар, жоктоо ырлары жана бейнелер (үч саптан турган ырлар) кирген. Ар бир тому 500 тиражды түзүп, ​«Турар» басма үйүнөн чыкты».

Шайлообек Дүйшеев - заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акын. Анын чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келет. Буга чейин кара сөз менен жазылган «Агындылар» аттуу китеби жарык көргөн. (MSd)

XS
SM
MD
LG