"Idel.Реалии" сайты "Алабуга Политехте" окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен маектешти. Ата-энелердин тайпаларын иликтеп, "тарбиялык" аңгемелешүүлөрдүн үн жазууларын да укту.
Буга чейин аталган басылма РЗВРТ YouTube каналы менен бирге Татарстандын "Алабуга" Өзгөчө экономикалык аймагында (ӨЭЧ) ирандык учкучсуз дрондорду өндүрүү боюнча иликтөөнүн эки бөлүгүн чыгарган "Протокол" басылмасынын иликтөөчүлөрүнүн бири менен баарлашкан.
"Алабуга Политех" сайтында өспүрүмдөрдү "дуалдык (кошмок) программага" кирүүгө чакырган жарнамалар тынымсыз жарыяланып жатат. Бул долбоордун алкагында билим берүү мекемеси балдарга сапаттуу билим берүүнү гана эмес, 70 миң рублга чейинки айлык акы төлөнчү жумушту да убада кылып келет.
Ушундай азгырык жарнаманын айынан коңшулаш Нижегород облусунун тургуну Жанна 2022-жылы уулун Татарстанга окууга жиберүүнү чечкен.
"Ал окууга тапшырган, бирок 2,5 айдан кийин, ноябрда мен кайра алып кеттим", - дейт өспүрүмдүн апасы.
Ал мындай жарнама жөн гана азгырык деп эсептейт. Анын айтымында, ал жердеги студенттер "кулчулукка кабылат".
"Балам алгач ошондо калам деген, кийин "алып кет, болбосо өлөм!" деди. Ошентип, алып келгени бардым", - деп эскерет маектешибиз.
Буга чейин "Протокол" басылмасы РЗВРТ YouTube каналы менен биргеликте 24-июлда Татарстандын "Алабуга" аймагында ирандык учкучсуз дрондорду өндүрүү боюнча иликтөөнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Анда "Алабуга Политехке" чет элдик студенттерди азгыруу схемалары, "тарбиялоо" ыкмалары жана окуу жайдын жетекчилиги студенттердин эмгегин учкучсуз учуучу аппарат (УУА) өндүрүшүндө кантип пайдаланып жатканы тууралуу да айтылат.
Дагы караңыз CNN: Иран Орусияга дрон заводун курууга көмөктөшүп жатат"Idel.Реалии" аталган долбоордун иликтөөчүлөрүнүн бири Сергей Подсытник менен маектешкенде, ал балдардын иштөө шарттарын “эксплуатация” деп атады:
“Мен эксплуатация деген сөздү кандай түшүнсөм, бул так ошонун өзү. Алар дрондорду кураштырат, бул алардын окуусуна да зыян".
"Idel.Реалии" кабарчысы менен сүйлөшкөн ата-энелер анын айткандарын тастыкташты.
"Ооба, жүз пайыз [эксплуатация]. Эки жүз, миң. <...> Менин Нижний Новгороддо турган таанышым баласын июнь айында алып кетти – уулу алдан тайып, болбой калыптыр. [Окутуу келишимин бузгандыгы үчүн] 200 миң [рубль] төлөш керек экен. Ал азыр соттошуп жүрөт, анткени бул - ачыктан-ачык мыйзам бузуу. Ал уулун алып кеткени келгенде, калган балдар аны ушундай муңая карашты - алардын андай акча төлөп кетип калууга мүмкүнчүлүгү жок окшойт. Эми чыдоого туура келет. Алар ар кандай ыкмалар менен балдардын жан дүйнөсүн жабыркатып жатышат", - дейт Жанна.
Нижегород облусунан дагы бир эне Марина (аты өзүнүн өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү) эмгек келишиминде жумасына сегиз сааттык иш каралганын айтат. Анын айтымында, иш жүзүндө баары такыр башкача болуп чыкты.
"Кызым көпкө үндөбөй жүрдү. Июнда "эмнеге ушунчага чейин унчукпай жүрдүң?" деп сурасам, ал жөн эле байкуш көрүнгүсү келбегенин айтты. Балдар жумасына беш күн иштей турганы анык болду. Кызым жумушка саат 7:45те барчу, менимче, аны саат 15:00дө бошотушчу", - дейт ал.
Ата-энелердин сөзүнө караганда, балдарды кечки саат ондо да "кеңешмеге" чакыра беришет экен.
"Келбесең, баары түнү бою отура беришет, сени күтүшөт деп жазышат", - дейт Жанна балдарга психологиялык кысым көрсөтүүнүн түрү тууралуу сөз кылып.
Скриншоту редакцияда сакталып турган мындай "чакырыктарга" тайпадагы башка ата-энелер да нааразы.
Анын айтымында, Жаннанын уулу "кандайдыр бир демөөрчүлөрдү" издеп жүргөн экен.
"Акча төлөбөш үчүн тапшырмаларды айдын аягына эки күн калганда беришкен - мен муну да тактадым. Балам түнкү саат экиде интернетте отурганын көрдүм. Мен андан "эмне үчүн интернетте түндө отурасың?" деп сурап жазсам, "тапшырмаларды аткарыш керек" дейт. "Муну эмне үчүн акыркы түнү аткарышың керек?" деп сурасам, ал "Бизге буларды кечээ гана беришти" деп айтат. Бала үлгүрбөйт, кийин тапшырмалардын 65% аткарат. Ага анча-мынча тыйын бериши керек, сый акы соңку айдан бери чүчүкулактап бөлүштүрүлөт. Кыязы, алар өздөрүнүн жакшы көргөндөрүнө ыйгарышкан. Менин уулума чүчүкулактап сый акы бөлүштүрүүдөн эки айдан бери эч нерсе тийген эмес. Бүттү, ошентип, аткара албай калды.
Бирдей шарт менен барганбыз: сентябрда окууга киргенде келишимибиз үч жолу өзгөрдү. Кошумча чыгымга учурадык: жатакана акысы 500 рубль эле, 1500 миң болду, мунун баарын 3500 рублдик айлыктан кармап калышты. Айрымдар жолдуу болушу мүмкүн. 600 адамдын 100үнүн, калганы жөн эле... Алар жумушка алымыш болуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланышат, кийин балдар окуудан чыгып калгандай шарттарды түзүп, аны аткарбаганы үчүн айып пул төлөтүшөт", - дейт ал.
Дагы караңыз АКШ: Иран Тажикстанга дрон чыгарчу жабдыктарды жеткириши мүмкүн"Idel.Реалии" сүйлөшкөн ата-энелер да айыптын суммасы болжол менен 200 миң рублдей болорун тастыкташты. Маринанын айтымында, көп балдар кемсинтүүгө кабылат. Жакыр үй-бүлөдө жашагандыктан, бул тууралуу ата-энесине айтышпайт.
Елабуга шаарынын прокуратурасы "Алабуга Политехтин" студенттеринин бири менен "түзүлгөн эмгек келишиминде жумушчунун иш убактысы жана эс алуу убактысы жөнүндө маалымат көрсөтүлбөй", эмгек мыйзамдарынын талаптары бузулган фактыларды аныктаган.
Көзөмөл органы тарабынан "Алабуга" АКсына мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуш киргизилген. Бул тууралуу мамлекеттик органдын ушул жылдын 31-июлундагы жообунда айтылат, анын көчүрмөсү редакцияда сакталып турат.
Прокуратура санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын, билим берүү, лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарынын бузулушун жана окуучулардын укуктарынын бузулушун да аныктаган. Көзөмөл органы аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуш киргизип, эки административдик укук бузуу жөнүндө иш козгогон: Орусия Федерациясынын (ОФ) Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин (АУК) 6.7-беренеси жана ОФ АУК 14.1-беренеси боюнча.
Бирок прокуратуранын жообунда бул түшүнүктү чечмелеген "Орусия Федерациясындагы балдардын укуктарынын негизги кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексинин 150-беренесине карабастан ("Жашы жете электи кылмыш жасоого тартуу") балдарды эксплуатациялоо жөнүндө эч нерсе айтылбайт.
ДРОН ӨНДҮРҮҮ
Жаннанын айтымында, балдардын ар бирине өзүнчө милдет тагып, ар кандай топторго бөлүштүрүшкөн. Алар композиттик өндүрүштө көбүнчө "жазыктууларды" иштетүүгө аракет кылышат. Марина алар кызын учкучсуз дрондорду кураштырууга тартууга аракет кылышканын, муну укканда ал жарылып кете жаздаганын айтат.
"Балдар азап тартышууда. Бул кооптуу өндүрүш, алар химиялык опурталдуу бир нерсени чаптайт экен. Ал жакка атүгүл чоңдордун да баары эле бара бербейт. Балдарга ата-энесине уккан-көргөнүнүн баарын айтууга тыюу салышат. Бул жөн эле табу. Ата-энелер маалыматты кантип билип алышарын билбейм, бирок кимдир бирөө кабардар болуп чатка жазчу болсо, дароо дүрбөлөң башталат", - дейт Жанна.
Өз кезегинде Марина 13-июнда кызы ага телефон чалып, аларды дрондорду композиттик өндүрүшкө тартууга аракет кылып жатышканын айтканын эскерет.
"Түшүнүшүмчө, учкучсуз учактар үчүн композиттерди чаптоого... Тагыраагы, жашы жете элек балдарды күнүнө 15 саат беткапчан иштей турган химиялык өндүрүшкө тартып жатышат", - дейт кыздын апасы.
Кызы студенттерге каникул бербей иштетүүнү мерчемдеп жатышканын да айтыптыр. Өспүрүм жумуш берүүчүгө композит тармагында иштегиси келбей турганын айтканда, психологиялык жактан кысым көрсөтө башташкан. Апасынын айтымында, кызды "мекенчил эмессиң" деп айыпташкан.
СОГУШКА ҮГҮТТӨГӨН ТАРБИЯ
Балдар менен "тарбиялык" баарлашуулар көп өткөрүлүп турат экен. Алардын айрымдарынын аудио жазуулары редакциябызда сакталуу. Алардын биринде эркектин үнү балдарга НАТО 2011-жылы эле Орусияга каршы гибриддик согуш баштаганын, бара-бара согуш "ачыкка" чыкканын айтат. Бирок ал киши Орусиянын Украинага кол салганы тууралуу үн катпайт. Марина бул жолугушуу 2023-жылы 16-июнда болгон деп ырастайт, аны болсо "Алабуга" ААКсынын башкы жетекчиси Тимур Шагивалеев өткөргөн.
Өз сөзүндө ал адам учурда технологиялык артыкчылык НАТО тарапта экенин айтат.
"Бирок "Алабуга" дүйнөдөгү эң мыкты технологияга ээ. Биз дүйнөдөгү эң заманбап өндүрүштү түптөйбүз. Ал эми өлкөбүздүн жана элибиздин мындан аркы тагдыры силерге жана бизге окшогон аз гана адамдардын колунда. Мамлекетибиздин жана элибиздин мындан аркы өнүгүшүнө баарылап салым кошо турган учур келди. Быйылкы жайда өлкөбүзгө жана "Алабугага" жардам бере аласыңар. Химиялык композит өндүрүшүндө операторлор катары. Жумуш оор. Респиратор, колкап кийип, 12 сааттык нөөмөт менен иштейсиңер. Эки күн иштейсиңер, эки күн эс аласыңар", - деген эркек кишинин сөзү ата-энелердин айтканын тастыктайт.
Жазуудагы үн каникулдан баш тартууга үндөйт. Атүгүл "апаңардын туулган күнү болсо да барбагыла" дейт. Сөзүнүн аягында ал: "Жашасын биздин улуу өлкөбүз!" - дегенде, балдар коштоп, үч жолу бир добуштан "ураа" деп кыйкырышат.
Редакцияда студенттер арасында жүргүзүлгөн үгүттүн башка үн жазуулары да бар. Алардын биринде аялдын үнү (Маринанын айтымында, ал билим берүү кластеринин административдик кызматынын жетекчиси Эльвира Фоминага таандык) "аллергиясы бар экенине байланыштуу ден соолугун тобокелге салууну" каалабаган кызга "кураштыруу майда моториканы өнүктүрөрүн" айтып үгүттөйт. Үн жазууда аял өндүрүшкө баруудан баш тарткандардын баарына басым жасаганын угууга болот.
"Idel.Реалии" окуу жайына суроо жолдоп, бирок макала жарыяланып жаткан учурда эч кандай жооп ала албады. Иликтөөчү Сергей Подсытник дагы "Алабуга Политех" суроолорду жоопсуз калтырып жатканын белгиледи.
"Биз [текст] чыга электе жетекчиликтен комментарий алууга аракет кылдык. Эльвира Фомина (билим берүү кластеринин административдик кызматынын жетекчиси – "Idel.Реалии") мени бөгөттөп салды, Тимур Шагивалеев Дарья Литвишконун (РЗВРТнын журналисти – "Idel.Реалии") билдирүүлөрүнө көңүл бурган жок. Сергей Алексеев болсо ("Алабуга" ААКсынын башкы жетекчисинин орун басары — "Idel.Реалии") тек биздин материалды создуктурууну чечти.
Бирок алардан комментарий алуу аракетинен эки күн өткөндөн кийин, "Алабуга Политехтин" Telegram каналында үгүт жүргүзгөн роликтер пайда болду. Аларда студенттер "мекен үчүн" 12 саат бою ыктыярдуу эмгектенип жаткандыгы жөнүндө айтып беришет", - деп жыйынтыктады ал.