Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:52

УКМК: Украинадагы согушка катышып келген кыргыз жараны кармалды


Шектүүнүн сүрөтүн УКМК 15-августта жарыялады.
Шектүүнүн сүрөтүн УКМК 15-августта жарыялады.

Нарын облусунун тургуну Украинадагы согушка катышып келгени аныкталып, камакка алынганын бүгүн 15-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал 1-августта кармалып, кылмыш иши сотко өткөрүп берилди.

УКМК ал Орусияга иштегени былтыр 22-февралда барып, кийин кылмыш жасаганы үчүн түрмөгө камалганын, ошол жерден “Вагнер” жеке менчик компаниясы аркылуу келишимдик негизде Украинага барганын маалымдады. Ошону менен катар Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” деген беренесине ылайык мындай кылмышка баргандардын мүлкү конфискация болорун жана беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертти.

Бул окуя тууралуу “Азаттык” 14-августта жазган. Украинадагы согушка катышкан Нарындын тургунун кийин туулган жерине кайтып келгенден үч аптадан соң күч органдары кармашканын, жакындары 27 жаштагы бул жаран аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сурап жатышканын кабарлаган.

Бул Кыргызстанда Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи окуя болуп калды. (RK/MiK)

XS
SM
MD
LG