Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын камераларынын биринде киши колдуу болду.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.
"Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат", - деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.
Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура 2-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөөнү баштаганын кабарлады.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту («өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакта, тергөө башталды.
"Бишкектин №1 тергөө абагынын (№ 21 мекеме) жетекчилиги боюнча иш атайын прокуратурага каттоого алынды. Азыр иликтөө башталды, бүткөндөн кийин жетекчиликке юридикалык баа берилет", - деди Сирожиддин Камолидинов.
Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү туугандарына 31-июлда берилип, 1-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылында жерге берилди.
Жумагуловдун кармалышы
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жумагуловду 15-июлда кармаган. Атайын кызмат ал опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалганын кабарлаган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15-июлда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды. Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү", - деп жазылган билдирүүдө.
Дагы караңыз "Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагулов кармалдыОшол эле күнү Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын карап, 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.
Ага чейин, 8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. Атүгүл интернетке "Мерседес-Геллендваген" үлгүсүндөгү жол тандабастын алдын тороп токтогон кичи автобустун ичинен атайын кийимчен кишилер чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрсөткөн видео да тараган.
Андан кийин УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогону тууралуу маалымат тараткан.
Бул күнү интернетте ички иштер министринин орун басары "Нурбек Абдиевдин атынан жазылган Жумагуловду кармоо боюнча багыттык маалымкат" деген сүрөт да жарыяланган. Көп өтпөй ИИМ бул маалыматты четке каккан билдирүү таратып, документ жасалма жана юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген.
Дагы караңыз "Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операция"Дөө Чыңгыз" аралашкан иштер
Кримчөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген ылакап ат менен таанымал 41 жаштагы Чыңгыз Жумагулов буга чейин бир нече жолу соттолгон.
Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени, Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жашай турганы айтылып келет.
- 2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган.
- 2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.
- 2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча актап, "Ээнбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан жана беш жылга абакка кескен.
- 2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган.
Криминалга каршы күрөш же...
"Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагуловдун өлүмү социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Айрымдар муну мурдагы президенттер башкарган жылдарга салыштырып, кыргыз бийлигинин криминалга каршы майнапсыз күрөшүн эске салышууда.
Кыргыз өкмөтү 2015-2020-жылдарга белгиленген Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча беш жылдык концепцияны кабыл алган. Ага ылайык, беш жылдын ичинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, мекеме аралык координациялык борбор түзүлүшү керек болчу. Ага ылайык криминал баш көтөргүс абалга жетмек. Бирок бул иштердин баары жасалган эмес. Ал тургай бийлик криминалды керек учурда саясий курал катары пайдаланганы айтылып келет.
2020-жылдагы элдик тополоңдон кийин келген бийлик Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы аёосуз күрөш боло турганын билдирген.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу бир нече жолу билдирүү жасаган.
Мисалы, 2021-жылы Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, криминалга катаал чара көрүлөрүн айткан эле.
"Түштүктө өзүнчө, түндүктө өзүнчө мафия бар. Бири мыйзамдагы ууру, экинчиси "положенец" болуп, керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга басым кылып, мамлекеттик ишканаларга кол сала баштаган. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби же башкасы башын көтөрүп көрсүн, жанчыйбыз. Бир дагы уюшкан кылмыштуу топ башын көтөрө албайт", - деген Ташиев.
Дагы караңыз Досоновду актоо криминал менен күрөшкө көлөкө түшүрдүбү?2020-жылы октябрь айында атайын кызмат "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевди кармаган. Ал төрт айдан кийин тилкат менен абактан бошотулган. УКМК 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.
Кыргызстанда кылмыш чөйрөсүндө жүргөндөрдүн киши колдуу болгону же табышмактуу жагдайда каза табышы мурда да катталган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы атыккан Рысбек Акматбаев 2006-жылы атып өлтүрүлгөн.
2014-жылы Бишкекте "Жин" деген каймана аттуу Алтынбек Арзымбаевди Бишкекте атып кетишкен. Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын тургуну 33 жаштагы Алтынбек Арзымбаев 2012-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, кийин мандатынан ажыратылган.
2011-жылы "адам уурдоо" жана "каракчылык" беренелери боюнча сыртынан айыпталып, эл аралык издөө жарыяланган кримтөбөл Алмамбет Анапияев 2015-жылы Беларуста киши колдуу болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин "Водолаз" деген каймана атка конгон кримчөйрөнүн өкүлү Максат Абакиров коронавирустан каза тапканы кабарланган.