Чоң сегиздин күн тартибинде: "Араб жазы"

Солдон оңго: Барак Обама, Дмитрий Медведев, Николя Саркози. Довил. 26-май

26-майда Франциянын Довил курортунда өнөр жайы өнүккөн Чоң сегиздин лидерлеринин эки күндүк саммити ачылууда.
Жыйында Ливиядагы кырдаал, Түндүк Африкадагы жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүрүп жаткан өзгөрүүлөр, глобалдык коопсуздук жана экономика маселелери талкууланат деп жоромолдонууда.

Лидерлер күн тартибиндеги ырасмий суроолордон башка да Эл аралык валюта корунун жаңы президентин дайындоо маселесин карашары айтылууда.

Чоң сегиз "чоң программаны" талкуулайт

Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн “Чоң сегиз” деп аталган тобуна АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана Орусия кирет.

Чоң сегиздин Довилдеги саммитинин эң белгиси.
Довилге чогулган Чоң сегиздин президенттери, маалыматтарга караганда, быйыл кыштан бери элдик козголуштун кучагындагы Араб өлкөлөрү менен Жакынкы Чыгыштагы демократиялык күчтөргө “экономикалык жана саясый колдоо көрсөтүү боюнча чоң программаны” талкуулай турганы калетсиз.

Бул жөнүндө саммит ачылар алдында болгон маалымат жыйынында Европа Кеңешинин төрагасы Герман ван Ромпей жана Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Барросу да жар салышты.

“Бул аймакта жашаган 400 миллион элдин демократиялык жана экономикалык мүдөөсүн колдоо айкын маселе. Араб дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр Чоң сегиздин бардык өнөктөштөрү үчүн аябай маанилүү. Европа үчүн, биз үчүн алар түштүк коңшуларыбыз. Биз алардын элин угуп, өз жардамыбызды сунуш кылышыбыз абзел”,- деп билдирди Ван Ромпей.

Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросу маалымат жыйынында. Довиль. 26-май.
Ал эми Хосе Мануэл Барросу Европа Биримдиги буга чейин эле айрым конкреттүү кадамдарды жасаганына көңүл бурду:

- Биз Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы демократиялык өзгөрүштөрдү бекем жана ачык колдогубуз келет. Биз эркиндик жана демократияга умтулгандар менен бирге болушубуз керек. Ошон үчүн Европа Биримдиги Жер Ортолук деңизинин түштүгүнө демократиялык кызматташуунун жана өнүгүүгө жардамдашуунун жаңы өнөктөштүгүн токтоосуз сунуш кылган.

Араб дүйнөсүндөгү демократиячыл жана реформачыл күчтөргө жардамдашуу планынын демилгечиси АКШ жана Британия десек жаңылыштык болбойт. Бул жөнүндө алгач Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон 25-майда Лондондо АКШ президенти менен кездешкен соң билдирген:

- Биз нааразылыкка чыккан жана эркиндикке, сый-урматка, ошондой эле адам укуктарынын негизги насил-нарктарына умтулган адамдарга күч колдонууга катуу каршыбыз. Ливиянын элин коргоодо НАТО альянсы жана өнөктөштөр менен чогуу иштөөбүздүн бир себеби ушунда. Каддафи карапайым элге чабуул жасап жатканда операцияны токтотпойбуз. Азыр Каддафиге каршы иштечү убакыт. Ал бийликтен кетип, Ливияны Ливия элине калтырышы керек.

Барак Обама: Сөздөн ишке өтчү кез келди

Барак Обама Лондондогу маалымат жыйынында сүйлөп, Тунис жана Египетти ондогон жылдар башкарган президенттер кулатылгандан
Д. Медведев жана Б. Обама Довилде. 26-май.

кийин, бул эки өлкө инвестицияга муктаж экенин баса белгилеген:

-Ушу азыр биз сөзүбүздү иш менен колдоорубузду көрсөтүшүбүз керек. Бул соода жана коммерциялык байланышты тереңдетип, эркиндик элге жыргалчылык алып келээрин көрсөтүү үчүн Тунис жана Египет башындагы демократияга өтүп жаткан өлкөлөрдүн келечегин инвестициялоо жана көмөктөшүү дегенди билдирет.

Вашингтон Тунис менен Египеттеги демократиялык өзгөрүүлөр регион үчүн өрнөк болуусун каалайт. Мамкатчы Хиллари Клинтон жана финансы министри Тимоти Гайтнер Чоң сегизге 25-майда жолдогон катында “оңтойлуу учурду колдон чыгарбай” береги эки өлкөдө саясый реформалардын ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына көмөктөшүү орток кызыкчылыкка ылайыктуу экенин жазышкан.

Саммитте, арийне, элдик чыгуулар айоосуз басылган Сириядагы кырдаал жөнүндө да кеңири сөз болот. Евробиримдик кан төгүүлөргө байланыштуу президент Башар Ассадга каршы санкция киргизген. Аны Вашингтон колдогон. Мындай чарага Сириянын эзелки союздагы Орусия каршы чыгууда.

Жыйында Эл аралык валюта коруна төраганын талапкерлиги да каралмакчы. Мурдакы төрага, француз Штросс-Кан аял зордуктамак болду деп айыпталгандан кийин, өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Анын ордуна Франция финансы министри Кристин Лагардды көрсөтүп, сунушту бир катар Европа өлкөлөрү жактырган. Бу сунушка БРИКС тобу: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка апта башында каршы чыккан. Бирок Кытай МВФтин жаңы башчысы демократиялык жол менен тандалыш керек деп, мунаса мүмкүн экенине ишара кылды.