Ала-Тоо Ноорузду тоскон жок

Ала-Тоо аянты. Бишкек. 

Дүкөн кыдырып жүргөн аял. Бишкек шаары. 

Ош шаарында коопсуздукту көзөмөлдөп жаткан милиция кызматкерлери. 

Ош шаарында 20-марттан баштап коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды.

Ош шаарына карантин киргизилгенден бери сейил бактар бош калды. 

Жол боюнда келе жаткан кыз. Ош шаары. 

Ош шаарында коомдук транспорт токтоп, такси кызматы күч алды. 

Мөмө-жемиш сатып жаткан кыз. Ош шаары. 

Баткен облусунда коронавирус жуктуруп алган адам аныкталганына байланыштуу Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди.

Баткен шаары. 

Кичи автобуста бара жаткан жүргүнчүлөр. Бишкек шаары. 

Быйыл, 21-март Нооруз күнүнө карата иш-чаралар токтоп, Ала-Тоо аянты бош калды. 

Көчө жууп жаткан "Тазалыктын" кызматкелери. Бишкек шаары. 

Жалал-Абад шаарына сырттан кирүүгө чектөө коюлду.

Милиция кызматкерлери шаарындын кире берише блокпостторду орнотуп жатат. Жалал-Абад шаары. 

Ысык-Көлдүн кире беришине блокпосттор коюлат. Көзөмөл постунда дарыгер, милиция жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турат. 

Кызматкер Балыкчы шаарындагы көзөмөл постун дезинфекциялап жатат. Ысык-Көл. 

COVID-19 аталышындагы коронавирус жайылып кеткенине байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулуп, Кыргызстан жылдагыдай Ноорузду майрамдабай калды.