COVID-19: Индиядагы дары өндүрүү, “J&J” вакцинасы жана башка кабарлар

Пкистандык карыя кытайлык "Синофарм" вакцинасы менен эмделүүдө. Пешавар. 2021-жылдын 11-марты.

Дүйнө жүзүндөгү коронавируска каршы күрөштөгү айрым кабарлар. 2021-жылдын 13-мартына карата маалымат топтому.

АКШ, Индия-Тынч океанынын лидерлери виртуалдык саммитте коронавирустук вакцинанын өндүрүшүн көбөйтүүгө убада беришти

АКШ президенти Жо Байден жана Австралия, Индия жана Жапониянын лидерлери Индияда коронавирус вакцинасын өндүрүүнү мындан ары да кеңейтүү планы тууралуу макулдашты.

Билдирүү “Төрттүк” деп бейрасмий аталган өлкөлөр тобунун жетекчилеринин 12-мартта өткөрүлгөн онлайн отурумунан кийин жарыяланды.

Дагы караңыз ДССУ жана ЮНИСЕФ: Дүйнөдө вакциналар адилет бөлүштүрүлсүн

Бул – АКШга Жо Байден президент болуп калгандан кийинки учурда Индия-Тынч океан аймагы үчүн өткөрүлгөн жогорку мамлекеттик жетекчилердин деңгээлиндеги алгачкы виртуалдык отурум болуп калды.

Байдендин өкмөтү Кытайдын аскердик жана экономикалык кубаты улам өсүп жаткандыгына байланыштуу Индия-Тынч океан аймагына көбүрөөк басым жасоого умтулууда.

Байден бул аракеттерди “Индия-Тынч океанынын бүткүл аймагына пайда алып келүү үчүн... вакцина өндүрүшүн өркүндөтүүгө багытталган жаңы, дымактуу биргелешкен өнөктөштүк” катары мүнөздөдү.

Төрттүктүн лидерлери жарыялаган биргелешкен билдирүүдө: "Биз мамлекеттерибиздин медициналык, илимий, каржылоо, өндүрүү жана жеткирүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн бириктиребиз жана вакцинанын коопсуз жана натыйжалуу бөлүштүрүлүшүнө багытталган милдеттенмелерибизди жүзөгө ашыруу үчүн вакцина боюнча адистердин жумушчу тобун түзөбүз", – деп айтылган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Индиянын тышкы иштер министри Харш Вардхан Шрингла. Москва. 2021-жылдын 17-февралы.

Индиянын Тышкы иштер министри Харш Вардхан Шрингла төрт тараптуу виртуалдык саммиттен кийин өлкө борбору Нью-Делиде өткөргөн маалымат жыйынында бул кызматташтык "эң ургаалдуу жана баалуу" болду деп айтты.

Серепчилердин айтымында, төрт мамлекеттен турган бул топ дүйнө жүзүндөгү эмдөөлөрдү кеңейтүүнү каалап чектелбестен, Кытайдын Түштүк-Чыгыш Азияда жана дүйнө жүзү боюнча өсүп жаткан эмдөө дипломатиясына каршы турууну да көздөп жатат.

Индия – дүйнөдөгү вакцина жана дары-дармек чыгаруучу эң ири демократиялуу өлкө.

Дүйнөдө коронавируска каршы сунушталган айрым вакциналардын салыштырма жадыбалы. Би-Би-Си. 23.11.2020.

ДССУ J&J вакцинасын жактырды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) америкалык “Жонсон & Жонсон” компаниясынын Covid-19 илдетине каршы “J&J” вакцинасын расмий жактыргандыгы кабардалды.

ДССУнун “J&J” вакцинасына берген уруксаты дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдө вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган “COVAX” вакцина жабдуу долбоорун кошумча 500 миллион доза менен камсыздоого жол ачат.

Буга чейин эле ДССУ “Pfizer / BioNTech” жана “Moderna” деп аталган эки дозалуу вакцинаны коронавируска каршы эмдөөдө колдонууга макулдук берген.

“J&J” вакцинасы жакыр өлкөлөрдө вакцинаны жеткирүүдөгү логистикалык көйгөйлөрдү жоюуга жардам берет деп күтүлүүдө, анткени ал – бир гана дозага негизделген дары зат жана аны үйдөгү демейдеги муздаткычта эле үч айга чейин сактоого болот.

Дагы караңыз ДССУ AstraZeneca вакцинасынан баш тартпоого чакырды

АКШ эмдөө жүрүмүндө 100 миллион кишилик середен ашты

АКШнын президенти Жо Байден 1-майга чейин бардык эрезеге жеткен кишилерди эмдөөгө мүмкүн кылуу максатын жарыялаган күндөн бир күн өткөндөн кийин, бул өлкө 100 миллион кишини вакцина менен эмдөө чегинен ашты.

Дагы караңыз Байден коронавирус менен күрөшүү планын сунуш кылды

Бул жагымдуу өнүгүү январь айынан бери АКШда илдетти жугузуп алуунун жаңы учурлары, ооруканага жаткыруулар жана вирустун айынан өлүм көрсөткүчү кескин азайып, анын аркасында коронавируска каршы чектөөлөрдү бошоңдотуп, өз экономика тармактарын кайра ачууга киришкен штаттардын саны өсүп жаткан мезгилге туура келди.

Бирок саламаттыкты сактоо жаатындагы адистер калктын көпчүлүгү эмделе электе чектөөлөр мындан ары жеңилдетилчү болсо, анда коронавирустун жайылышы өлкөдө кайра күчөп кетиши ыктымал деп эскертишүүдө.

АКШнын "Johnson & Johnson" компаниясынын вакцинасы.

Айтмакчы, америкалыктардын 62% бөлүгү эмделбеген жүргүнчүлөрдү аба каттамдарына алууга тыюу салууга макул.

Коронавируска каршы эмделүүнү жактагандардын жана COVID-19 вакцинасын алуудан баш тарткан кишилерге ар кандай чектөөлөрдү киргизүүнү колдогондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу “Рөйтерс» агенттигинин буюртмасы боюнча “Ipsos” уюму тарабынан жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы тастыктады.

Венгриянын учагы Кытайдын "Синофарм" вакцинасынын алгачкы тобун жеткирди. Будапешт. 2021-жылдын 16-февралы.

Европадагы кырдаал – опурталдуу бойдон

Европада вакцина менен эмдөө агымы өтө жай жүрүп жаткандыктан, коронавирустун жайылышынын үчүнчү толкуну тууралуу санааркоолор күч алууда.

Мында коронавирустун жаңы түрлөрү тез жайыла башташандыктан, Балкан өлкөлөрүнөн Балтика боюна чейинки ири аймакта чектөөлөрдү катаалдатууга, чек араларда санитардык көзөмөлдү киргизүүгө, каттамдардын санын азайтууга аргасыз болушту.

Дагы караңыз Европада коронавирусту жугузуп алгандар кайра көбөйдү

Евробиримдиктин беш мүчө өлкөсү (Австрия, Болгария, Латвия, Словения жана Чехия) ЕБнын жетекчилигине кайрылып, вакцина менен камсыз кылууда теңчилик жана калыстык болушун талап кылышты.

Италия католиктер жана протестанттар тарабынан быйыл 3–5-апрелде белгиленүүчү Пасха майрамы маалында карантин киргизиле тургандыгын алдын-ала жарыялады.

Азербайжанда жапырт эмдөө үчүн "Sputnik V" вакцинасы колдонулат. Мындай чечимди өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабыл алды.

Түркия КЭРден дагы 50 миллиондой “Синовак” вакцинасын алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө. Былтыр декабрда бул өлкө Кытайдын ушул вакцинасынан 50 миллион доза алууга жетишкен.

Дагы караңыз ДССУ: Коронавируска каршы карантинди жеңилдетүүгө эрте

Армениянын президенти Армен Саркисян медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин "ишке кайтып келгени" кабардалды

Армениянын президенти Армен Саркисян медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин "жумушчу режимге" кайтты, деп анын кеңсеси 12-мартта кечке жуук билдирди.

Жума күнү таңга маал армян президентинин администрациясы Саркисян COVID-19 менен байланышы бар деп шектелген жана ачыкталбаган диагноз боюнча Еревандагы медициналык клиникада изилдөөдөн өткөнү тууралуу билдирген болчу.

Саркисянда, быйыл январда Лондондо операция жасап жаткан кезинде, коронавирус табылган жана кийинки айда Арменияга кайтып келгенге чейин ал Улуу Британиянын борборунда дарыланган.

Президент Армен Саркисян. 2020-жылдын 25-декабры.

Дагы караңыз Кытай жарандарына "эмдөө паспортун" бере баштады

Кытайда эмдөө чамдады

Кытайда жугуштуу коронавируска чалдыккандардын саны кескин азайды жана эмдөө жүрүмү тездеди. 13-марттын таңына карата КЭРде 7 гана киши бул илдетке чалдыккан жана эч өлүм катталган жок.

Кытайда коронавируска каршы эмдөө былтыр 15-декабрда башталды. Бул өлкө өзү өндүргөн COVID-19 илдетине каршы вакциналарды («Синофарм» / Бээжин; «Синофарм» / Ухан; «Синовак» ж.б.) гана эмдөөдө колдонууда. Кытайга кире турган болжолдуу туристтерден да ушул вакциналар менен сайынууну өтүнүшүүдө.

Кытайлык "Синофарм" вакцинасы Иранга жеткирилди. Имам Хомейни атындагы аба майданы, Тегеран. 2021-жылдын 28-февралы.

Жалпысынан, коронавирус илдети 13-марттын таңына карата бүткүл дүйнөдө 119 мил лион 729 миң 485 кишиде аныкталган. 2 миллион 653 миң 829 киши «COVID-19» диагнозу менен көз жумган. Ал эми 96 миллион 353 миң 507 бейтап бул оорудан айыгып кетти.