Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Европада коронавирусту жугузуп алгандар кайра көбөйдү


Брюсселдеги ооруканалардын бири, Бельгия. 2020-жылдын 28-февралы.
Брюсселдеги ооруканалардын бири, Бельгия. 2020-жылдын 28-февралы.

Батыш Европада алты аптадан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны азайып келгени менен соңку бир жуманын ичинде илдетке чалдыккандар кайра көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча регионалдык директору Ханс Клюге билдирди.

Анын айтымында, акыркы жети күндүн ичинде Европада 1 миллион адамдан коронавирус табылды. Бул андан бир жума мурдагы көрсөткүчкө караганда 9 пайызга көп.

Ханс Клюге статистиканын көбөйүшүнө чөлкөмдө коронавирустун жаңы варианттары жайылып жатканын жана чектөөлөр “коопсуз жана көзөмөлдөгөн шартта” алынбаганын себеп катары көрсөттү.

Коронавирустун “британиялык” деген атка конгон жаңы штаммы Европанын кеминде 27 өлкөсүндө табылды.

Европадагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери континенттеги 30 өлкөдө 22,5 миллион адам коронавирусту жугузуп алды. Алардын 547 миңдейи COVID-19 илдетинен көз жумду.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 7-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирус 116 миллион 607 адамдан аныкталса, алардын 2 миллион 589 миңден ашууну кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG