"Бишкектеги ышты жоготуу үчүн саясий эрк керек"

Британиядагы Лондон империялык коллежине караштуу Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Грэнтэм изилдөөчү институтунун директору, профессор Элизабет Робинсон.

Акыркы күндөрү Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты. Глазгодо Бириккен Улуттар Уюмунун COP-26 саммитинде абанын булганышына себеп болгон эң чоң көйгөйлөр талкууланып жатат.

Булганыч абадан арылуунун жолдору тууралуу Британиядагы Лондон империялык коллежине караштуу Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Грэнтэм изилдөөчү институтунун директору, профессор Элизабет Робинсон “Азаттыкка” маек курду.

- Акыркы жылдары Кыргызстандын борбору Бишкекте абадагы уулуу заттардын көрсөткүчү аябай эле жогору экени айтылып келет. Эл мындай шартта эмне кылышы керек? Илимпоз катары кандай кеп-кеңеш бере аласыз?

- Абанын булганышы өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн абдан зыяндуу. Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар, астма дартынан жабыркагандар, улгайгандарга жана балдарга, дегеле баарыбызга кыйын. Булганыч абадагы абдан майда уулуу заттар (PM 2,5) биздин өпкөбүзгө терең кирип, орун алат да чыкпай калат. Анан адамда ар түрдүү оорулар келип чыгат.

Бишкектин чок ортосундагы ыш.

Тилекке каршы, Бишкектеги көрсөткүчтөр үрөй учургудай. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча РМ2,5тин көрсөткүчү элүүдөн ашпашы керек. Ал жүзгө жеткенде адамдар абадагы зыяндуу заттарды сезип, кыйналышат.

Ыш өтө каптаганда эмне кылуу керек? Биринчиден, сыртка чыкпаш керек, сыртка чыгууга туура келсе, атайын коргоочу беткап тагынуу зарыл. Алар кадимки биз кийип жаткан медициналык беткаптан айырмаланып, абаны тазалайт. Булганыч аба үйгө да кирет, үйдүн ичинде аба тазалаган жабдуу болушу керек. Бирок мунун баары жакыр катмар үчүн кымбатка турат. Өкүнүчтүүсү көпчүлүктүн жогоруда айтылган чараларды сактаганга чамасы чак. Баса, мындай булганыч абада сыртка чыгып дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарууга да болбойт.

Дагы караңыз Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи сапка чыкты

- Жакыр жашаган өлкөлөр абанын булганышы менен кантип күрөшсө болот?

- Аба эки себептен булганат, биринчиси көмүр жагуу, экинчиси машинеден чыккан ыш. Кирешеси жогору өлкөлөрдө мындай факторлор дээрлик жок. Азыр Батышта машинелер бензин менен жүрбөй калды десем болот. Бирок, жакыр, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө албетте, каражат керек. Бул тууралуу дал ушул БУУнун COP-26 саммитинде көп сөз болуп жатат. Климаттык каржылоо, жакыр өлкөлөрдүн жашыл, зыянсыз технологияларга ыңгайлашуусуна каражат берүү ушул жыйындын эң чоң темасы экени жалпыга маалым.

Эгер кайсы бир мамлекет энергияны табиятка зыянсыз жолдор менен алса, демек ал жеке эле абаны тазартып тим болбой, өз калкынын саламаттыгына, туруктуу келечегине кам көрүп жатканын билдирет.

Дароо эле жашыл технологияга өтүп, көмүр, бензинден баш тартуу өтө кыйын. Алгач мамлекет коомдук транспортту электр менен жүргүзгөндөн кийин, менчик унаалардын свет менен жүрүшү кийинки кадам болушу керек. Мунун баары эбегейсиз каржылык ресурсту жана убакытты талап кылат. Ошентсе да элдин саламаттыгы, келечеги үчүн абдан чоң пайда алып келери шексиз.

- Болжол менен Кыргызстандай чакан өлкө үчүн канча убакыт жана каражат талап кылышы мүмкүн, каражатты кайдан алса болот?

- Чындыгында, мунун эсебин азырынча биз санап көрө элекпиз. Дегеле жашыл экономикага өтүүнүн эсебин чыгаруу да бир аз татаал болуп турат. Дагы бир көйгөй, кирешеси аз өлкөлөр каражат табууда кыйналат. Ушундан улам дүйнөдө 7 миллион адам абанын булганышынан улам көз жуумп жатпайбы. Адамзатка тийгизген таасири өтө эле оор. Эгерде мамлекет адам өмүрүн биринчи орунга койсо, экономикасын да ошол багытта жүргүзөт.

Дагы караңыз Көмүргө көз каранды Борбор Азия

- Анда абаны тазартууга саясий эрк керекпи?

- Ооба, биринчиден туура мамлекеттик саясат жана каражат болушу керек. Саясатка келсек, көйгөйдү чечүүнүн үч жолу бар, биринчиси элди сабаттуулукка үйрөтүү, экинчиси тартипти көзөмөлдөө, үчүнчүсү салык. Тартипти көзөмөлдөө деген эмне? Айрым өлкөлөр шаардын борбордук бөлүгүнө кирчү машинелердин санын азайтат, эски, абага уулуу заттарды көп бөлүп чыгарган машинелерге салыкты көп өлчөмдө салат. Маселен, Британияда машинелер үчүн атайын стандарттар бар. Эгер машине эски болсо, абага ышты көп чыгарат. Ошого жараша анын ээси да салыкты көп төлөшү керек.

Ошол эле маалда мамлекет элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, коомдук транспорттун таза, жашыл, зыянсыз түрлөрүн көбөйтүп, элдин жөө жана коопсуз шаарда жүрүшүнө шарт түзөт. Жакыр өлкөлөрдөгү эң чоң маселе – көмүрдөн баш тартуу менен абага ыш бөлүп чыгарган менчик автоунаалардан арылуу. Мамлекет бул эки чоң маселени саясий эрктин күчү менен, казынадагы каражат аркылуу чече алат, болбосо эл аралык донорлордон жардам алышы керек. Азыр байгер өлкөлөр жакыр мамлекеттердеги мындай көйгөйдү чечүү үчүн акча берүүгө даярбыз деп жатышпайбы.

Дагы караңыз Климат: Күн энергиясы, абаны булгаган тоют 

- Бирок сиз экөөбүз отурган COP-26 саммитинде каражат бөлүнөт деген сөздү аябай көп уктук, бирок конкреттүү баланча өлкөгө мынча сумма берилет деген нерсе жок го?

- Туура айтасыз, COP-26 саммитинде миллиарддаган долларлар жылына берилип турат деген сөздөр 11 жылдан бери эле байгер өлкөлөр тарабынан айтылып келет.

Негизи мындай каражатты алуу ар бир мамлекеттин дараметине жараша, анда отурган бийликтин сабаттуулугу, саясий эркине карай ишке ашат. Эгер Кыргызстандын бийлик чындап эле абаны тазартып, элдин туруктуу, таза энергия менен камсыз болушун ишке ашыргысы келсе, аны ишке ашырууну көздөгөн бийликте сабаттуу кадрлар болсо, ошол долбоорлорду акча беребиз деген байгер өлкөлөргө, эл аралык донорлорго жеткиликтүү түшүндүрүп берсе, анда албетте ийгиликке жетише алат. Албетте, бул багытта иштеген адамдардын баарынын климаттык өзгөрүүлөр, адаптациялык пландар боюнча мыкты билими болушу шарт.

Жакыр өлкөлөр тез арада абалын жакшыртып алууну көздөгөндөй эле, кирешеси чоң мамлекеттер жанындагыларга жардам программаларын иштеп чыгууда. Тилекке каршы, жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө абанын булганышы, калкынын саламаттыгы, келечегине абдан оор таасирин тийгизип жатат, бийлик аны тез арада чечпесе, кесепети ондогон жылдардан кийин өтө оор формада билинет. Кирешеси аз өлкөлөр жакырчылыктан чыгуунун ар түрдүү жолдорун издесе да, калктын саламаттыгына зыянын тийгизген абанын булганышы сыяктуу негизги көйгөйлөрдү жоготмоюнча туруктуу өнүгүүгө жетүү мүмкүн эмес.