COP-26 саммитине катышкан дүйнө лидерлери убададан калың берип, алдыдагы 100 жылда айткан сөздөрүн аткарбаса адамзат үлкөн кырсыкка кабыларын бир ооздон жар салышты да, Шотландиядан учуп кетишти. Саммиттин экинчи бөлүгүндө калган эл аралык уюмдар, мамлекеттер өздөрүндөгү өзгөрүүлөр, көйгөйлөр тууралуу талкууларды улантышууда. Ал арада Глазго көчөлөрүндө жаштардын, ал тургай кичинекей балдардын климаттык адилеттүүлүктү талап кылган акциялары болуп жатат.
Африка өлкөлөрүндөгү жөнөкөй кадамдар
Африкада жашаган 118 миллион жакыр адам дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүнүн абдан оор таасирине дуушар болууда. Кургакчылык, суу каптоо, абанын ашыкча ысышы бул чөлкөмдөгү карапайым калктын шайын оодарды. Ушундан улам Бириккен Улуттар Уюму “2020-жылдагы Африка чөлкөмүндөгү климаттын абалы” деген отчетту 29-октябрда жарыялаган.
БУУ дүйнөлүк коомчулукту Африкадагы климаттык эң оор шартта жашагандарга өзгөчө көңүл бурууга чакырууда. Конго дарыясы катуу кирип, Алжир менен Мароккодо катуу жааган жаан инфратүзүмдү талкалады. Мозамбик, Сомали сыяктуу өлкөлөрдө да суу каптоо менен кургакчылык ансыз да жакыр жашаган каклтын шайын оодарды. Африка өлкөлөрү биримдигинин Айыл чарба жана экономика боюнча комиссары Жозефа Леонел Коррейа мындай кырдаал уланса жылдан жылга аймактын ички дүң өнүмү түшө берерин эскертет.
“Сахара чөлүнүн түштүгүндө жайгашкан Африка өлкөлөрүнүн ички дүң өнүмү 2050-жылга чейин 3% төмөндөшү мүмкүн. Мындай кырдаал калктын климатка ыңгайлашуусу жана туруктуулук боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Себеби, чөлкөмдөгү адам ресурсу да мындан абдан жабыркап жатат”.
Анткен менен калктын жөнөкөй катмары, экологиялык активисттер мындай кырдаалдан чыгуунун жолдорун өз алдынча издеп жатышат. Маселен, 53 миллион калкы бар Кенияда 2020-жылы азык-түлүктүн баасы кымбаттап, айыл чарба тармагында бир топ кыйынчылыктар келип чыкты.
Глазгодогу COP-26 саммитине келген активист Карсон Кибуро түшүм ала албай кыйналган кениялык дыйкандардын көйгөйүн чечүү аракетинде. Ал Баринго облусундагы дыйкандарга эл аралык уюмдардын жардамы менен сугат сууну талап кылбаган өсүмдүктүн уругун алып берген:
“Талаалары өтө чоң эмес, чакан ишмердүүлүк кылган дыйкандарды колдоо программасын иштеп чыктык. Ага ылайык кургакчылыкка түткөн тоют чөптүн уруктарын эл аралык уюмдардын колдоосу менен сатып алып, бекер таратып бердик. Чөптү туура айдап өстүрүү боюнча да кеңештерибизди улам айтып турдук. Тажрыйба катары Кениянын Баринго деген аймагын алганбыз. 2020-жылы пандемиянын кесепети, кургакчылык, табият кырсыктарынан кыйналып турган дыйкандарга сугатты талап кылбаган тоют чөп өтө пайдалуу болду. Айрыкча, малды жаюуга ыңгайлуу жайыттарыбыз да калбай баратат. Мунун баары жергиликтүү элге экономикалык жактан терс таасир этүүдө. Мен БУУнун климаттык саммитине бейөкмөт уюмдун өкүлү катары келип, өз өлкөмдүн дыйкандарына дагы көбүрөөк урук алып берүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдү издеп жүрөм. Бир эле Баринго менен чектелбей, башка аймактарга да климатка туруктуу тоют өсүмдүгүн айдоону жайылтууну көздөйм”.
Бангладеш - май чырактан күн энергиясына өткөн жол
Мындан 15-20 жыл мурда Бангладеште кечкисин эл май чырак менен отурчу. Электр энергиясы, таза суу Азиянын өнүгүп келе жаткан бул өлкөсү үчүн алыскы кыялдай сезилчү. Бирок 2003-жылдан тарта өлкөдө энергетикалык стратегия өзгөрүп, күндөн энергия алган панелдер орнотула баштады. Азыркы тапта 25 миллион адамдын үйүнө дал ушул күн батареялары жарык берет. Бул долбоор мамлекеттик жана менчик компаниялардын өнөктүгү менен ишке ашты.
Бангладештин Таза энергия булактары боюнча мамлекеттик департаментинин жетекчиси Мухаммад Аллауддиндин айтымында, күндөн энергия өндүргөн панелдерди өлкө эми экспорттоп баштады. Африканын айрым өлкөлөрүнө Бангладештин компаниялары күндөн кубат алчу станцияларды орнотууда. Аллауддиндин айтымында, күн панелдери орногондон бери элдин билим деңгээли да артты. Себеби, буга чейин май чырактын айынан балдар кечкисин сабак окуй албай кыйналып келген:
“Элестетиңиз, жылына 4 миллиард литрден ашык керосин жагып, үйүндө эч кандай электр энергиясы жок өлкөнү. 20 жылга жетпеген убакытта чоң секирик жасай алдык. Азыр ал тургай айылдагы балдарыбыздын билим деңгээли бир аз көтөрүлө түштү. Анан калса күндөн энергия алуу менен климатка эч кандай зыяныбыз тийген жок да. Бул программаны мамлекет өзү жалгыз ишке ашыра алмак эмес. Баары мамлекет менен менчик компаниялардын ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашууда. Эки тарап тең бул системага өтүү менен чоң утушка ээ болду. Калкка энергиянын арзан жана жеткиликтүү болушун бийлик көзөмөлдөйт. Ал эми станциялардан түшкөн киреше менчик компаниялардыкы. Бизде суунун запасы аз, өтө тез көбөйгөн калкты тейлөөгө гидроэлектр станцияларыбыздын кубаты жетмек эмес. Минтип абалдан чыгуунун жөнөкөй, тез жолун таптык”.
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 2003-жылдан 2018-жылга чейин бул долбоор Бангладеште көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгуусун болжол менен 9,6 миллион тоннага азайтты. Үйдүн ичиндеги аба тазарып, 4,4 миллиард тонна керосин жагуу токтоду.
Австралия абаны булгаган малдын тоютун өзгөртөт
COP-26 саммити башталаардын алдында Австралиянын бийлиги “планетаны сактайбыз деп, калктын көпчүлүгү алектенген айыл чарбаны талкалай албайбыз” деген билдирүү жасады. Өлкөнүн вице-премьер-министри Барнаби Жойстун 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газын 30% азайтуу үчүн “мылтык менен эле уйдун баарын атып салууга туура келет” деген сөзү дүйнөлүк басылмаларда бир топ талкууланды.
Австралиянын парламентиндеги кызуу талаш-тартыштан кийин Барнаби Жойс премьер-министр Скот Моррисон менен 28-октябрда айыл чарбасын Улуттук салым программасынан алып салууну макулдашты. Бул кадамга өлкөдөгү активисттер нааразылык билдирип, бир катар демонстрациялар өттү. Австралиянын бийлиги көмүр кычкыл газы менен күрөшүү айыл чарбаны эле эмес, табигый газ, көмүрдүн өндүрүшүн да азайтып, өлкөнүн жөнөкөй тургундарынын жашоосун татаалдаштырат деген БУУнун климаттык саммити көздөгөн максаттарга карама-каршы позицияда турат.
Анткен менен Глазгодогу COP-26 саммитине келген Австралия делегациясы климаттык өзгөрүүлөргө өз өлкөсү ири салым кошорун эл аралык деңгээлде айтты.
Австралия өкмөтүнүн климаттык саясат боюнча координатору Жеймс Ларсен “Азаттыкка” малдын санын азайтпаса да, тоюттун сапатын жогорулатуу менен абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газынын деңгээлин төмөндөтүү багытындагы иштерге токтолду.
“Австралия айыл чарбасындагы зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышына карата өтө олуттуу мамиле жасайт. Маселен, дыйкандарды алсак, өлкөнүн Дыйкандар биримдиги 2050-жылга чейин көмүр кычкыл газын нөл деген даражага жеткирүүнү көздөйт. Бул үчүн илимпоздор менен бирге малга берген тоюттун сапатын арттыруу, климатка зыяны жок тоюттун түрүн чыгаруу жаатында изилдөөлөр ишке ашууда. Чындыгында, Австралияда айыл чарба тармагы өлкөнүн эң эле приоритеттүү, элдин көбүнүн киреше булагы болгон тармак. Ушундан улам малдын жеген жемин, тоютун байытуу аркылуу 2005-жылдан бери биз абага малдан бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газын 20,8% азайта алдык. Албетте, буга илимий жаңы тажрыйбалар чоң өбөлгө болду. Мындан ары да ушул саясатты уланта бермекчибиз”.
Улуттар уюмунун изилдөөсүнө ылайык, глобалдык климаттын жылдан жылга ысып баратышына дал ушул эт-сүт азыктарын өндүрүүгө деп багылган малдан бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы 14,5%га жооптуу. Экологдор дүйнө лидерлерин фермаларда багылган малдын башын азайтууга, эт азыктарын күнүмдүк тамак-ашта пайдаланууну төмөндөтүүгө үндөп келатышат. Ушундай маалымат кеңири тараган алдыңкы Батыш өлкөлөрүндө 30 жашка чейинки жаштар арасында малдын этин таптакыр жебей калган веган жана вегетариандар кыймылы кеңири жайылууда.
Британиянын климаттык сабаттуулукту эрте окутуу саясаты
COP-26 саммити өтүп жаткан Глазго шаарында күнүгө климаттык активисттердин демонстрациялары өтүүдө. Кызыгы, ага катышкандардын көпчүлүгү мектеп окуучулары. 6-7 жаштагы мектептин балдары “Келечегибизди сактап калалы”, “Жерден башка жашай турган планетабыз жок” деген жазуулары бар плакаттарды, өздөрү тартып алган сүрөттөрдү көтөрүшүп, бийлеп, кыйкырып турушат.
Британияда айлана-чөйрөнү таанытуу бала төрт жашка чыккандан тартып башталат. 2014-жылдан бери “Эрте жаштан окутуу программасы” деп аталган экологиялык билим берүү жараяны бекиген. Ага ылайык, балдар кичинесинен эле табиятты таануу, анын көйгөйлөрү тууралуу маалыматтарды алып, аны жөн гана китептеги билим бойдон калтырбай, дыйкан чарбаларына барышат, биотүрдүүлүктүн мааниси тууралуу жаратылышта сабактар өтүлөт. Мындай билим берүү оюн формасында башталат.
“Эрте жаштан окутуу программасы” балдарды климаттык активисттикке, жаратылышты коргоого карата сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүп, өндүрүштүн ар кыл багытындагы адистер менен жолугушуулар болот.
Британиядагы экологиялык билим берүү боюнча белгилүү блогер, илимпоз Дианна Коувн билим берүү жаатындагы иштер тууралуу айтып берди:
“Маселен, өзөктүк энергетика жаатындагы өндүрүштүн эң эле ийгиликтүү мисалы катары жергиликтүү эл менен болгон тыгыз байланышыбызды айтып бере алам. Биз балдарга өзөктүк энергетика же дагы башка энергиянын таза булактары айлана-чөйрөгө зыянсыз экенин башталгыч класстардан эле айтып бере баштайбыз. Биздин кызматкерлер мектептерге барып, балдарга энергия булактары тууралуу лекцияларды окушат. Мындан тышкары жаштардын климатка зыянсыз энергия булактарын терең изилдөөсү үчүн атайын коллеждерибиз бар. Аны окуп бүткөн улан-кыздар энергетика жаатында адистешип чыгышат. Деги эле энергия тармагындагы өндүрүшчүлөр үчүн өтө маанилүү нерсе – коомчулук менен тыгыз байланыш куруу. Жөн гана энергия булагын берип, анын кайдан, кантип келип жатканын түшүндүрүп, сабаттуулукту арттыруу менен булганган газдардын бөлүнүп чыгышын азайтууга мүмкүн”.
БУУнун 26-климаттык саммити жеке эле лидерлердин кайрылуусу, убадасы менен чектелбей, энергетика тармагындагы кайра калыбына келчү технологияларды чыгарган компаниялардын, эл аралык деңгээлде өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүшүн шарттаган бейөкмөт уюмдардын жана климаттык өзгөрүүлөрдү изилдеген илимпоздордун башын бириктирген чоң жыйын. Андагы ар бир өлкөнүн жана аймактын павильондорунан климаттык көйгөйлөрдөн тышкары аны жеңүүгө багытталган жөнөкөй жолдор тууралуу маалыматтарды берүү 12-ноябрга чейин уланмакчы.