Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

АКШ Париж келишими боюнча шарт койду


АКШ зыяндуу газ бөлүп чыгаруу боюнча алдыда турган эки өлкөнүн бири.
АКШ зыяндуу газ бөлүп чыгаруу боюнча алдыда турган эки өлкөнүн бири.

Бул дем алышта Париж келишими боюнча кайрадан сөз кызыды. Канадада 30 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жыйында Трамп экология жаатындагы бул келишимден чыкпай турган болду деген сөз тарап кеткен. АКШ муну четке кагып, өз талаптары аткарылса гана жамааттык мунасада кала берерин билдирүүдө.

Адегенде Париж келишими тууралуу азыноолак сөз кыла кетели. Бул климаттагы глобалдык өзгөрүүлөргө каршы күрөш боюнча аткарууга милдеттүү болгон алгачкы документ.

2015-жылы Сирия менен Никарагуадан башка дүйнө өлкөлөрүнүн баары же 195 өлкө кол койгон.

Ар бир мамлекет зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керектүү кадамдарды жасоого макул болгон.

Анын ичинде АКШ 2025-жылга чейин андай газдын абага бөлүнүп чыгарылышын 26-28 процентке кыскартуу милдетин алган.

Дүйнөлүк мунасадагы АКШнын маанилүүлүгү - Кытай экөөнүн зыянкеч газдарды абага чыгарган алдыңкы эки өлкө экенинде.

Бирок Трамп келишим АКШ экономикасына триллиондогон доллар зыян келтирет, миңдеген жумуш орундары кыскарат, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда мындан Кошмо Штаттары көп зыян тартат деп, каршы болуп келген. Быйыл 1-июнда мындан чыгарын расмий жарыялаган.

Канаданын Монреалында отуз өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча министрлеринин жыйыны өттү.
Канаданын Монреалында отуз өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча министрлеринин жыйыны өттү.

​Ал эми 16-сентябрда Канаданын Монреалындагы отуз өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча министрлеринин жыйыны ошол билдирүүдөн кийин биринчи өтүүдө.

- Бул жыйын чечүүчү мааниге ээ. Климат боюнча аракеттерибизде, Париж келишиминин алкагында - бирге экенибизди дүйнөгө, өзүбүздүн жарандарыбызга көрсөтүүбүз өтө маанилүү, - деди анда Канаданын министри Кетрин Маккена.

Бул жыйындан кийин Евробиримдиктин климат маселеси боюнча өкүлү Мигел Ариас Канэте айтты делип, Кошмо Штаттары "келишимде кала берет жана аны кайра жандандырууну сунуштады" деген маалымат медиада тарап кетти.

Муну аз өтпөй Ак үй «биздин турум өзгөргөн жок» деп четке какты.

Ал эми Мамлекеттик департамент бул билдирүүнү кыйла ачыктады. Мамкатчы Рекс Тиллерсон Кошмо Штаттары «туура шарттар» түзүлгөн учурда келишимде кала беришерин белгиледи.

- Президент биз башкалар менен кала бере турган шарттарды түзүүгө ачык экенин айтты, - деди Тиллерсон.

Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер дагы бул ойду кубаттады.

- Ал (Трамп) кийинчерээк эгер Кошмо Штаттары үчүн пайдалуураак макулдашуу болуп калса, кайра кириш үчүн эшикти ачык калтырган, - дейт генерал.

Келишимде кала бериш үчүн АКШнын талаптары азырынча так белгилүү эмес.

Евробиримдик өкүлү Канэте ушул жумада БУУ Башкы Ассамблеясында Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлүп, анда “АКШнын реалдуу позициясы кандай экени бааланат” деди.

Ошол эле учурда келишимдеги дагы бир маанилүү тарап Кытайдын өкүлү Се Чжэньхуа “Париж келишимин кайра карап чыгууга болбойт” дегенин Рейтер жазып чыкты. Бээжин муну менен АКШнын ыктымал жаңы талаптарына макул эместигин ишара кылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG