Чех президенти кызматын аткара албай калды

Милош Земан. Чехиянын президенти.

Чехиянын президенти Милош Земандын саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер аны иштөөгө жөндөмсүз деген тыянак чыгарды.

Парламенттин эки палатасында президенттин ыйгарым укуктарын алуу маселеси Конституциялык тартипте каралганы турат.

Сенаттын Конституция боюнча комиссиясы президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну бир добуштан колдоду. Премьер-министр президенттин кеңсесинин башчысын Земандын кызматтык милдетин аткара албай калган абалын жашырган деп айыптады.

Медициналык корутунду: президент иштөөгө жөндөмсүз

Чех Сенатынын Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комиссиясы Милош Земанды президенттик ыйгарым укуктарынан ажыратууга бир добуштан макулдук берди. Эми бул сунушту парламенттин эки палатасы караса, көпчүлүк добуш менен президенттин ыйгарым укуктары алынат.

Сенаттын төрагасы Милош Выстрчил президенттин саламаттыгы боюнча борбордук аскердик госпиталдын тыянагы чыкканын билдирди:

Милош Выстрчил. Чехиянын Сенатынын төрагасы.

"Борбордук аскер госпиталынын тыянагы боюнча республиканын президенти Милош Земан азыркы учурда саламаттыгына байланыштуу кандайдыр бир кызматтык милдеттерин аткара албайт. Врачтардын айтымында, анын узакка созулган оорусунун мүнөзүнө караганда Милош Земандын саламаттыгы туңгуюк абалда. Ошондуктан анын жакынкы жумаларда жумушка кайтып барышы күмөн", - деди Милош Выстрчил.

Чехиянын Конституциясынын 66-беренесине ылайык, президент ден соолугуна байланыштуу кызматтык милдеттерин аткара албай калганда, анын ыйгарым укуктары алынып, кайра премьер-министр менен парламенттеги эки палатанын спикерлеринин ортосунда бөлүнөт. Бирок бул президентти бийликтен кетет дегендикке жатпайт.

Дагы караңыз Чехиядагы шайлоодо премьер Бабиштин кыймылы утулду

Жашырылган маалымат

Президент Милош Земандын саламаттыгы жана анын кызматтык милдеттерин аткара албай калганы тууралуу медициналык корутунду 13-октябрда эле чыгып, аны президенттин кеңсесинин башчысы алып, бирок парламенттен жана коомчулуктан жашырып келгени белгилүү болду.

Ошондуктан Сенаттын төрагасы борбордук аскердик госпиталга кайра кат жиберип, дарыгерлердин тыянагын алды.

Президенттик кеңсенин башчысы Вратислав Мынарж маалымат врачтык сырга байланыштуу жашырылганын айтты:

"Президенттин дарылануусуна, саламаттыгына жана абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу маалыматтар анын үй-бүлө мүчөлөрүнө гана таандык. Президенттин аппараты жана анын жетекчиси президенттин жеке өзүнө гана баш ийет. Кайсы бир тараптарга анын макулдугусуз эч кандай маалыматтар берилбейт", - деди Мынарж.

Бабиштин талабы

Чехиядагы парламенттик шайлоодон кийин президент Милош Земандын саламаттыгы начарлап, 10-октябрда реанимацияга жатканы кабарланган. Бирок президенттик кеңсенин башчысы Вратислав Мынарж буга чейин Милош Земандын абалы канааттандырарлык деген гана маалыматтарды берип турган.

Премьер-министр Андрей Бабиш президенттик кеңсенин башчысы мамлекеттин башчысынын саламаттыгы боюнча маалыматты жашырганы үчүн кызматтан кетүүгө тийиш экенин жарыялады:

Андрей Бабиш. Чехиянын премьер-министри украин өкмөт башчысы Олексий Гончарук менен.

"Мында түзүлгөн кырдаал шайма-шай эмес. Ошондой эле, президенттик кеңсенин башчысынын бул кылганы туура эмес. Ошондуктан ал кызматын тапшырып, кетүүгө тийиш. Эгерде ал президент Земан кызматын аткара албастыгын билгенден кийин палатанын спикери Радек Вондрачекти ооруканага чакырбай, дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрбөшү керек болчу".

Президент Земан күтүүсүздөн ооруп калгандыктан жаңы өкмөттү куроо мандаты эч бир партияга берилген эмес. Андыктан жаңы премьер-министр шайланбай, Чехияда бийлик боштугу пайда болду.

Сенаттын төрагасы Милош Выстрчил президенттин ыйгарым укуктарын алуу эрежелерин эртелетүү боюнча парламенттеги партиялардын лидерлери менен кеңешип, мындан аркы кадамдарды макулдаша турган болду.