Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Чехия орус дипломаттарынын санын чектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Прагадагы элчилигинин бир нече кызматкери майдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Мындай талапты Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек койду. Анын алдында расмий Прага Орусияга буга чейин өлкөдөн чыгарылган чех дипломаттарын кайтып келишине мүмкүнчүлүк берүү шартын койгон.

Орусия май айынын этегине чейин Прагадагы элчилигинин кызматкерлеринин санын кыскартышы керек. Бул тууралуу Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек 22-апрелде ага чейинки талабын Москва аткарбаган соң жарыялады.

Праганын жаңы шартына ылайык, Орусия Чехиядагы дипломаттарынын санын Москвадагы чех дипломаттары менен бирдей санга теңеши керек. Учурда Орусиядагы элчиликте дипломатиялык статусу бар беш гана чех жараны иштеп жатат.

Якуб Кулганек
Якуб Кулганек

Якуб Кулганек Прагадагы брифингдин жүрүшүндө «Орусия Федерациясы бүгүн түшкө чейин биздин талапка жооп берген жок. Ошондуктан, биз төмөнкүдөй чечим кабыл алдык: Вена келишиминин 11-беренесине ылайык, Орусиянын Прагадагы элчилигинин кызматкерлеринин санын Москвадагы биздин элчиликтеги дипломаттардын санына теңеши керек. Бул чечим бүгүнтөн тартып күчүнө кирет. Орусия өз дипломаттарын чыгарып кетиши үчүн майдын аягына чейин убактысы бар”,-деп билдирди.

Министр Кулганек бул буйруктун негизинде канча орус дипломаты чыгарыларын так айткан жок. Бирок ал буга чейин Чехиядагы 60 орус дипломаты чыгарыларын эскерткен болчу.

Расмий Прага Москвадан өз дипломаттарына 22-апрель күнү түшкү саат 12:00гө чейин кызматына кайра келип, иштөөгө уруксат берүүсүн талап кылган болчу. Бул талабы аткарылбаса, анда Чехия Прагадагы орус элчилигинин кызматкерлерин жапырт өлкөдөн чыгара турганын эскерткен.

Прага белгилеген убакыт соңуна чыгып, Орусия Москвадагы чех дипломаттарынын кызматына кайтып келишине уруксат берүү талабын аткарган эмес. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде “ультиматум кабыл алынбайт” деген кыска жооп кайтарган.

Эми болсо Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова чех тараптын талабына жакында жооп болорун убада кылды:

Мария Захарова
Мария Захарова

“Прага орус-чех мамилесин бузуу жолуна түштү. Биздин жооп көп убакытты талап кылбайт”,-деп билдирди.

Мындай жол менен Москва менен Праганын ортосундагы дипломатиялык кайым айтыш жаңы деңгээлге чыгат. Буга чейин ​Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен ультиматум коюп сүйлөшүү туура эмес экенин айтып чыккан.

Мамиленин бузулушуна эмне себеп болду?

Чехиянын Врбетице кыштагында 2014-жылы болгон жарылуу Прага менен Москванын ортосундагы жаңы чыңалууга жол ачкан. Чех өкмөтү алты жарым жыл мурдагы окуяны ушул аптада "жардыруу" деп атап, аны уюштурууга Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) тыңчыларынын тиешеси бар экенин жарыялаган. Мындан соң 10 орус дипломатын Чехиядан чыгарган.

Орус бийлиги Праганын чечимине чехиялык 20 дипломатты өлкөдөн чыгаруу менен жооп кайтарган.

Мындан сырткары чех өкмөтү Дукованы АЭСинин жаңы блогун куруу боюнча баасы миллиарддаган долларды чапчыган тендерге орусиялык “Росатом” корпорациясынын катышуусуна тыюу салды.

Ошондой эле расмий Прага коронавируска каршы Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасын сатып алуу планынан толугу менен баш тартарын да жарыялаган.

Ал эми Чех парламентинин жогорку палатасы - Сенат орусиялык тыңчылардын тиешеси бар деген 2014-жылы Врбетицедеги жардырууну "Евробиримдиктин бир мүчөсүнө каршы багытталган мамлекеттик террорчул акты" деген тыянакка келди.

Бул резолюцияга Сенаттын жыйынына катышкан 72 депутаттын 67си добуш берди.

Жыйындын жүрүшүндө сенаторлор чех өкмөтүн Орусия менен достук мамилелер жана кызматташтык тууралуу келишимди токтотууга чакырышты.

Дал ушундай элчилик кызматкерлерин өлкөдөн чыгаруу менен коштолгон дипломатиялык кайым айтыш Орусия менен Чехиянын ортосундагы эң чоң жаңжалга май тамызды.

Борбордук Европадагы НАТОнун мүчөсү саналган чакан өлкө - Чехия менен тиреш Москванын Батыштын башка өлкөлөрү менен алакасы абдан начарлаган учурга да туш келди.

Учурда расмий Прага Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, тилектештик иретинде өз аймактарынан орус дипломаттарын чыгарууга чакырууда.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррель 21-апрелде чех бийлигинин акыркы кадамдарын жана мындан аркы чечимдерин да колдорун жарыялады.

Батыш менен мамилени бузган "ГРУнун тыңчылары"

2014-жылдын 16-октябрында Чехиянын чыгышындагы Словакия менен чектеш Злин аймагында жайгашкан Врбетице кыштагындагы кампада 50 тоннадай ок-дары жарылган. Андан эки адамдын өмүрү кыйылган. Эки ай өтпөй 2014-жылдын 3-декабрында ошол эле жайда 13 тонналык ок-дары жарылган.

Жарылууга эмне себеп болгону коомчулукка ачык жарыяланган эмес. Азырынча чех өкмөтүнүн соңку чечимине атайын кызматтардын жаңы маалыматы түрткү бергени же Прага орусиялыктарга каршы азыр аракетке өткөнү толук белгисиз.

Чехиядагы "Respekt" журналы "Врбетицеде жарылган ок-дарылар Украинага жөнөтүлмөк" деп жазды. 2014-жылы Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосунда куралдуу кармаш тутанганы белгилүү.

"Respekt" журналы Украина менен мындай ок-дары келишимин болгариялык курал-жарак соодагери Эмилиан Гебрев уюштурганын өз булактарына таянып билдирүүдө. Басылманын маалыматына караганда, Врбетицедеги жарылуу тууралуу жаңы маалымат өткөн жылы чех тергөөчүлөрүнүн колуна тийген жана чалгын комитети бул маселени эки апта мурда талкуулаган.

Врбетицедеги каргашада “орус тыңчыларынын изи бары” ачыкка чыкканын чех бийлиги өткөн жумада гана жарыялады. Ага ылайык, бул ишке тиешеси бар адамдар катары ГРУнун тыңчылары Анатолий Чепига (Руслан Боширов) жана Александр Мышкинге (Александр Петров) издөө салды.

Бул эки тыңчы Европадагы бир катар киши өлтүрүүлөргө жана саботаж аракеттерине, анын ичинде Британиянын Солсбери шаарындагы чуулгандуу ууландырууга тиешеси бар экени кабарланып келет. Орусия болсо мындай айыптоолорду толугу менен четке кагат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG