14 чакырым канал: Баткенде миң гектар жер өздөштүрүлөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде миң гектардан ашуун жерди өздөштүрүү үчүн Каракол каналы курулуп жатат. Муну менен тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу миң гектардан ашык аянтка бак отургузулат. Долбоорду ишке ашырууга Эл аралык каржылык уюм жана казынадан да каражат бөлүнгөн.