БУУ: Кыргызстан демократияга, АКШ дипломатияга басым жасады

БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны. 21-сентябрь, 2021-жыл. Нью-Йорк.

21-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясына жолдогон алгачкы видео кайрылуусунда Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын айтты. АКШ президенти Жо Байден дипломатиянын жаңы доору башталып жатканын билдирди.

Пандемия башталгандан бери биринчи жолу дүйнө лидерлеринин бир бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесине чогулушту. Былтыр коронавирустан улам президенттер жана өкмөт башчылардын дээрлик баары алдын ала кайрылуусун жөнөтүшкөн.

Быйыл Башкы ассамблея лидерлерге Нью-Йоркко келүүгө же жыйынга онлайн катышууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан улам дүйнөнүн 100дөн ашуун лидери жыйында түз кайрылууну чечсе, калгандары видео кайрылуусун жолдошту.

Баш катчынын эскертүүсү

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Башкы ассамблеянын сессиясын ачып жатып, дүйнө буга чейин мынчалык чоң ажырымга дуушар болбогонун, коронавирус пандемиясы теңсиздикти күчөтүп койгонун, климаттын өзгөрүшүнүн коңгуроосу барган сайын тездик менен кагылып жатканын айтты.

"Дүйнө ойгонушу керек. Биз туңгуюктун четинде турабыз жана туура эмес багытта баратабыз", - деди Гуттериш.

Ал Ооганстандан Эфиопияга жана Йеменге чейин элдик толкундоолор глобалдык тынчтыкка, адам укуктарына кедергисин тийгизгенин, кыйынчылыктарга карабастан дагы деле үмүт бар экенин кошумчалады.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. 21-сентябрь, 2021-жыл.

Жапаров: Биз демократиялык жолдон тайбайбыз

Жыйындын биринчи күнүндө сөз сүйлөгөн же видео кайрылуусун жөнөткөн лидерлердин дээрлик баары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

Жапаровдун президент катары ассамблеяга жолдогон алгачкы видео кайрылуусун БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде тышкы иштер министр Руслан Казакбаев 21-сентябрдын кечинде сунуштады.

Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясындагы видео-кайрылуусу. 21-сентябрь, 2021-жыл. Нью-Йорк

Анда Кыргызстандын мамлекет башчысы ооган жергесиндеги кырдаал чөлкөмдө коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарганын айтып, Улуттар Уюмунун Ооганстандагы мекемелерин убактылуу Бишкекке жайгаштырууну сунуш кылган.

"Биз 500дөй жаш ооган жаранына биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзө алабыз жана жардамга муктаж жарандарга, биринчи кезекте Ооганстандын Кичи жана Чоң Памирдеги этностук кыргыздарга көмөк көрсөтө алабыз. Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелерин Ооганстандан эвакуациялоо аракетин жүрүп жатканын эске алганда, Кыргызстан аларды убактылуу Бишкекке жайгаштырууну сунуштайт. Мындан улам БУУнун баш катчысына биздин сунушту эске алуу боюнча кайрылам", - деди Жапаров.

Мындан тышкары Жапаров Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын, былтыркы октябрь окуяларынан кийинки бир жылда өлкө социалдык экономикалык туруктуулукту калыбына келтире алганын айтты. Ошондой эле эл аралык коомчулук Кыргызстандагы конституциялык реформаны тааныганын белгиледи.

Буга чейин Кыргызстандын президенттик башкарууга өтүшүн шарттаган Баш мыйзамдын долбоору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн бир топ сынына кабылган болчу. Март айында Freedom House уюму (FH) “Дүйнөдөгү эркиндик-2021” аттуу баяндамасында Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон эле.

Жапаров 28-ноябрда Кыргызстанда жаңы парламенттик шайлоо өткөнү жатканын белгилеп, эл аралык уюмдардын байкоочуларын өлкөгө чакырды жана шайлоого чейин коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташа турганын белгиледи.

Ал Башкы ассамблеяга жолдогон кайрылуусунда Кыргызстан коңшулары менен кызматташтыкта тең укуктуу шарттагы диалогго жана сүйлөшүүлөргө басым жасай турганын да кошумчалады.

Байден дипломатияга басым жасады

Башкы ассамблеясынын сессиясынын биринчи күнүндө америкалык президент Жо Байден да сөз сүйлөдү. Ал АКШнын президенти катары ассемблеядагы алгачкы кайрылуусунун башында COVID-19 пандемиясынын кесепетине токтолуп, дүйнөнү климаттын өзгөрүшүнө каршы бирге күрөшүүгө чакырды.

Ошондой эле АКШ кайрадан эл аралык үстөлгө кайтып келгенин, НАТО, Евробиримдик жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кайра бекемдеп жатканын белгиледи.

"Биз Ооганстандагы 20 жылдык чыр-чатакты токтоттук жана бул тынымсыз согуш мезгилин аягына чыгаруу менен тынымсыз дипломатиянын жаңы доорун ачып жатабыз", - деди Байден.

АКШнын президенти Жо Байден. 21-сентябрь, 2021-жыл.


Ал дүйнөдөгү чоң маселелер күч менен чечилбестигин, коронавирус пандемиясын илим менен гана жеңсе болорун билдирди. Мындан тышкары авторитаризмдин коркунучун эскертип, кайсы бир өлкөнүн атын атабастан6 Вашингтон жаңы "кансыз согушту" көздөбөй турганын кошумчалады.

Мирзиёев реформа тууралуу сөз кылды

Ал эми президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы соңку жылдардагы демократиялык реформалар артка кайткыс мүнөзгө ээ болуп баратканын айтып, өзбек бийлиги сөз эркиндигин камсыз кылууга чечкиндүү аракет көрүп жатканын айтты.

Каримовдун ордун баскан президент өзүн реформачыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылып келет. Оппоненттери анын көп тармакта жылыш жасай албаганын белгилеп жүрүшөт.

Дагы караңыз ШКУ Ооганстандагы кырдаалга кабатыр

Мирзиёев БУУга жолдогон сөзүндө Өзбекстан Борбор Азиядагы өз ара түшүнүүгө жана сый-урматка негизделген жаңы саясий маанайды жана стратегиялык өнөктөштүктү ары бекемдей турганын да белгиледи.

"Биздин башкы милдетибиз - Борбор Азия гүлдөгөн жана туруктуу өнүгүп жаткан регионго, ишеним менен достуктун аймагына айлантуу", - деди Мирзиёев.

Анын айтымында, Ташкент жакында өзбек-ооган чек арасын ачты жана Ооганстанга керектүү азык-түлүк, мунай продукциялары жана электр энергиясын жөнөтүү ишин кайра калыбына келтирди. Мирзиёев мындай оор кырдаалда Ооганстанды изоляцияда калтырбаш керектигинин кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы 27-сентябрга чейин уланат. Адатта БУУнун бул жыйынында уюмга мүчө 190 мамлекеттин лидерлери же тышкы иштер мекемелеринин өкүлдөрү сөз сүйлөшөт жана алар айрым регионалдык, дүйнөлүк маселелерди да ортого салышат.

Адистер бул жолку сессияда негизги көңүл климаттын өзгөрүшүнө, коронавирус пандемиясына жана Ооганстандагы кырдаалдан улам коопсуздук маселесине буруларын айтышкан эле.