НАТО: Трамптын талабы орундалдыбы?

Президент Дональд Трамп жана Мамлекеттик катчы Майк Помпео Брюсселдеги пресс-конференцияда. 12-июль, 2018-жыл.

НАТО мамлекеттери Брюсселдеги саммитте коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө макул болушту. Бул тууралуу эки күндүк саммит аяктар алдында АКШ президент Дональд Трамп билдирди.

Трамп НАТОнун калган мүчөлөрүнө каржылык чыгым боюнча катуу талап койгонун европалык лидерлер да ырасташты. АКШ президенти азыркы саммитке чейин, анын башталышында жана жүрүшүндө НАТОнун европалык мүчөлөрүн каржылык милдеттенмелерин аткара албай жатканы үчүн кескин сынга алып, мурда макулдашылган ченемге 2024-жылды күтпөстөн тез жетишүүгө да чакырган болчу.

АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрдөн каржылык жүктү тең жана адилет бөлүшүүсүн бийликке келгенден бери эле талап кылып жүргөн президенти Дональд Трамп уюмдун европалык мүчөлөрүн 12-июлда, саммиттин экинчи иш күнүндө да сынга алган.

НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсеси. 11-июль, 2018-жыл.

Маалымат агенттиктери дипломатиялык булактарга шилтеме жасап кабарлагандай, Трамп НАТО саммитинин күн тартибинен чыгып, бул маселени Кара деңиз боюндагы өлкөлөрдүн коопсуздугу боюнча сессияда кайрадан көтөргөндүктөн, башкатчы Йенс Столтенбергге чукулунан жабык жыйын өткөрүүгө туура келген.

НАТОдогу маалымат булактары билдиргендей, мына ошол жабык олтурумда Трамп өнөктөштөр коргонуу чыгымдарынын мурда макулдашылган чегин 2019-жылдын январына карата орундатуусун же АКШ өз жолу менен кетерин айткан. Кийин Трамп өзү чукул жыйындан кийин болгон пресс-конференцияда буларга токтолду:

- Мен адамдарга (НАТО өлкөлөрүнүн лидерлерине) эгер алар өз милдеттенмелерин олуттуу аткарышпаса, абдан нааразы болорумду айттым. Анткени, АКШ эбегейсиз көлөмдөгү акчаны, балким НАТО чыгымынын 90% жакынын төлөп жатат. Азыр эми биз кубанычтабыз. НАТО эки күн мурдагыга караганда, кыйла кубаттуу, күчтүү болуп калды. АКШга кыйла адилет мамиле жасалды. 2%дан кийин биз эми андан да жогоруну, 4%ды сөз кыла баштадык. Бирок мен бир нече жыл алдыга жүрүүнү, 4%дык чекте болушубуз керек деп айттым. Менимче, 4% туура көрсөткүч.

Дональд Трамп чукул жыйындан кийин НАТОдо “проблема жок”, “салыштырмалуу аз жылдар аралыгында” коргонуу үчүн кошумча 33 миллиард доллар сарпташат деп ырастады.

Азыр НАТОнун 29 мүчөсү бар. Уюмдун алкагында коргонуу чыгымдарын көбөйтүү маселеси Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышында жикчилдерге аскердик колдоо көргөзгөндөн кийин күн тартибине чыккан эле.

Дал ошол жылы өткөн саммитте Түндүк-Атлантикалык альянстын мүчөлөрү коргонуу бюджетин он жыл аралыгында ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө милдеттенме алышкан.

НАТОнун баш кеңсеси азыркы саммиттин алдында эгер 2014-жылы 2% чекти үч гана мамлекет карманса, быйылкы жылдын соңунда буга сегиз, ал эми 2024-жылы учурдагы тенденцияны эске алганда он беш мамлекет гана жетет болжолдогон.

Быйыл 2% чекти багындыра алуучу мамлекеттер катары АКШдан тышкары Эстония, Греция, Британия, Латвия, Литва, Польша жана Румыния аталган.

Бирок АКШ президенти НАТО мүчөлөрүнөн ошол 2%дык чекти 2024-жылды күтпөй “тезинен” аткаруусун талап кылган.

Саммиттин башталышында Трамп өзгөчө Евробиримдиктин эң кубаттуу экономикасы -Германияны бөлүп көргөзүп, сынга алган эле.

Ал атүгүл "Германия энергия жагынан Орусиянын капканында” калды, аны менен миллиарддаган доллардык газ келишимдерине барып, Орусиянын капчыгына “миллиарддаган доллар” төгүп, ошол учурда аны кайра Орусиядан НАТО коргоп беришин күтөт" деп да айыптаган.

Меркел менен Трамптын саммиттеги көзмө-көз сүйлөшүүсү. 11-июль, 2018-жыл.

Немис канцлери Ангела Меркел саммиттин аяк ченинде, кабарчылар маегинде алар коргонуу бюджетин качан, канчага көбөйтөрүн тактаган жок, бирок Германия да ушул эле багытта бара жатканына көңүл бурду:

- Америкалык президент бир нече айдан бери талкууланып келе жаткан маселени - каржылык жүктү бөлүү өзгөрүүсү керектигин талап кылды. Мен биз ушул жолдо экенибизди, бул биздин да кызыкчылык экенин жана бизди кубаттуу кыларын айттым. Жыйынтык -(саммиттин) НАТОго берилгенибиз жана коопсуздук коркунучтары өзгөрүп жаткан шартта салым кошууга бекем эркибиздин бардыгы болду. Биз жабдуулар үчүн чыгымыбызды канчага көтөрүү керектигин али сүйлөшүүбүз абзел. Баса белгилеп койойун, мен куралды эмес, жабдууну эске алып жатам. Биз азыркы абалыбызды көргөздүк, бирок европалык өнөктөштөр, америкалыктар менен улана турган талкуулар аркылуу биз дагы эмнени көбүрөөк жасай аларыбызды өзүбүздөн сурашыбыз керек.

НАТО лидерлери коргонуу чыгымдарын 2014-жылы убада кылынган чекте көбөйтүүгө макул болушканын Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да ырасташты.

Бирок Трамп эскерген 4% чекти алар да, НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг да ырастаган жок. НАТОнун эсебинде, коргонуу үчүн АКШ азыр өзү ички дүң өнүмдүн 3,57% бөлөт. Столтенбергдин сөздөрүнө караганда, союздаштар саммитте Трамптын айткандарын “катуу жана ачык” угушту:

Йенс Столтенберг

-Биз америкалык президент коргонуу чыгымдарын олуттуу караганын түшүнөбүз жана бул таасирин берип жатканы анык. Бир нече жылкы төмөндөөлөрдөн, союздаштар миллиарддаган долларды (коргонуу бюджетинен) кыскарткандан кийин эми алар миллиарддарды кошууда. Мурда тенденцияда төмөндөө болсо, эми өйдө кетет. Иш жүзүндө Трамп президенттик кызматка келгенден бери европалык өнөктөштөр, Канада коргонуу чыгымдарына кошумча 41 миллиард доллар ажыратышты. Союздаштар бул көрсөткүчтү кыйла көбөйтүүгө да милдеттенме алышты. Биздин мурда болуп көрбөгөндөй көбөйтүүбүз, АКШнын чыгымы азайышына мүмкүндүк берет.

Бул арада Орусия НАТОдон айтылган сөздөрдү сынга алып, альянстын аскерий ишмердикти “чыңдоо” пландары “бөлүнүү тилкелерин тереңдетип, Европадагы “чыңалууну күчөтөрүн” эскертти. “НАТО өзүн коргонуу союзу катары көргөзгөнү менен чабуул куралдарын сатып алууну күчөтүп жатат”, Орусияны айыптоону өз активдерин Балтика менен Түндүк Европанын бир кезде тынч аймактарына жылдыруу үчүн жүйө катары колдонууда”,- деп белгиленет орус Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Москва ошондой эле Македония НАТОго “күч менен тартылып жатат” деп эсептеди. Түндүк Атлантикалык альянстын акыркы саммитинде Балкан аймагынын бул өлкөсү НАТОго кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого расмий чакыруу алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.