Борис Жонсон бийлигин колдон чыгарды

Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Борис Жонсон.

Британ премьер-министри Борис Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кетти. Буга бир эмес, соңку мезгилде катары менен болгон бир нече жаңжал түрткү болду. Мындан улам оппозиция өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү анын кызматтан кетишин талап кылган.

Жонсон дүйнөдөгү эң мыкты иштен кетип жатканына өкүнөрүн айтты:

"Достор, саясатта алмаштыргыс адам болбойт жана биздин мыкты Дарвин системабыз дагы бир лидерди жаратат. Ал дагы бул мамлекетти оор күндөрдөн туруктуу алып өтүүгө кызыкдар болот".

Ал ошондой эле украин элине кайрылып, Британия алардын эркиндиги үчүн күрөштү колдорун айтты.

Дагы караңыз Улуу Британия Украина үчүн дагы 1,2 миллиард доллар бөлөрүн жарыялады

Бир аптага жетпеген убакыт ичинде кабинеттин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен.

Премьер-министр 5-июлда дайындаган финансы министри Надхим Захави бейшембиде Жонсонду отставкага кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү шейшембиде дайындалган билим берүү министри Мишел Доунлан кызматтан баш тартты.

Ал арада Жонсондун айланасындагы саясий кризистин Украинадагы кырдаалга болжолдуу таасири тууралуу талкуу жаралды.

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы эксперттерге таянып билдиргендей, Британиядагы ички маселелер Батыш альянсынын туруктуулугуна жана Европанын Украинага жардам көрсөтүү боюнча чечкиндүүлүгүнө кедергисин тийгизиши ыктымал.

Британия Украинага эң көп аскердик жардам көрсөткөн экинчи өлкө.

Жонсондун кызматтан кетишине эмне себеп болду?

Жыл башынан бери премьер-министрдин айланасында болгон жаңжалдын биринде алгач Жонсон баарын четке кагып, бир топтон кийин күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сураганга барган.

Мындан улам оппозиция өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү аны жалганчылыкка айыпташты.

Бул окуялардын эң чуулуусу өкмөт башчы өзү коронавирус күчөп турган маалда карантин эрежелерин бузуп, резиденцияда отуруш өткөргөнү болду. Жакында эле Жонсон эки эркек кишиге асылганы ачыкка чыккан адамды жогорку кызматка дайындаганы үчүн да кабинет мүчөлөрүнүн сынына кабылды.

Андан тышкары оппозиция 12 жылдан бери бийликте турган Консервативдүү партияны да кескин сындашты.

"Консервативдүү партия 12 жылдан бери бийликте турат. 12 жылдан бери экономикада жылыш жок, коомдук кызматтар токтоп калды, куру убадалар берилип келет. Биздин өлкөгө жаңы старт керек", - деди оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Кир Стармер.

Би-Би-Си жана The Sun Жонсон консерваторлор партиясынын жаңы жетекчиси шайлангыча премьердин кызматын аткара бере турганын жазышкан. Партиянын курултайы эрте күзгө белгиленген. Жонсон так дата эмки жумада жарыяланарын билдирди.

Жонсондун отставкасы сөзсүз жаңы шайлоо өтүүгө тийиш дегенди билдирбейт. Бирок оппозиция аны талап кылууда. Социологдор Консервативдүү партия шайлоодо утулуп калышы мүмкүн деп боолгошот. Жонсон партияны жана өкмөттү 2019-жылдан бери башкарып келген.

Дагы караңыз

Тилинен заар төгүлгөн Жонсон министр болду

Жонсондун ордуна ким болушу мүмкүн?

Рейтер агенттиги эксперттердин пикирине таянып, бир нече адамдын аты-жөнүн жарыялады. Алардын арасында Британиянын азыркы тышкы иштер министри Лиз Трасс бар. 46 жаштагы Трасс акырына чейин кесиптештерин Жонсонду колдоого чакырып келди. Андан тышкары мурдагы тышкы иштер министри, 55 жаштагы Жереми Ханттын жана азыркы коргоо миснитри Бен Уоллестин дагы ысымдары айтылууда. Британиянын кийинки өкмөт башчысы теги индиялык Риши Сунак да болуп калышы мүмкүн. Каржы министрлигинин жетектеп келген Сунак бир нече күн мурда кызматынан кеткен.