Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Тилинен заар төгүлгөн Жонсон министр болду


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Британиянын жаңы өкмөт башчысы Тереза Мэй өкмөт куроого киришти. Ал Тышкы иштер министрлигине Лондондун мурунку мэри Борис Жонсонду дайындады. Көптөгөн дүйнөлүк саясатчыларга шакаба чеккенди жакшы көргөн саясатчынын тышкы иштер министри болуп дайындалышы суроолорду жаратууда.

13-июлда премьер-министр кызматына киришкен Тереза Мэй дароо эле өкмөттү куроого киришти. Британиянын Европа Биримдигинен чыгуусу үчүн үгүттөгөн Борис Жонсон тышкы иштер министри болуп дайындалды.

Кээде кордоого чейин жеткен мыскылдуу сөздөрү менен көптөгөн дүйнөлүк лидерлерди шакабалаган Жонсон дүйнөлүк саясатта британ дипломатиясын кантип жүргүзөт деген маселе жаралууда.

13-июлда жаңы дайындалган Борис Жонсонго журналисттер “буга чейин президент Барак Обамага карата айткан сөздөрүңүз үчүн кечирим сурайсызбы?” деп суроо узатышкан.

Британиянын Европа Биримдигинде калуусун жактаган президент Барак Обама “эгерде Британия Биримдиктен чыгып кете турган болсо, анда АКШнын Трансатлантикалык соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрүндө Лондон кезектин артында калат” деген эле.

Биримдиктен чыгууну жактаган Борис Жонсон Барак Обаманын сөзүнө “жарымы кениялык болгон президент Британия империясына ата мурасынан калган жек көрүүчүлүктөн улам ушундай билдирүү жасады" деп жооп берген эле.

Мына ушул маселе боюнча журналисттин суроосуна Борис Жонсон 13-июлда минтип жооп берди:

- Америка Кошмо Штаттары кезекте биринчи орунда болот.

Европа Биримдигинен чыгуу боюнча үгүт жүрүп жаткан мезгилде Борис Жонсон Европа Биримдигин Гитлер жана Наполеонго салыштырган. Бул Биримдикте таңданууну жана нааразылыкты жараткан.

Борис Жонсон АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун дарегине да орунсуз салыштырууларды келтирген. 2007-жылы Жонсон Хиллари Клинтонду “психиатриялык ооруканадагы ажаан медициналык кызматкерге” окшоштурган.

Жакында эле Нью-Йоркко баруудан чочурун, анткени Дональд Трамп менен жолугуп калышы толук ыктымал деп айткан.

Борис Жонсондун Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жөнүндөгү беш саптан турган кордоо менен коштолгон мыскылдуу ыры да чыр салганы белгилүү.

Мына ушундай куйкум сөзүнө кордоо элементтери аралашкан Борис Жонсон Британиянын тышкы иштер министри катары мына ушул өлкөлөр, алардын лидерлери менен мамиле түзүүдө алдыңкы сапта болот.

Анын алдында турган эң чоң маселе - Европа Биримдигинен чыгууну ишке ашыруу. Европа Биримдигинде Жонсонго карата мамиле кандай экенин 14-июлда Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро сөзүнөн байкоого болот:

- Борис Жонсон боюнча эч камтама болгон жерим жок, бирок анын стилин жана өнөктүк жүргүзүү ыкмасын билесиздер да. Ал британдыктарга көп калпты айтып келди. Эми өзү жарга такалып, өлкө кызыкчылыгын коргоого дайындалды. Европа Биримдигине анын аркасы кандай экени белгилүү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борис Жонсонду жаңы кызматы менен куттуктап, Европа Биримдигинен чыгууда “акыл менен калчанган кадамдарды” жасоону сунуштаган.

Бирок да Борис Жонсон Европа Биримдигинен чыгуу боюнча түздөн-түз сүйлөшүү жүргүзөт дегенге да болбойт. Анткени британ өкмөтүндө бул маселе боюнча атайын министрлик бар. Ал кызматка Дэвид Дэвис дайындалды.

Премьер-министр Тереза Мэй Биримдиктен чыгуунун шарттары боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү көздөрү айтылууда. Ал эми Биримдик лидерлери биринчи чыгуу жөнүндө расмий түрдө арыз берилип, андан кийин сүйлөшүү болорун эскерткен. Бул жердеги негизги маселе - убакыт. Эгерде Британия чыгуу жөнүндө арыз берсе, анда жараян эки жылдын ичинде бүтүүгө тийиш. Ал эми Британия алдын ала сүйлөшүүлөр менен даярдыкка көбүрөөк убакыт алууну көздөөдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG