Кыргызстан Орусия менен эсептешүүлөрүнүн баарын рублге өткөрдү. Анын ичинде газ жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууда да орус валютасы колдонулат.
Украинада согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Ушундан улам Орусия негизги өнөктөш катары эсептеген өлкөлөр менен тышкы соодасын рубль менен жүргүзө баштаган. Алардын арасында Тажикстан да бар.
Кыргызстан – Орусия рубль менен эсептешет
Кыргызстан экономикалык жана саясий өнөктөшү катары эсептеген Орусия менен соода-сатыкты толук түрдө рубль менен жүргүзө баштады. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул чечимге Батыш өлкөлөрү Москвага каршы киргизген экономикалык санкциялар негиз болгонун ырастады. Министр 20-июлда журналисттердин “Орус-кыргыз товар жүгүртүүсүнөн тышкары да, күйүүчү-майлоочу материалдар толук рублге өттү десек болобу?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:
“Толук өттү десек болот. Анткени Орусия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз – орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Орусия менен рубль–сом болуп жүргүзүлүүдө”.
Дагы караңыз Чолпон-Ата саммити Борбор Азиянын ынтымагын чыңдайбы?Буга чейин Кыргызстан газ жана күйүүчү-майлоочу материалдарды Орусиянын “Газпром” компаниясынан доллар менен сатып алса, азыр рубль менен эсептешүүгө өттү. Данияр Амангелдиев ушундан улам рублдин курсу көтөрүлүп жатканын кошумчалады.
Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыштын бир катар санкцияларына кабылган жана анын он чакты банкы SWIFT системасынан өчүрүлгөн. Бул система аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу маалымат алып турат. Ага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына беш миллиарддай кат алмашылат.
Рубль менен эсептешүүнүн пайда-зыяны
Эми Орусиянын экономикасы менен валютасы сыноого кабылган шартта кыргыз-орус соода жүгүртүүсүнүн рублге өтүшү эмне берет?
Экономика жаатындагы эксперт Темирбек Ажыкулов Кыргызстан Орусия менен бир катар товарларды сатып алууда же сатууда буга чейин эле рубль менен эсептешип келгенин айтты. Ал эми толук орус валютасына өтүүнүн пайдасы менен тобокелчиликтери тууралуу буларга токтолду:
“Мисалы, техниканы, курулуш материалдарды рубль менен эле алчубуз. Бирок газ жана бензинди Орусиядан доллар менен сатып алчубуз. Эгерде газ менен күйүүчү майды да рубль менен ала баштасак бизге пайдалуу болот. Арзан түшөт. Ошол эле кезде биз Кытай, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен да алакабыз бар экенин унутпашыбыз керек. Анткени бул өлкөлөр доллар менен эсептешет. Дагы бир чоң маселе бар - Орусия көптөн бери эле ЕАЭБнин алкагында бир валюта колдонууга өтүү маселесин көтөрүп жүрөт. Бул Кыргызстан үчүн жакшы эмес. Анткени биздин экономика чакан жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдүн экономикасына атаандаш болуп, туруштук бере албайт. Анда бизге сырттан товардын баарын Орусия аркылуу гана алууга туура келет”.
Орусия – Кыргызстандын негизги саясий да, экономикалык да өнөктөштөрүнүн бири. Кыргызстандын 2021-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү жалпы 7,2 млрд. долларды түзсө, мунун 2,2 млрд. доллары, же 31,6% Орусияга туура келет. Анын 1,9 млрд. доллары Кыргызстандын импорту.
Дагы караңыз Орусияга аба мейкиндигин кайтартуу опурталдуубу?Соңку жылдары Кыргызстан менен товар жүгүртүүдө Кытай алдыңкы орунга чыкса да, Орусия негизги стратегиялык товар менен камсыздайт. Кыргызстан газ, мунай затын, металл, курулуш материалдары жана дан азыктарынын көбүн Москвадан сатып алат. Бирдиктүү бажы базары – Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Мындан сырткары Орусия Кыргызстандын аскердик тармактагы башкы өнөктөшү.
Орусия Тажикстандын да тамырын тартты
Ал тапта Тажикстанда да тышкы соода жүгүртүүнүн көбү рублге өттү. Коңшу өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода өткөн аптанын аягында тажик компанияларынын 70% Орусиядан продукцияны рубль менен импорттоо боюнча келишимге кол коюшканын билдирди.
“Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ушул жылдын май айында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Экономикалык кеңешинин жыйыны өттү. Бул иш-чарада улуттук валютаны өз ара эсептешүүдө колдонуу боюнча абдан маанилүү документ кабыл алынды”.
Украинада согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы бир катар экономикалык санкцияларды киргизгенден кийин Орусия негизги өнөктөш катары эсептеген өлкөлөр менен тышкы соодасын рубль менен жүргүзө баштаган. Алардын арасында Тажикстан да бар.
Тажикстандык эксперт Абдуманнон Шералиев Тажикстан менен Орусия соода-сатыгын рублге өткөрүшүн валюта рыногун жөнгө салууга шарт түзүү деп баалады. Ал мындай чара өлкөдө доллардын тартыштыгынан сактап калат деп эсептейт.
Дагы караңыз Доллар үчүн үстөк алуу сүткордукпу же аргасыз чарабы?Дагы бир экономикалык серепчи Фозилжон Фатуллоев рубль менен эсептешүүгө өтүүнүн жакшы жана зыяндуу жактарына мындай баа берди:
“Орус рублинин туруктуулугу мигранттар үчүн пайдалуу. Алардын үй-бүлөлөрү акча которгондо сомонини көбүрөөк алышат. Ал эми товар экспорттогон ишкерлер чыгымга учурайт”, - деди ал.
Тажикстан менен Орусиянын президенттери ушул жылдын 28-июнунда өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү акыркы беш айда 50% көбөйгөнүн айтып, бирок буга кантип жетишкенин эч ким түшүндүргөн эмес.
Орусия Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында еврого окшош бирдиктүү рубль зонасын түзүү демилгесин көтөрүп келет. Бул маселе көптөн бери талкууланып, Казакстан сыяктуу бул уюмдун башка мүчөлөрү муну келечектин иши катары толук колдогон эмес.
Жакында эле АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелчилиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан, Тажикстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.