Борбор Азиянын дүйнө чайпалган маалдагы диалогу

Астанадагы Борбор Азия лидерлерин саммити.

Астанада Борбор Азия башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу өттү жана аймактагы кызматташууну өнүктүрүүго багытталган документтерге кол коюлду.

Жыйында лидерлер азыркы геосаясий кырдаалды, чөлкөмдөгү маселелерди жана өз ара алака-катышты өнүктүрүү жолдорун талкуулады. Бир катар серепчилер учурда Борбор Азия лидерлери биримдикке умтулууга аракет кылып жатканы менен чек ара, суу жана энергетика ресурстарын чогуу пайдалануу жаатында көйгөй бар экенин белгилешет.

9-августта өткөн Астана саммитинде казак президенти Касым-Жомарт Токаев мындай консультативдик жолугушуулар "аймактагы кызматташтыкты болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгарганын" белгиледи, эң башкысы өз ара ишеним орной баштаганын айтты:

Касым-Жомарт Токаев.

"Жалпы аракеттер менен бир канча жылдан берки түйүндүү маселелер чечиле баштады. Чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо жаатында комплекстүү чаралар көрүлүп жатат. Чек ара, суу менен камсыздоо, миграция маселелелери ыргактуу чечиле баштады. Өз ара соодада бир топ тоскоолдуктар алынды. Чек араларда өткөрүү бекеттери жакшыртылып, транспорт байланышы кеңейип, жаңы каттамдар ачылууда. Соода-экономикалык жана инвестициялык алака-катыш динамикалуу өнүгүүдө. Биздин ич ара мамилелерибиздеги негизги окуя - бул 2025-2027-жылга чейинки аймактык кызматташуунун жол картасы бекитилди. Документ өкмөттөр аралык координацияны жакшыртууга, бул аянтта сунушталган демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган", - деди Токаев.

Ал ошондой эле азыркы геосаясий жана экономикалык оңой эмес кырдаалда аймактагы кызматташууну ыкчам өнүктүрүүнү сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Токаев Борбор Азиядагы прогресске өбөлгө болчу бир катар милдеттерге токтолду.

Дагы караңыз Жапония-Борбор Азия: Москваны кызгандырган кызматташтык


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө аймактарды бириктирген жаңы каттамдарды жана транспорттук коридорлорду түзүүнү сунуштады.

Суу ресурстарын натыйжалуу жана аяр пайдалануу максатында өткөн жылы Бишкекте энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду түзүү демилгеси көтөрүлгөнүнө токтолду.

"Суу ресурстарынын чектелгендигин жана алардын бүткүл регион үчүн маанилүүлүгүн, ошондой эле Борбордук Азияда кызматташуунун иштиктүү механизминин жоктугун эске алып, биз региондо суу-энергетикалык кызматташтыктын өз ара пайдалуу экономикалык механизмин биргелешип иштеп чыгууну жана киргизүүнү жактайбыз. Бул механизм суунун энергетикалык, экономикалык, экологиялык жана социалдык баалуулугун, ошондой эле региондогу өлкөлөрдүн тиешелүү кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берет. Биз жемиштүү өз ара аракеттенүү экономика жана соодадан маданият жана билим берүүгө чейинки кеңири чөйрөлөрдү камтыганын көрүп турабыз. Бул аракеттер аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого олуттуу салым кошот. Биргелешкен демилгелер жана долбоорлор инфраструктураны өнүктүрүүгө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Биздин башкы максатыбыз - Борбор Азияны туруктуу, экономикалык жактан өнүккөн, гүлдөгөн аймакка айландыруу", - деди Жапаров.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун пикиринде, аймактагы лидерлер биримдикке умтула баштады.

Чынара Эсенгул.

"Чөлкөмдө президенттер алмашты. Борбор Азиядагы биримдик президенттер деңгээлинде жакшы нукта болуп жатат. Жолугушуу алдында Касым-Жоомарт Токаев региондогу биримдик тууралуу терең жана алыс ойлонгон макаласын чыгарды. Мурда лидерлер арасында советтик биримдиктин маданиятынан чыккандар көп болгону үчүн ич тардык болуп, улуттук кызыкчылыктар үстөмдүк кылып келген. Азыр болсо эң негизги фактор - президенттер жаңыланды. Дүйнөдө дагы өзгөрүүлөр болуп, согуштук абал күч алып, климат өзгөрүп жатат. Жасалма интеллект дагы кандай болуп кетерин билбей жатабыз. Ошондуктан азыр ириде глобалдык деңгээлдеги маселелер туруп жатат. Ушундай шартта Борбор Азия башын бириктириши керектигин түшүнгөн адамдар азыр бийлик башында турат. Бирдей маанайда, бир нукта кеткен адамдар турат. Бирок дүйнөлүк деңгээлде процесстер экиге бөлүнүү жаатында жүрүп жаткандай. Бир жагында Орусия менен Кытай, экинчи жагынан жамааттык Батыш. Дүйнө азыр ушинтип саясий бөлүнүүгө жол алган чакта Борбор Азия көрүнгөн жакка тартылып кетпей өздөрү биримдикке умтулуп, ушундай саммиттердин өтүп жатканы маанилүү. Кайсы бир чоң маселелер тууралуу сүйлөшүп алып, бирдиктүү позициясын билдирүүсү маанилүү. Азыр эле үйдө деле чырдашат дегендей, өз ара түшүнбөстүктү, чыр-чатактарыбызды дагы чечишибиз керек. Бирок азыр сырттагы, глобалдык деңгээлдеги маселелер күчтүү болуп жатат. Эгер биз бир муштум болуп биригип чыга алсак, анда кайсы бир ички маселелер өзүнөн өзү чечилип деле калышы мүмкүн деген дагы логика бар".

Дагы караңыз “Кытай-Борбор Азия” саммити. Таасир талаш талаасы


Саясат талдоочу Эмил Жороев дагы коңшулардын мамилеси жакшыра баштаганын белгиледи. Ал ошондой эле өз ара алака-катышта кандай гана маселе болбосун сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ынтызарлыгын көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Эмил Жороев.

"Борбор Азия лидерлеринин алтынчы жолугушуусу болуп жатат. Бул жолугушуулар чөлкөмдөгү мамлекеттердин мамилеси кыйла жакшырганын көрсөтөт. Буга чейинки көбүнесе эки тараптуу келишпестик, карама-каршы пикирлер болуп келсе, азыр ошондой маселелерди чечүүдө өз ара диалогго барууга даярдыгын, ачык экенин, сүйлөшүү жолу менен даяр экенин көрсөтүп жатат. Азыр алтынчы жолугушуудан кийин айрым серепчилер эмнеге Борбор Азияда биримдик уюшулган жок деп ошону күтүп жатат. Менимче, азыр кандайдыр бир уюм, биримдик түзүүгө шашылуунун кереги жок. Андай уюм зарыл эмес экенин чөлкөм лидерлери деле түшүнүп турат. Буга чейин аймактар аралык кызматташууда, диалогдордо мамилелер анча өнүгө электе эле бир уюмду, же институтту ачып, түптөп салышкан. Мындан улам алардын пайдасы деле болгон эмес. Ошондуктан азыр эле ушундай бир биримдиктин түзүлө калышын күтүү туура эмес. Албетте айрым мамлекеттер ортосунда өз ара маселелер бар. Борбор Азия болобу, башка чөлкөм болобу бул ошол аймактагы мамлекеттердин өз кызыкчылыгы бар экенин, пикир келишпестиктер, түшүнбөстүктөр болорун таануу, ошол эле маалда талаш-тартыш маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ынтызарлыгын көрсөтүү".

Дагы караңыз Борбор Азияны түйшөлткөн суу, коопсуздук жана соода


Астанадагы саммитин соңунда Борбор Азия лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Аймактык алака-катышты өнүктүрүүго багытталган “Борбор Азия-2040” аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясына жана 2025-2027-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасына кол коюлду.