Абдил Сегизбаевге тилектеш журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. Ал муну өз өмүрүнө коркунуч туулганы, бийлик тарабынан куугунтук болуп жатканы менен түшүндүрдү.
Юлия Барабина kaktus.media сайтына 15-февралда интервью берди. Анда блогер өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, себебин мындайча түшүндүргөн:
“Мени Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур кылышты. Буга үйүмдү негизсиз тинтүү, аңдуулар, тыңшоолор жана адвокаты жок суракка барганым негиз болду. Башында “мени жаңылыш суракка алышты, эми баары ордуна келет,” деген үмүтүм бар эле. Бирок андай болгон жок”.
Ошондой эле Барабина басылмага "Фейсбуктагы" "Правдоруб.кг" тайпасы жана ага жарыяланып турган билдирүүлөр тууралуу да кеңири айтып берген.
Аталган тайпада мурдагы ажо Сооронбай Жээнбеков баштаган бийликти, андан соң былтыр октябрь окуяларынан кийин келген азыркы бийликти сындаган билдирүүлөр жарыяланып турган жана ага Барабина администраторлук кылат.
Блогер 3-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка барган. Аны менен чогуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова, Кутман Мукашев жана Нурзада Токтогулова да суракка кирип чыкканы айтылган. Алар "Фейсбуктагы" билдирүүсү үчүн суралып жатышканы кабарланган.
УКМК бул тууралуу маалымат берген эмес. Атайын кызматтын өкүлү бул тууралуу ырасмий кабар таратпаганын, азырынча эч кандай маалымат бербей турганын айткан.
Ал эми активисттер өздөрү Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыпталып жатканын жазышкан.
“Юлия Барабина менен жеке байланышым жок. Аны Абдил Сегизбаевге кандай байланыштырып жатышканы тууралуу кабарым жок. Ал эми мен суракка бир жолу барып келдим, кайра чакыра элек. 3-февралда биздин үйдү тинтүүгө алышкан. Ошондо үйдөгү ноутбуктарды, телефондорду алып кетишкен. Азыр аларды кайтарып берише элек”, - деди Сегизбаевдин штабында басма сөз катчы болуп иштеген Мээрим Асанова.
“Медиа Полиси Институту” уюму Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштегендерге козголгон иш азыркы бийликтин оппоненти менен иштешкен адамдарга карата жасалып жаткан куугунтук деп эсептээрин жарыялаган.
Уюм иштин материалдары объективдүү жана ар тараптуу иликтениши зарылдыгын, кылмыш жок болсо сотко чейинки териштирүү тез арада токтотулушу керектигин белгилеген. Билдирүүдө айтылгандай, эгер суракка чакырылып жаткандардын иши сотко өтүп, өкүм чыкса, алар 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы ыктымал.
Юрист Нурбек Сыдыков айрым жагдайларга токтолду:
“Юлия Барабина “соц тармактагы башка кишинин билдирүүсү үчүн үйүмдү тинтүүгө алып, суракка чакырды” деп жазыптыр. Башкача айтканда Барабина бирөөнүн билдирүүсүн жарыя кылган. Андай болсо ошол билдирүүнү жазган адамды таап, аны менен Барабинанын байланышын аныктоо керек болот. Мына ушул учурлар далилденмейинче күбөлөрдү айыптоо мүмкүн эмес. Аларга карата тергөө иштери жүрүп жатканы да суроо жаратат”.
Жарандык активист Адил Турдукулов Юлия Барабинанын мурунку иштерин эске салды.
“Барабинага окшогон блогерлер Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда анын тролл фабрикаларын жетектеп турган. Ошол кездеги оппозиция өкүлдөрүн ыплас сөздөр менен мазактаганына күбө болгонбуз. Атүгүл буга өзүм да кабылгам. Бирок аларга карата куугунтук жүрүп жатканын колдобойм. Бийлик алмашканы менен УКМКнын иштөө системасы өзгөргөн жок. Алар саясий өңүттөгү иштерди улантып жатат”.
Блогер Юлия Барабина былтыр октябрда бийлик алмашкандан бери өз ишмердиги жана көз карашы үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин ачык жарыялаган биринчи адам болуп калды.
Саясатчы Кубанычбек Кадыров буларга токтолду:
“Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен демократиянын аралчасы деп айтылып жүрбөйбү. Эгер биз өнүгөбүз десек демократия жолу менен кетишибиз керек. Сөз эркиндигин кыспай. Мен буга караманча каршымын. Өзүм түрмөгө мыйзамсыз камалып чыккандан кийин сөз эркиндиги эмне экенин түшүндүм. Ал эми калыстык үчүн айтсам азыркы бийлик кайсы бир журналистти куугунтуктап жатыптыр дегенди уга элекмин”.
Абдил Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. 27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө изоляторунда кармалмай болгон.
11-февралда Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев жалпысынан алты иш боюнча суралып жатканын кабарлаган.
Мекеменин маалыматына караганда биринчи иш “Белизгейт” окуясына байланыштуу. Башкы прокуратура Сегизбаев 2016-жылы октябрь-ноябрь айларында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын үч депутаты жөнүндө жалган маалымат тараткан деп эсептейт.
Экинчи иш - Бишкектин Көк-Жар конушунда атайын кызматта иштегендер үчүн салынган үйдөн бир прапорщикке үч бөлмөлүү батирдин берилишине байланыштуу.
Үчүнчү иш - УКМКнын үч кызматкери энчилүү курал менен сыйланышы тууралуу.
Төртүнчүсү - Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелери тууралуу маселеге байланыштуу.
Бешинчи иш - көзөмөл органынын маалыматына караганда атайын кызматтын айрым жетекчилеринин 2017-жылы бюджеттин эсебинен чет өлкөлөргө барып келгени боюнча.
Мындан тышкары, Сегизбаев боюнча дагы бир иш жашыруун тергелип жатканы маалым болду.
Дагы караңыз Шайлоодон кийин камалган талапкерлерСегизбаевге байланыштуу кылмыш ишинин алкагында, тактап айтканда, Таш-Мойнок айылындагы жер тилкелерине байланыштуу аталган айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаева 8-февралда шектүү катары кармалган. Ал Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. Учурда Чодобаева УКМКнын тергөө абагында отурат.
Чодобаеванын жакындары 15-февралда, Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты.
"Кызымдын төрт баласы бар. Баары тең жаш, эң кичүүсү эки жашта. Биз аны үй камагына чыгарууну суранып чыктык. Үй камагына алып коюп, калган ишти мыйзам чегинде уланта беришин суранып жатабыз. Бирок бийлик тараптан эч ким бизге чыгып жооп берген жок", - деди Жылдыз Чодобаеванын атасы Токтогул Чодобаев.
16-февралда акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек шаардык сотунун төрагасына кайрылып, Жылдыз Чодобаеванын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүндү.
Мамытов шектүү же анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз берсе судья айыпталуучунун төрт баласы бар экенин эске алып, аны үй камагына же эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарыш керек, деп эсептейт. Акыйкатчы Аскер прокуратурасына да сотко ушундай өтүнүч берүүнү сунуштады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоого катышып, үгүт учурунда Садыр Жапаровдун дарегине көп кескин сын айткан. Ал жараянга катышкан шайлоочулардын 1,46% добушун алган.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 4-февралда парламентте сүйлөп жатып Сегизбаев ойдон чыгарылган жүйөлөр менен кармалганын белгилеген жана муну саясий куугунтуктун уландысы деп атаган.
Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов ага жооп кайтарып, Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептей турганын айткан жана “Чыгарылбаса, демек, алар ал жакта мыйзамдуу отурушат. Бул үчүн өлкөдө көзөмөл органы бар,” деп жооп берген.
Калматовдун айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаров инаугурациясынан кийин дароо президенттик аппараттын бардык кызматкерлерин, 3-февралда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, таза иштөөгө, мурдагы бийликтердин катасын кайталабоого чакырган.