Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда «Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти. Башкача айтканда добуш берүүнүн расмий жыйынтыктыгын чыгарды.
Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти.
Экинчи орунда Адахан Мадумаров 94 741 (6,79%) шайлоочунун добушун алган. Андан кийинки орундарда Бабыржан Төлбаев 32 979 (2,36%), Арстанбек Мыктыбек 23 583 (1,69%), Абдил Сегизбаев 20 335 (1,46%), Имамидин Ташов 16 383 (1,17%), Клара Сооронкулова 14 005 (1%), Аймен Касенов 12 684 (0,91%), Улукбек Кочкоров 9 397 (0,67%), Канатбек Исаев 8 038 (0,58%), Бактыбек Калмаматов 6 893 (0,49%), Элдар Абакиров 6 996 (0,50%), Курсан Асанов 6 885 (0,49%), Равшан Жээнбеков 2 652 (0,19%), Каныбек Иманалиев 2 490 (0,18 %), Женишбек Байгуттиев 1 327 (0,10%), Арстанбек Абдылдаев 1 157 (0,08%) добуш алды. Баарына каршы 18 673 (1,34%) киши добуш берген.
Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт.
Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда болорун президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.
Премьер-министрлик кызматын тапшырып шайлоого катышкан Садыр Жапаров президенттик кызматка кириши менен жаңы премьер-министрди шайлоо маселеси күн тартибине чыгат.
Мыйзамга ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары расмий токтотулганда өкмөт толугу менен кызматтан кетип, жаңы өкмөт куралганга чейин өкмөт мүчөлөрү милдетин аткаруучу болуп турат. Учурда премьер-министрдин милдетин вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып жатат.
10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдоду, 10% жакыны гана парламенттик өлкөнү жактаган.
Бул жыйынтыкка ылайык, Кыргызстанда президенттик башкарууну караган жаңы Конституция кабыл алынат. БШК жаңы референдум апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирүүдө. Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда президент аткаруу бийлигине толук жооп берип, өкмөт башчынын талапкерлигин өзү көрсөтө турган норма сунушталууда.
Бирок өткөөл мезгилдеги жаңы өкмөт учурда иштеп жаткан Конституция менен түзүлөт. Ага ылайык, парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкерлерди көрсөтүп, Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна сунуш кылат.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өткөөл мезгилдеги өкмөттүн курамынын түзүлүү негиздерине токтолду:
«Формалдуу мыйзам чегинде, жаңы шайланган президент кызматка киргенде, кийинки өкмөттүн калыптанышына, түзүмүнө анын иштешине түз тиешеси жок. Анткени өкмөт, азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын сунушу менен түзүлөт. Бирок алар өткөөл мезгилдеги убактылуу өкмөт болот. Анткени алдыда парламенттик шайлоо турат. Жаңы депутаттар шайланып келип, кайра жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин экономикалык жана социалдык кырдаалды туруктуу кармап тура алган кадрлар керек. Менимче, азыркы иштеп жаткан өкмөттүн негизги курамы иштеп турса жакшы эле болот. Радикалдуу өзгөрүүлөрдүн зарылчылыгы жок».
Парламенттеги башкаруу коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кыларын билдирген.
«Президент шайланды. Эми инаугурациядан соң премьер-министрликке талапкерлер расмий көрсөтүлүшү керек. Парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт. Бизге учурдагы абалыбызга жараша такшалган, тажрыйбалуу, экономиканы, чарбаны түшүнгөн адис келиши керек. Күткөнгө, үйрөнгөнгө убакыт жок», - деген эле Иса Өмүркулов.
2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү. Эл аралык эсептерде көрсөткүчтөр 10% түшөт деп бааланган. Себеп катары коронавирус жана ага байланыштуу киргизилген чектөө айтылып жатат.
Адистер кыргыз экономикасындагы бул өсүш темпи 1990-жылдардагы көрсөткүчтөргө теңелгенин белгилешүүдө. Башка маселе - илдеттин кесепеттери быйыл да уланышы мүмкүн.
Тышкы соода 2020-жылдын январь-ноябрында 5,1 млрд. долларды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 19,2% төмөндөдү. Экономиканын башка да тармактарында сезилерлик төмөндөө бар.
Шайлоодо атаандаштарынан көп добуш алган талапкер Садыр Жапаров 11-январда тарапташтарына кайрылган билдирүүсүндө экономиканы көтөрүү боюнча пландары бар экенин жана аны ишке ашырууга саясий эрки жетерин айткан жайы бар.
Жарандык активист Нурбек Муктар өткөөл мезгилдеги өкмөттү иштеп жаткан Конституция боюнча парламенттеги коалициялык көпчүлүк түзгөнү менен президент Садыр Жапаров макул болгон гана кадрлар келет деген ойдо.
«Буга чейин түз болбосо да кыйыр түрүндө президент көрсөткөн кадр премьер-министрлик кызматка дайындалып келген, - деди ал. - Маселе көшөгө артында чечилет. Азыр деле ошол система иштейт. Айырмасы жок. Парламент жөн гана бекитип берет. Жогорку Кеңешке эч кандай ишеним жок. Алардын мыйзамдык да, моралдык да укугу жок. Ал эми жаңы шайланган президент колундагы мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, каалаган кадрын койдурат. Буга чейинки президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков ушундай система менен иштеген. Эми жаңы президенттин инагурациясы өтсүн, үч айдай иштесин. Анан дайындаган кадрларына жараша пикирибизди билдирбесек, азырынча эрте».
2020-жылы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынын таасири менен Кыргызстандын экономикасы артка кетти. Социалдык маселелер да өкмөттү коколоп турат. Ички маселелерден тышкары Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болору азырынча так эмес. Ошентсе да Кыргызстандын президенттик шайлоону өткөрүп алганы туруктуулукка болгон чоң кадам катары бааланууда.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков элдин жаңы шайланган президенттен үмүтү чоң экенин белгиледи:
«Садыр Жапаров көпчүлүк шайлоочунун добушун алып, атаандаштарын утуп чыкты. Эми эл андан көп нерсени күтүп жатат. Көпчүлүк анын ишин байкап турат. Коомчулук ага 100 күн убакыт берет. Бул дүйнө колдонгон жазылбаган эреже. Ошондуктан ал алгачкы үч айда экономикалык кырдаалды оңдош үчүн радикалдуу кадамдарга барышы керек. Болбосо эл андан ирээнжип калат. Муну Садыр Жапаров да жакшы түшүнүп турат. Ал ишин бизнести колдоодон башташы керек. Мамлекеттик органдардын ыгы жок текшерүүсүн токтотушу зарыл. Ал эми Жетим-Тоо сыяктуу ири долбоорду иштетем деп аракет кылса, бул жакшылыкка алып барбайт».
10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын 79,22% добушун алып, атаандаштарынан кыйла алдыга чыккан.