"Соттун токтомун көрсөтүшкөн жок"
Адилет Балтабай соңку бир жарым жылдын ичинде эки жолу камалып, эки жолу сот залынан бошотулган. Ага үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмү чыккан.
Жубайы Гүлкайыр Жапарова аны милиция 15-декабрда кармап кеткенин билдирген:
“Жума намазынан кийин мага Адилет чалып, милиция кызматкерлери кармап кеткенин, бир суроо берип коё берерин айтты. Бирок коё беришкен жок. Мен райондук милициянын жетекчилигине чейин кирдим. Аны кармоо боюнча соттун токтому бар деп жатышат, бирок көрсөтө алышкан жок”.
Активистке эми кандай жаза берилери белгисиз. Аны кармаган Сокулуктун милициясынан, Пробация департаментинен "Азаттык" азырынча комментарий ала алган жок.
Адвокат Эрлан Казаков анын Бишкекке барганы үчүн кармоо негизсиз деп эсептейт:
"Бирок бул өтө талаштуу маселе, Сокулук Бишкекке жакын, барганга кантип болбосун?", - деди ал.
Адилет Балтабай өзүн Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткенин "Азаттыкка" кабарлаган. Кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
Дагы караңыз "Эркиндиктин баасы унутулууда". Кыргызстандагы адам укугунун абалыСоттун чечими
Өткөн айда Пробация департаменти Сокулук райондук сотуна кайрылып, активистке байланыштуу мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранган. Бул өтүнүчүн "ал пробация эрежелерин бузганы" менен негиздеген.
Адвокат Казаковдун айтымында, сот 10-ноябрда активистке колдонулган пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарган. Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берилген жана отурум 22-декабрда өтмөк.
“22-декабрда саат тогузда сот отуруму болмок. Ага карабай Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны кармап кетишти. Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту”, - деди Казаков.
Жакындары жана активисттер Адилет Балтабайдын кармалышын анын саясий көз карашына байланыштырышат.
Эки жолу камалып, эки жолу бошотулган
Адилет Балтабай алгач 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон эле. Мунун алдында жарандык активист бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып жүргөн.
Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи Май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.
Ал эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдоп пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайра камалган. Жазасын №27 абагынан өтөй турган болгон.
Адилет Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айткан жана абактан бошотууну өтүнгөн. Жогорку Сот 19-апрелде анын арызын канааттандырган. Үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган.
Адилет Балтабай быйыл октябрдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) атайын операциясы маалында криминалдын анабашы аталган Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин социалдык тармактагы баракчаларына түз эфирге чыгып, окуя боюнча пикирин билдирген. Кийин аны УКМКнын кызматкерлери суракка алып, Көлбаевге байланыштуу суроолорго жооп бергени айтылган.
Жарандык коомдун сыны, бийликтин жообу
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстанда сынчыл көз караштардагы кишилердин кармалышын өлкөдө акыркы кездери кабыл алынып же толукталып жаткан мыйзамдар менен байланыштырды. Юрист демократиянын, сөз эркиндигинин абалын көрсөткөн эл аралык индекстерде Кыргызстандын орду төмөндөп жатканын мисал келтирди:
"Рейтингдерде Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер менен бир катарга туруп калдык. Ал эми Казакстан жана Өзбекстандын көрсөткүчү бизге салыштырмалуу позитивдүү болуп жатат. 2021-жылга чейинки индекстерде Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын көрсөткүчү жакшы болчу".
Укук коргоочулардын жана эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусуна карабай, Кыргызстандын бийлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына, жарандык активисттерге болгон басым-кысым, куугунтуктоо тууралуу дооматтарды четке кагат жана акыркы кездеги кармоолор мыйзам чегинде болуп жатканын, баарын сот чечерин билдирип келет.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.
15-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда сүйлөгөн учурда “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” айтты.
Пробациялык көзөмөл тууралуу кыскача маалымат
- Кылмыш-жаза кодексине ылайык, пробациялык көзөмөлгө алынган жаран өлкөнүн чегинен чыкпашы керек. Пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө же алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарлашы зарыл. Каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келип турушу кажет. Ошондой эле сот аныктаган убакытта жашаган жеринде гана болушу көрсөтүлгөн. Андан тышкары, белгилүү бир адамдар менен байланышпашы, белгилүү бир жерлерге барбашы керектиги жазылган. Бирок кодексте "белгилүү адамдар" жана "белгилүү бир жерлер" дегенге түшүндүрмө берилген эмес.
- Соттолгон адам пробациялык мөөнөттүн ичинде кылмыш жасаса, сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана жаза чегерет.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп, же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.