Мекеме Суданда кырсыкка учураган учакка байланыштуу талкууга түшкөн окуядан кийин Кыргызстанда катталган авиакомпанияларды текшере баштаган.
Кыргыз авиация агенттигинин укуктук колдоо жана кадрдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы Бектур Жумалиев “Азаттыкка” Кыргызстанды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу аракети, ички каттамдарды жөнгө салуу, билет баасы жана башка маселелер боюнча маек курду.
- Бектур мырза, маалымат каражаттары Бишкектеги “Манас” аэропортунун IATA коду алмаша турганын жазып жатышат. Бул тууралуу толугураак маалымат бересизби?
- Бишкектеги “Манас” аэропортунун FRU деген үч тамгадан турган IATA кодун алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул процесс жарым жылдан бир жылга чейин созулат. Анткени бул боюнча биз эл аралык авиакомпаниялар менен макулдашуубуз керек. Азыр IATA боюнча үч тамгалуу BSH деген код бош. Бул код бир эле “Манас” аэропортуна берилет.
Мында эч кандай каржылык чыгым да болбойт. Анткени азыр бул тармакта баары эле электрондук негизде иштеп калбадыбы.
Дагы караңыз Суданда атып түшүрүлгөн учак, "Манас" аэропортунун түшүндүрмөсү- Президент Садыр Жапаров Судандагы учак кырсыгына байланыштуу Кыргызстандын авиация тармагында көзөмөлдү күчөтүү боюнча билдирүү жасап, жарлыгын чыгарды. Агенттик көзөмөл ишин кандай жүргүзүп жатат?
- Операторлук күбөлүк аркылуу Кыргызстанда катталган авиакомпанияларга жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча каттамдарды аткарууга уруксат берилет. Бул күбөлүктү Жарандык авиация агенттиги берет. Президенттин жарлыгына ылайык, жаңы ачылып жаткан авиакомпанияларды каттоо жана күбөлүгүн берүүгө тыюу салынып, убактылуу мораторий киргизилди. Бул улуттук авиация тутумун чыңдоо жана анын ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн, эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында кабыл алынды. Жарандык авиация агенттигинде жүргүнчүлөрдү ташуучу алты, жүк ташуучу 12 компания катталган. Агенттик ушул жарлыктын негизинде Кыргызстандын аймагынан тышкары учууларды ишке ашырган жана өлкөнүн аэропортунда бир айдан ашык турбаган аба кемелери, мисалы, учак, тик учактары бар компанияларды текшерет, талаптар сакталбаган болсо, алардын күбөлүктөрү алынат. Бул жарлык 14-ноябрда күчүнө кирип, биздин кызматкерлер текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.
Жүк ташыган 12 авиакомпания бар деп жатпаймынбы. Алардын айрымдарынын учактары Кыргызстандын аймагындагы аэропорттордо турат. Алты-жети компаниянын учактары чет өлкөлөргө каттамдарды аткарат. Алардын ишмердигин текшерүү бир-эки айга созулат.
Дагы караңыз Авиабилет эмне үчүн кымбаттап жатат?- Суданда учак кырсыгынан кийин бир катар басылмалар да жазып, коомчулукта талкууга түштү. Агенттик жана тиешелүү мамлекеттик мекемелер мында Кыргызстандын тиешеси жок экенин айтканы менен, талаш жараткан окуя болуп калды. Мындан кандай сабак чыгардыңыздар?
- Бул окуя боюнча “Манас” аэропорту берген “тархетка” аркылуу биз анын каякта, кантип учуп жүргөнүн көзөмөлдөй албайбыз да. Ал учак бизде акыркы учурда каттоодо болгон эмес. Ошондуктан бизге эч кандай жаман таасирин тийгизген жок.
Биз 2023-жылы Эл аралык авиация уюмунун бир аудитинен өттүк. Быйыл августта авиациялык коопсуздук боюнча да аудиттен өтүп, 80ден жогору пайыз алдык. Бул көрсөткүчтү дүйнөдөгү авиациясы күчтүү өлкөлөр гана алат. Эгер биз сөз кылган Судандагы учак Кыргызстанда катталып, ошондой кооптуу жүктү алып бараткан болсо, бизге таасири тиймек.
- Эл аралык авиация агенттигинин аудиттери жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Ушундан улам Кыргызстанды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу аракети кандай жүрүп жатат?
- Ушул жерде кененирээк маалымат берип койгум келет. Европа Биримдигинин мобилдүүлүк жана транспорт боюнча департаменти бар. Ошол мекеменин кызматкерлери убагында бизге келип, текшерүүдөн кийин “кара тизмеге” киргизишкен. Ал эми биз Эл аралык авиация уюмунун мүчөсүбүз жана анын талаптарына биздин өлкөдөгү ченемдик-укуктук актыларды шайкеш келтиребиз.
Авиацияда негизги эки тармак бар – учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук. Эки багыт боюнча Эл аралык агенттик аудиттерди өткөрүп турат. Биз былтыр жана быйыл эки аудиттен өткөндөн кийин биз уюмга шайкештигибизди билдирип жатабыз.
Ал эми “кара тизме” боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги Евробиримдиктин департаменти менен быйыл үчүнчү жолу жолугушууларды өткөрүп жатат. Евробиримдиктин эксперттери биздин тийиштүү талаптарды аткарып, аудиттерден өтүп жатканыбызды баалашууда. Президенттин жарлыгы бир жагынан “кара тизмеден” чыгуу аракетин да камтыйт.
Бизде авиакомпаниялар улам ачылып жатып, көбөйүп кеткен. Азыр мораторий киргизип, Жарандык авиация агенттиги каттоодогу компанияларды тыкыр көзөмөлдөп, Евробиримдиктин департаменти койгон талаптарын канааттандыра турган болсок, алардын кызматкерлери биздеги авиакомпанияларды текшере баштайт. Агенттик бардык талаптарга жооп бергени менен, авиакомпаниялардын ишмердиги ага төп келбей калса, анда жасалып жаткан жумуштар жокко чыгат. Баарын башынан баштоого туура келет. Ошондуктан алгач Жарандык авиация агенттиги өзүнүн карамагындагы иштерди, документтерди карап чыгып, көзөмөлдү күчөтүп, талаптарга дал келбеген авиакомпаниялардын күбөлүгүн жокко чыгарышы керек.
Дагы караңыз "Тез Жеттин" аба каттамдарынын токтошу нааразылык жараттыНоябрь айынын соңунда Евробиримдиктин транспорт жана коопсуздук комитетинин отчетуна катышып, Кыргызстан жакшы кадамдарды таштап жатканын көрсөтөбүз. Ошону менен келерки жылы Евробиримдиктин эксперттери өлкөгө келиши мүмкүн.
“Кара тизменин” эки айырмачылыгы бар. Биринчиден, башка өлкөлөрдө мамлекеттин бир авиакомпаниясы кирген. Ал эми Кыргызстан бул тизмеге мамлекет катары киргенбиз. Кайсы бир авиакомпания Кыргызстанда катталган болсо, ал дагы дароо “кара тизмеге” кирип калат.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Евробиримдик бизге “ушул убакта тизмеден чыгасыңар, уча баштайсыңар” деп айтпайт. Алар документ сурайт, биз беребиз. Анын да эч кандай мөөнөтү жок, карап бүткөндө гана байланышат. Биз алардын процедурасы менен ишти улантабыз.
- Эми ички каттамдар тууралуу сөз кылсак. “Манас” аэропорту туунду компаниясын түптөп, жаңы учактар алынды. Коомчулукта эми билет баасы арзандайт деген үмүт актала электигин айткандар да бар. Кыргызстанда авиакомпаниялардын атаандаштыгы жетиштүү элеби жана баа маселесин чечүүгө болобу?
- Бизде атаандаштык жакшы эле, учурда бир нече компаниялар – Sky FRU, “Авиатрафик”, “Тезжет”, “Эйрномад” жана жаңы ачылган “Асман Эйрлайнс” каттамдарды аткарып жатат. Билеттин баасы бир гана каттамдын негизинде эле аныкталбайт, анын күйүүчү майы жана зарыл каражаттары бар. Алардын баалары да кымбат. Биз баа боюнча иш алып барууга аракет кылабыз. Анткени бул деле социалдык маселе болуп жатпайбы. Баасын мындан ылдыйлатуу мүмкүн эмес, бүт баары кымбаттап жатат. Чечүүнүн бир эле жолу - дотация жана субсидия берүү. “Асман Эйрлайнсты” баары мамлекеттик дегени менен, ал “Манас” аэропортунун туунду компаниясы. Балким, ошол компанияга мамлекеттик мекеме катары макам берип, ошонун негизинде дотацияга киргизип, субсидия берүү менен чечилиши мүмкүн.
- Бул азыр талкууланып жаткан маселеби?
- Азырынча бул ниет, талкууланып да жатат.