"Беш жылда 14 операция". Айназик жардамга муктаж

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Ак-Тилек айылынын 9 жаштагы тургуну Айназик Авазова акыркы 5 жылда 14 жолу операция болду. Кызыл өңгөчүндө пайда болгон өсмө улам чоңоюп кетип, жеткинчекти кыйнап келет. Кызынын ден соолугу үчүн күрөшкөн ата-эне карызга батып, жардамга муктаж болууда.