Белград Косово боюнча планды четке какты

Өкмөттүн алдына нааразылык билдирип чыккан белграддык, 8-апрель, 2013-жыл

Сербиянын өкмөтү Европа биримдигинин арачылыгы менен түзүлгөн Косово менен элдешүү планын четке какты, ошол эле мезгилде сүйлөшүүнү улантууга дилгир экендигин айтып чыкты. Ушуга байланыштуу Европа Биримдигинин улук өкүлү Белградды өз турумун тактоого чакырууда.
Европа биримдигинин колдоосу менен түзүлгөн план биримдикке кирүүгө умтулган Сербия менен бул жумурияттан бөлүнүп кеткен Косовонун ортосундагы алаканы жөнгө салууга багытталган.

8-апрелде Сербиянын өкмөт башчысы Ивица Дачич анда Сербиянын кызыкчылыктары жетиштүү камтылган эмес деген жүйө келтирди:

– Буга чейинки диалогго катышуу менен, мунасага даярдыгы аркылуу Сербиянын өкмөтү жалпы келишимге жетишүүгө чын дилден кызыкдар экендигин көрсөтүп келди. Сербиянын өкмөтү өзүнүн сүйлөшүүдөгү делегациясына ооз эки айтылган жоболорду кабылдай албайт. Анткени алар Косово менен Метохиядагы серб улутунун мүчөлөрүнүн коопсуздугун, улут катары сакталышын жана адам укуктарынын корголушун кепилдебейт.

Ивица Дачич

Дачич айткан Косово менен Метохия бул Сербиядан бөлүнүп кеткен Косовонун социализмдин тушундагы аталышы. Косовонун 40 пайызын түзгөн Метохияда калктын басымдуу бөлүгүн сербдер түзөт.

Дачич соңку «оозеки» делген сунуштар кайсылар экендигин тактаган жок, бирок Белград Косовонун түндүгүндө отурукташкан 50 миң чакты сербге кеңири автономия берүүнү талап кылып келет.

Ошол эле убакта премьер серб өкмөтү сүйлөшүүнү улантууга даяр экендигин бышыктады:

– Сербиянын бийлиги Приштинадагы убактылуу өзүн башкаруу институттарынын өкүлдөрү менен диалогду кечиктирбей, Европа биримдигинин арачылыгы менен кайра баштоону каалайт. Сербиянын өкмөтү муну менен Косово менен Метохияда жашаган бардык элдердин толук коопсуздугун, туруктуу тынчтыкты камсыздоо үчүн кабелтең пайдубал болуп берүүчү келечектүү макулдашууга тынчтык жол, диалог менен жетүү далалатын бышыктайт.

Сербиянын пландан баш тартып, бирок сүйлөшүүнү улантууга мынча ыкластангандыгы Белграддын көздөгөнү эмне деген суроо жаратты. Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Сербияны келишимге келүү үчүн дагы бир жолу чымырканып аракет кылууга үндөдү.
Сербиянын өкмөтү өзүнүн сүйлөшүүдөгү делегациясына ооз эки айтылган жоболорду кабылдай албайт.
Ивица Дачич

Эштондун маалымат катчысы Мая Кожиянчич каалаганы эмне экендигин Белград анык-так айтышы керектигин белгиледи:

Сербия сунуштарды четке какты, ошол эле убакта диалогду дароо уланталы дейт. Сөз болуп жаткан маселелерди биз көптөн бери талдап келатабыз. Анын элементтери бүт ордунда деп ойлойбуз. Айтор, убакыт тар болгондуктан, алар каалаганы эмне экендигин тактап коюшса жакшы болот эле.

Эштон сүйлөшүүдөгү жылыштар тууралуу 16-апрелде отчет бериши керек. Ошого жараша дагы башка кырдаалдарды эске алуу менен Евробиримдик Сербия менен июнда мүчөлүк сүйлөшүү баштоо-баштабоо тууралуу чечим кабыл алат.

Косово Сербиядан 2008-жылы бөлүнүп кеткен. Аны азырга чейин 90дон ашык өлкө тааныды. Алардын ичинде Европа биримдигине кирген 27 өлкөдөн 22си да бар. Сербия Косовонун өз алдынчалыгын эч качан тааныбай тургандыгын айткан. Сербдердин көбү Косовону өз улутунун жана славян дининин түп ордосу деп эсептейт.