Мария Колесникова менен Максим Знакка үч берене боюнча айып тагылып, эркинен ажыратылды. Ал эми Беларус бийлигин, анын ичинде Александр Лукашенкону сынга алган спортчулар чет өлкөлөрдөн башпаанек сурап чыгып кетүшүүдө.
Активисттерге каршы өкүм чыкты
Беларус соту 6-сентябрда оппозициянын алдыңкы өкүлдөрү, Координациялык кеңештин мүчөлөрү Мария Колесникованы 11 жылга, Максим Знакты 10 жылга абакка кести. Сот аларды "улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасаган, бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурган, экстремисттик уюм түзүүгө аракет кылган" деп тапты.
Беларус прокуратурасынын маалыматы боюнча, Знак менен Колесникова "башка адамдар менен бирге 2020-жылдын 16-июлунан бери бийликти конституциялык эмес жолдор менен басып алуу үчүн кутум уюштурушкан".
"Алар өздөрүн Беларустун жарандарынын басымдуу бөлүгүнүн өкүлдөрү катары жарыялап, Тихановскаянын шайлоодо жеңгенин эл алдында айтып келишкен. Беларус элинин бийликке жана башкарууга болгон ишениминин жоголушун, азыркы өкмөттүн алсыздыгын жүйөө кылышкан", - деп билдирет Башкы прокуратура.
Дагы караңыз Беларус: бийликке каршы акциялар, батыштагы "акыркы диктатор"Деген менен Колесникова менен Знак өзүлөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны саясий куугунтук катары сыпаттап жатат. Алардын адвокаттары соттун өкүмүнө 10 күндүн ичинде Жогорку сотко даттанарын билдиришти.
"Бул өкүм мыйзамсыз жана негизсиз, ал далилдерге негизделген эмес. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө алардын күнөөсү да, жада калса аларга тагылган кылмыштар да тастыкталган жок. Албетте биз адвокаттар 10 күндүн ичинде Жогорку сотко кайрылабыз. Менимче соттолуучулар өздөрү да арыз жазышат ", - деп жазат Знактын адвокаты Евгений Пылченко.
Ал эми оппозициянын лидери Светлана Тихановская сот өкүмү чыгары менен Колесникованын жана Знактын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, беларус бийлигинен аларды тезинен бошотууну талап кылды.
"Бул - режимге каршы чыгууга белсенген беларустарга каршы террор. Биз Беларуста ар бир адам эркин болмоюнча токтобойбуз", - деп жазды "Твиттерге" Тихановская.
"Бүгүнкү соттун өкүмү мен үчүн күтүүсүз болгон жок"
4-августта башталган соттук териштүүлөрдүн баары жабык өтүп, дүйшөмбүдөгү сот отурумуна соттолуучулардын туугандары да киргизилген эмес. Мария Колесникованын атасы Александр Колесников менен "Настоящее время" телеканалы байланышып, кызынын абалын сураган.
"Бүгүнкү соттун өкүмү мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Албетте, мен кандайдыр бир кереметти күткөм. Бирок Беларуста, тилекке каршы, административдик жаза боюнча актоо өкүмү жок. Бул биздин бийликтин, сот системасынын позицияларын бекемдөө үчүн иштеп жатканынан кабар берет. Бул нерсе репрессияга да тиешелүү. Негизсиз, далилденбеген өкүмдөргө да тиешелүү. Ал эми бүгүн жарыяланган өкүм, балким, биз бир канча убакытка чейин ушундай катаал кысымга дуушар болорубуздун далили деп ойлойм", - деди Александр Колесников.
Беларуста былтыр августта өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин өлкөнү узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигине каршы акциялар токтобой келет.
Дагы караңыз
Беларуста кезектеги акция кармоо менен бүттүМария Колесникова былтыр президенттикке ат салышууну көздөгөн банкир Виктор Бабариконун штабын жетектеген. Бабарико камалгандан кийин Колесникова жана дагы бир саясатчынын жубайы Вероника Цепкало экөө шайлоого катышууга уруксат берилген жалгыз оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын штабына кошулуп, аны алдыга сүрөшкөн.
Колесникова шайлоодон кийин да Беларуста болуп, оппозициянын жүрүштөрүнүн башында турган. Аны 2020-жылдын 7-сентябрында Минскинин борборунда белгисиз беткапчан адамдар кармап кетишкен. Эртеси күнү Беларустан чыгарып жиберүү үчүн украин чек арасынан өткөрүүгө аракет кылышкан. Чек арадан ары чыгарып жиберерде Колесникова каршылык көрсөтүп паспортун тытып салган. Аны кайра Минскиге алып келип, түрмөгө камашкан. Анын үзөңгүлөшү, юрист Максим Знак дагы былтыр сентябрда кармалган.
Экинчи беларус спортчу Польшадан башпаанек алды
Ал арада жекшембиде беларус ат спортчусу Ольга Сафроновага Польша саясий баш калка берип, учурда ал Варшавада жашап жатканын өлкөнүн маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Спортчунун адвокаты Томиш Вилински агенттикке билдиргендей, Сафронова Токиодогу Олимпиада оюндарында Беларус курамасында ойношу керек болчу, бирок оюнга чыгардын алдында анын аттарынын биринде "допинг чыкты" деген айыптоолор менен курама командадан четтетилген. Андан кийин спортчу соцтармактарда Беларустун аткаминерлери жана Александр Лукашенкону сындаган пикирлерин жазган. Мындан улам Сафронова өлкө чыккынчыларынын кара тизмесине кошулганы айтылууда. Ошондон кийин Сафронова Беларуска кайтып келбөөнү чечип, Польшадан башпаанек сураган.
Ольга Сафронова - Беларустун aт спорту боюнча учурдагы чемпиону жана 2019-жылкы дүйнө чемпионатынын финалисти.
Ал Польшадан башпаанек алган экинчи беларус спортчусу. Буга чейин жөө күлүк Кристина Тимановская да Польшадан саясий башпаанек алган.
24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.
1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракеттенип, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.
Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сураган. Тимановскаяга Польша саясий баш калка берип, гуманитардык виза менен ал Варшавага учуп келген.