Бул кадам былтыркы президенттик шайлоону бурмалап, каршылык акцияларын баскан Беларустагы окуялардын бир жылдыгына карата жасалды. Беларус оппозициясы санкциялар режимди эсептешүүгө мажбурлай тургандай, натыйжалуу болушун талап кылды.
1994-жылдан бери бийликте отурган Лукашенко былтыр шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон каршылык акцияларына катаал репрессиялар менен жооп кайтарды. 32 миңден ашуун адам кармалып, миңдегени токмоктолуп, кыйноого алынган. Оппозиция лидерлери камалып же айрымдары качууга аргасыз болду. Президенттикке талапкер Светлана Тихановская шайлоо бурмаланганын жарыялап, бирок кысымдан улам өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
Режимди ийге келтирүүнүн жолу
Батыш Лукашенконун легитимдүүлүгүн тааныбай, ага карата айрым санкцияларды киргизген. Ага карабастан репрессиялардын толкуну улам күчөгөнүн белгилеп келаткан беларус оппозициясы режимди эл аралык обочолонтууга алып келчү, мурда Иранга колдонулган саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана финансалык таасирдүү санкцияларды киргизүү зарыл деген демилге көтөрдү.
“Азыр режим өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөй жатканда ага карата жаңы санкциялар топтомун колдонуу зарыл. Анткени, алар башкача сүйлөшкөндү түшүнбөйт. Тарыхты карасак, жалаң катаал санкциялар гана Лукашенкону эсине келтирген. Албетте, санкциялар күмүш ок эмес. Бирок алар репрессияларды токтотуп, саясий туткундарды бошотууга жардам берет. Санкциялар биргеликте колдонулса натыйжалуу болот. Бардык демократиялуу өлкөлөр - АКШ, Канада, Улуу Британия бир муштумдай туруп, бир учурда чогуу санкцияларды киргизсе, ошондо гана таасири күчтүү болот”, - деди бозгундагы беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.
Экспортту чектөө, эпкини тийчү тармактар
Лукашенконун өкүмзордугунун бир жылдыгына карата АКШ, Британия жана Канада Беларуска бир учурда, буга чейин Евробиримдик бекиткен чараларга кошулуп, соода, финансылык жана авиациялык тармактарга жаңы санкциялар топтомун киргизди. Ага ылайык, беларус учактарынын учуп-конуусуна жана Лукашенко баш болгон кызмат адамдарынын учактарын тейлөөгө тыюу салынат.
Ошондой эле режимдин мыйзамсыз туйтунуу булагы катары белгиленген, Беларуста өндүрүлгөн негизги экспорттук товарларды, анын ичинде, мунайды, калий жер семирткичин жана тамекинин чийки затын сатып алуулар чектелди. Буга кошумча өлкөдөн чыккан курал-жарактарга киргизилген эмбарго күчөтүлдү. Санкциялык тизмеге жалпысынан 40тан ашуун компания киргизилди.
“АКШ жалгыз аракеттенип жаткан жок. Биз Британия, Канада жана Евробиримдик кабыл алган соңку аракеттерди колдойбуз. Ошондой эле Литванын, Польшанын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн беларус элинин демократияга умтулуусун колдогонун баалайбыз жана кубаттайбыз”, - дейт АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс.
Мындан башка режимге өзгөчө сокку ура турган санкциялардын бири - Беларус экономикасынын күрөө тамыры болгон финансалык-банк тутумуна тиешелүү чаралар. Беларустун баалуу кагаздарын сатып алууга жана банктарын насыялоого тыюу салынды.
Лукашенконун жообу
“Мындай катаал санкциялык чаралардын натыйжасын көрө жатабыз “ деген Александр Лукашенко ага карата айтылган дооматтарды кайрадан четке какты:
“Биз оор жылды баштан кечирдик. Чынын айтсам, соңку мезгилде болуп өткөн окуялардын көпчүлүгү атайлап бурмаланып айтылууда. Керек болсо, жумшак айтканда, биздин каршылаштар бардыгын бутун башына чыгарып, астын-үстүн коюп жатышат”.
Ошондой эле санкциялык тизмеге Лукашенко менен кызматташкан башка өлкөлөрдөгү ишкерлер менен инвесторлор да кире турган болду. Буга Беларустун Улуттук Олимпиада комитети да кошулду.
Канада менен Британия Беларустун 72 жаранын, негизинен Лукашенкого жакын ишкерлер менен аткаминерлерди “кара тизмеге” кошту.
Батыш Лукашенко репрессияны токтотпосо, аны эл аралык обочолонтуу аракети тереңдеп, режимди расмий бийлик катары тааныбастыгын эскертти.
Бирок бул эл аралык санкциялар Беларус менен соода-экономикалык алака кылган үчүнчү өлкөлөргө дагы тиешеси болобу же жокпу, азырынча белгисиз.
Тармактык жана персоналдык санкциялар топтому этап-этабы менен күчүнө кирери жарыяланды.