Бейшеналиев vs Жумабеков: тирешти атайын комиссия иликтей баштады

Сабырбек Жумабеков жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна байланыштуу маселени атайын комиссия иликтейт. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди. Өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлиги аталган борбордун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлгөнүн билдирген. Мекемени жетектеп келген Сабырбек Жумабеков бул маселеге президент чекит кое турганын айтууда.

Президенттин чечимин күткөн тиреш

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жоюлушун бир жыл мурун башталган реформа катары түшүндүрүп жатат. Анын айтымында, Сабырбек Жумабеков 17 жыл башкарган мекеменин макамы өзгөрүп, мындан кийин бейтаптарга тез жардам көрсөткөн ооруканага айланат.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде маселени чечүү жолу тууралуу ою менен бөлүшкөн:

Алымкадыр Бейшеналиев

“Бул - Саламаттык сактоо министрлигинин деңгээлинде чечиле турган маселе. Мекеме бизге карайт. Биз өзүбүздүн мекемебизге кире албай койдук. Мен вице-премьер-министр Эдил Байсалов менен жолуктум, сүйлөштүк. Алар бул маселеден кантип чыгабыз деп атышат. Мен ачык эле айтып койдум. Жумабеков 2004-жылы оорукананы кантип алган болсо, эми ошентип эле бериш керек. Биз аны кет дебейбиз. Ал кафедра жетекчиси болуп калып, бизге жардамчысын кошуп берсе... Биз оорукананы бир айдын ичинде өткөрүп, юридикалык жактан келтирип алсак. "Тез жардам" машинелери кайра иштей баштаса, анда Бишкек шаары жана кыргыз үчүн чоң пайда болот”.

Бирок жоюлганы айтылып жаткан борборду узак жылдан бери жетектеп келаткан Сабырбек Жумабеков министрдин буйругун аткаруудан баш тартып, тарапташтары менен министрдин эки орун басарын имаратка киргизбей койгон. Алар жаңы түзүлгөн оорукананын жетекчилерин жамаатка тааныштырганы барганы айтылды.

Сабырбек Жумабеков Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жоюп салуу туура эместигин айтып, министрдин буйругун мыйзамсыз деп эсептейт.

Сабырбек Жумабеков

“Биздин Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөнүбүзгө 4-5 жыл болуптур. Бул туурасында ошол учурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин токтому турат. Бирок оорукананын имараты, жери өткөн жок. Дагы эле муниципалдык менчик болуп эсептелет. Ошол токтомдо "Саламаттык сактоо министрлиги бул мекемелердин атын өзгөртүп, же башка мекемеге кошо албайт" деп жазылып турат. Өкмөттүн токтому менен гана өзгөрүш керек. Биздин устав 2004-жылдан бери өзгөрө элек. Алымкадыр Бейшеналиев ушуларды бузуп атат. Ошондой эле министрлик кайсыл бир мекемени жоюш үчүн, эки ай мурун кат жөнөтүш керек эле. Мындан тышкары мен эмгек өргүүсүндө жүрөм. Ошон үчүн биз киргизбей койдук. Анткени бул - баскынчылык. Президент мени кабыл алып, менин чындыгымды угат деген үмүтүм бар”.

Дагы караңыз Тумоо балдарды эмдөө маселесин эске салды

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору 2004-жылы 17-марта Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы келишимге ылайык түзүлгөн. Мекемени ошондон бери Сабырбек Жумабеков жетектеп келет.

2017-жылы Бишкек мэриясы шаардагы 43 медициналык мекемени толугу менен Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берген. Анын ичинде Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору бар.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева талаштуу маселе боюнча мындай пикирин айтты:

Виктория Мозгачева

“2017-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун башкаруу Саламаттык сактоо министрлигине толук өткөрүлүп берилген. Бишкек мэриясы негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгып кеткен. Бирок бул макулдашуу ишке ашпай, азыр сөз болуп жаткан оорукана толук өтпөй калган. Биздин юристтер аталган келишимди аягына чыгаруу үчүн иш алып барууда. Мыйзамга ылайык, аталган мекеменин ишин жөнгө салуу, координациялоо укугу Саламаттык сактоо министрлигинде”.

7-февралда президенттин басма сөз кызматы талаштуу маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, жакын арада анын жыйынтыгы белгилүү болорун билдирди. Сабырбек Жумабеков аталган комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп жатканын айтты.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев эки тараптын ортосундагы түшүнбөстүктү укуктук жол менен чечүүгө чакырды:

Талантбек Батыралиев

“Президент менен парламент колдоп шайлаган өкмөттүн чечими аткарылышы керек. Анын туура же туура эместиги башка маселе. Эгерде түшүнбөстүктөр болуп, бул чечимде каталар кеткен болсо, эки тарапты укуктук жолдуу издөөгө чакырам. Ошол эле учурда Сабырбек Жумабеков жөнүндө айтылган оор сөздөр туура эмес. Мындай тиреште кызмат адамдарынын этикасына туура келген сөздөр сүйлөнүшү керек. Анын үстүнө алдын ала кимдир бирөөнү айыптоо катачылык”.

57 жаштагы хирург Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун 2004-жылдан бери башкарып келет. 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, бир жылдан кийин өз каалоосу менен кайра мурунку жумушуна кайткан. Ал бир нече эл аралык жана мамлекеттик сыйлыкка татыган. 2007-жылы 16-декабрда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда парламентке бийликчил "Ак Жол" партиясынан депутат болуп шайланып, беш күндөн кийин, 21-декабрда мандатынан баш тарткан.

Бир тууган иниси Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы чакырылышта спикер болгон. Дагы бир иниси Алмазбек Жумабеков Нарын облустук милициясынын башчысы. Жумабековдун баласы Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектейт.

Сабырбек Жумабеков башкарган Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору 2004-жылы "Тез жардам" кызматынын клиникалык ооруканасынын базасында түзүлгөн. Оорукана 500дөй орунга ылайыкталган. Коомчулукта бейтапканадагы шарттын начардыгы тууралуу сын-пикирлер көп, анын жетекчисин "мыкты ортопед, хирург катары" сыпаттагандар да бар.

Дарыгерлердин каршылыгына туш болгон реформа

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин чечимдери алгачкы жолу сынга алынып же талкуу жаратып жаткан жок. Ал декабрь айында Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаевди кызматтан алган. Жыйынтыгында борбордо иштеген дарыгерлер министрдин кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

Дагы караңыз Министр Бейшеналиевди отставкага кетирүү талабы айтылды

Кардиолог, профессор Калдарбек Абдраманов министр баштаган реформаларга баасын берди:

Калдарбек Абдраманов

“Кайсыл министр болбосун реформа жүргүзөйүн дейт. Мен бул ойду колдойм. Анткени 30 жылдан бери жасалып атканы айтылган реформадан жыйынтык болгон эмес. Ошол эле учурда азыркы кадамдарды системалуу эмес, локалдуу реформа деп атасак болот. Мунун министр өзү деле түшүнүп турса керек. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жойбой эле, жаңы тез жардам ооруканасын ачса сонун болмок. Министр тармакты толугу менен өзгөртөм десе, системалуу өзгөрүүгө барыш керек. Ал үчүн көп каражат да керек болот. Жаңы жабдыктар сатып алынмак”.

Реформага ылайык, Республикалык психикалык ден соолук борбору менен Республикалык норкология борбору бириктирилип, Кургак учукка каршы ооруканалардын анын кыйла кыскартылган. Ал эми Улуттук онкология борборундагы Маммология борбору жоюлуп, кадимки бөлүм катары иштей баштаган.

Дагы караңыз Министр Бейшеналиев парламентке "кыр" көрсөттү

Медицина жаатындагы адис Бермет Барктабасова министрдин реформасын сынга алды:

Бермет Барктабасова

"Министр медицина коомчулугун нес абалга кептеп, өлкөнүн башкы дарыгери бардык нерсеге даяр экенин көрсөтүүдө. Улуттук онкология жана гематология борбору өзүнүн маммалогия бөлүмүнөн кол жууду. Көкүрөк рагы - онкологияда аялдар эң көп каза болгон илдет. Психиатрия менен наркология эмне максатта бириктирилгени белгисиз. Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт. Бул тармакта эмне маселе чечилди? Улуттук кардиология жана терапия борборунда болсо элдин көз алдында эле түшүнүксүз окуя болду. Ал эми Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна Тез жардам ооруканасын ачууну ким сунуштады? Ага барган жолдо дайыма транспорт тыгыны байкалат. Бул реформа эмес. Жеке таарыныч, өч алуу болушу мүмкүн".

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келет. Ал коронавирусту дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын сунуштаган. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин жарыялап, талкуу, сындын чордонунда калган.

Коомчулуктагы мындай реакцияларга карабай, медицина тармагында реформа жүргүзөрүн айтып келет.