2020-жылы Орусиядан келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат (ИВЛ) колдонулбай, Бишкектеги "Дастан" заводунун кампасында турганы Жогорку Кеңештин жыйынында ачыкка чыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2020-жылы Орусиядан алынган аппараттарды Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алынып жатканын билдирди:
“Мурдагы бийлик кайрылып, Орусиядагы мурдагы элчи Аликбек Жекшенкуловдун колдоосу менен келген ИВЛ аппараттар бир жарым-эки жылдан бери ошол “Дастан” заводунун кампасында турат. Акчасы төлөнө элек. Жакында чечим кабыл алдык. Акчасы төлөнүп, бир-эки жумада Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.”
Маалыматка караганда, 2020-жылы жай айларында Кыргызстанда коронавирус күчөп, өпкөнү жасалма дем алдыруучу шаймандарга болгон муктаждык күчөп турган учурда 300 стационардык, 100 мобилдик өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар Орусиядан алынып келинген. Бул шаймандар бийликтин өтүнүчү менен насыяга алынган.
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов маселенин чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүүгө чакырды:
“Эгер Министрлер кабинети ушундай чечим кабыл алган болсо бул туура эмес. Өкмөт суранган эмес, "Дастан" заводунун жетекчилигинин демилгеси менен келген бул шаймандар. Пандемия учурунда өтө кымбат баа менен алынган. Эгер ошол кымбат баа менен Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берсеңер туура эмес болот. Адистер менен такташып кайра өткөрүп бергиле. Бизде азыр кереги жок бул шаймандар. Акчасын төлөтөбүз дегениңер туура эмес. Пандемия учурунда элдин оорусунан пайдаланып, эки эсе кымбат сатабыз деген бул- кылмыш. Заводдун өзүндө жасаса башка кеп. Депутаттык комиссия түзүлүп муну иликтеш керек".
Эдил Байсалов аппараттар боюнча иликтөө болушу керек дегенге кошулат. Бирок алардын баасынын кымбаттыгы эмес, эмне себептен аппараттар 2020-жылы колдонулбай кампада турганын иликтөө керектигин айтты.
“Ошол учурда бул шаймандарга баалар он эселеп кымбаттаган. Дүйнө муктаж болуп жаткан. Анан ошол аппараттардын эмне үчүн муктаждык учурунда элге берилбей, жоопкерчиликти албай койгонду иликтеш керек. Бул шаймандар бир канча түйшүк менен стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжасында келген”.
Санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан “Дастан” заводунун мурдагы башчысы Талант Иманов өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар өкмөттүн өтүнүчү менен келгенин, бирок баасы кымбат болбогонун маалымдады:
“Биз ошол учурда элге кандай жардам бере алабыз деп аракет кылганбыз. Ошол учурда аппараттар Өнөр жай комитетинин каты менен алынып келинген. Дастан заводу бир сом да кошумча акча үстүнө кошкон эмес. Даярдоочунун койгон баасы менен насыя катары келген. Акчасы төлөнө элек. Керек болсо ошол убакта Өзбекстанга бериле турган болгондо токтотуп, бизге беришкен”
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев болсо учурда өлкө боюнча ооруканаларга өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга муктаждык жок экенин айтты.
“Учурда тогуз миң кычкылтек аппараттары бар. Бирок ал коронавируска жардамы деле жок болуп калды. Ал эми жандандыруу бөлүмдөрүнө түшүп калгандар үчүнөпкөнү жасалма дем алдыруучу 487 шаймандар бар”.
2020-жылы июлда коронавирус күчөп, Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. "Каралуу июлдагы" өлүм санынын көп болушу кийин каза болгондордун жакындарында бир топ суроону жаратып, тармактар аралык изилдөө комиссиясы түзүлгөн. Жыйынтыгында бир нече мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланган. Ошол учурдагы өкмөт башчысынан баштап, вице-премьер-министр, саламаттык сактоо министри баш болгон бир нече кызматкерлер сурака чакырылган.
Министрликтин башында турган жооптуу адамдар коронавирус жаңы оору болгондуктан, тийиштүү иш-чаралар убагында аткарылбай калганын моюнга алышкан.
Вирус бат жайылып, ыйгарымдуу кызматтар чамасы жетпей жаткан учурда ишкер, активист Тилек Токтогазиев командасы менен өлкө боюнча кычкылтек апараттарын орнотууну колго алган.
Аймактардагы ооруканаларды кошуп эсептегенде 2500 кишиге ылайык кычкылтек борборлору орнотулган. Токтогазиев ошол кезде тиешелүү жетекчилер "чечкиндүү чечим кабыл алган эмес" деп сындап келет:
“Ал учурда талкуулап олтурууга убакыт тар болчу. Кочкордо кычкылтек борборун ооруканага орнотуп жатканыбызда эле төрт киши каза болду, Жалал-Абадда биз шаймандарды орнотуп жаткан маалда эле тогуз киши каза болду. Анан кантип олтурасың? Ар бир мүнөт баалуу болчу. Ошол учурда да "силер жооп берип каласыңар" деп чалгандар болду. Чечим кабыл алчу жетекчилер, бийликтегилер жоопкерчиликтен коркуп, башын катып жатышты. Мындай нерсеге даяр эмес болчу. Андайда кимдир бирөө чечимди кабыл алып, жоопкерчиликти моюнга алыш керек эле да”.
Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын жалпы саны 193 миңден ашты, 2842 бейтап каза болду. Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7439 учур катталды.
Оорунун алдын алуу чараларынын натыйжалуу жолу - эрежелерди сактоо жана вакцина алуу экени айтылган. Өлкө боюнча вакцина алгандар 1 миллион 275 миңдей адам болсо анын 1 миллион 65 миңи эки дозаны алгандар. Бустер же вакцинанын үчүнчү дозасын алгандар 23 миң кишиден ашты.
19-январда коронавируска байланыштуу маселе парламент сессиясында каралган учурда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары "илдеттин алдын алуу чаралары жакшы эмес, калкты вакцина алууга үндөө, санитардык эрежелерди сактоого үгүттөө жай жүрүп жатат" деп бийликти жана Саламаттык сактоо минсирлигинин ишин сындап чыгышты.