Базаркуловду каматкан "Мегадагы" тендер чыры

"Альфа Телеком" же "Мега" ишканасынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов коррупциялык иштерге шек саналып кармалды. Бул аталган компаниянын жетекчилери кармалган алгачкы учуру эмес.

"Тендерде артыкчылык берилген"

“Меганын” мурдагы директору Азат Базаркулов 27-июнда кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ​анын коррупцияга шек саналып кармалганын, “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турганы менен негиздеген.

Атайын кызмат байланыш мекемесиндеги коррупциядан улам техникалар да кымбат баада сатылып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгенин билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, мурдагы жетекчиге Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголгон.

Базаркулов УКМКнын тергөө абагына киргизилди жана тергөө уланууда. Азырынча анын адвокаттарынан же жакындарынан маалымат алууга мүмкүн эмес.

Азат Базаркулов буга чейин “Мега” компаниясына эки жолу, 2012-2018 жана 2021-2022-жылдар аралыгында директор болгон. Ага чейин да компаниянын башкармалыктарында иштеген.

"Кандай бийлик болбосун кызматташып келе жаткан"

Кыргызстандагы саналуу менежерлердин бири деп айтылып келе жаткан Илим Карыпбеков Азат Базаркуловду мындайча сыпаттады:

"Азат Базаркулов "Мегакомдун" айланасында аябай көп жүрдү. Аны Убактылуу өкмөттөгү бир катар адамдар 2010-жылы компания улутташтырылган кезде тышкы башкаруучу кылып дайындашкан. Кийин туруктуу бийлик келгенде компаниядан кетип, эки-үч жылдан кийин кайра менежер болуп келген. Андан кийин да кетип, кайра келип жүрүп, "Мегакомдо" мен билгенден эле төрт жолу жетекчилик кызматтарда иштеген. Азат Базаркулов улам бийлик алмашкан сайын, улам келген башчылардын тилин таап, кайра кызматка отуруп жүрдү. Акыркы жолу кызматтан кеткенден кийин кечээ, 27-июнда коррупцияга шек саналып, кармалганы кабарланды".

Илим Карыпбеков


Илим Карыпбеков УКМКнын маалыматындагы Азат Базаркулов тендерге байланыштуу шек саналып кармалганын төмөнкүчө жоромолдоду:

"Коомчулукка ушундай маалымат берилди, бирок анын артында эмнелер турганын билбейбиз. Бирок мен бир нерсени айтып коеюн, мамлекеттик ишканада жетекчи болуп иштөө оор. Тендер жарыялап, ишканага керектүү жабдык, буюм сатып алсаң, эң арзанын алышың керек. Арзаны албетте сапатсыз болот. Жакшысын алсаң, "эмнеге кымбат алып, мамлекеттин акчасын чачтың?" деп камайт. Арзанын алса, атаандаштары менен теңтайлаша албай, артта калат. Айтор, мамлекеттик жетекчилер бычактын мизинде иштеп жатканын да айтуу ашыкча болбойт".

"Мега" Кыргызстандагы үч башкы байланыш операторлорунун бири жана негизги мамлекеттик уюлдук компания. Компания мурдагы жетекчинин тушундагы ишке байланыштуу кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат берген жок.

Кийинкиси мурункудан ашып түштүбү?

"Меганын” жетекчилери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар мурда да катталган.

Байланыш компаниясы 2010-жылы мамлекетке өткөндөн көп узабай, 2012-жылы жетекчилерине кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга "Альфа Телеком" ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып коюлган.

Бул иштин алкагында компаниянын мурдагы директору Азамат Мурзалиев 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков 25 жылга, "Новострой" ишканасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек сегиз жылга кесилген. Абеков менен Мурзалиев түрмөдө калып, Аман уулу Кенжебек мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Кийинчерээк алардын жаза мөөнөтү Кыргызстанда жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу кыскарган. Ага ылайык, Абековдун мөөнөтү 25 жылдан 15 жылга, Мурзалиевдин жазасы 12 жылдан 11 жылга кыскарган.

Дагы караңыз

«Альфа Телеком» үчүн айыпталгандардын жаза мөөнөтү кыскарды

Былтыр 12-мартта "Меганын” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. Башкы прокуратура кийинчерээк анын кармалышына Түштүк Кореядан келген инвесторлор жазган арыз себеп болгонун, Жамангулов 2 миллион доллардан ашык акчаны максатсыз пайдаланууга шек саналганын кабарлаган.

"Меганы” 2018-жылдан бери башкарган Жамангулов 2021-жылы 16-мартта кызматтан кеткен. Анын ордуна Азат Базаркулов дайындалган.

Жарым жылдан кийин 2021-жылы ноябрь айында президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында айрым мамлекеттик ишканаларды сындап жатып, “Мегаком” компаниясын кирешени азайтты деп күнөөлөгөн.

Президент мурда ишкананын каражаты сол чөнтөккө кетип жүргөнүн кыйыткан.

“Мисалы, “Мегаком” боюнча айтайын. Ушул жылдын башында “Мегакомдун” башчысынын алмаштырдым. Келишим түзгөнбүз. Мурда 2-3 миллиардга чейин таза киреше берип жаткан болсо, эки-үч жылдан бери 500 млн. сомго түшүп калган. Тарифтер, колдонуучулар ошондой эле. Мен жетекчи коюп туруп, минимум 1,5 миллиардга чыгасың, болбосо жоопко тартыласың дегем. Мына бүгүн 1,5 млрд. таза киреше берди. Мурда 1 млрд. сом кайда кетип жүргөн? Ары жагын өзүңөр ойлонуп көргүлө”, - деген президент.

"Өкмөттүкү - баарыбыздыкы"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик ишкананын бюджетине кол салгандар көп болорун белгиледи. Ушундан улам андагы коррупция токтобой жатканын айткандан көрө компанияны менчикке сатуу туура болорун айтууда.

Дастан Бекешев

"Мегакомдун" тагдыры азыр ара жолдо турат. Буга чейин бизге "Мамлекеттик өнүктүрүү банкына" сатабыз деп алып келишкен. Бизге Жогорку Кеңешке эле "Мегаком" боюнча эле беш башка токтом келген. Ар биринде ар кайсы ишканага өткөрүп берүү же сатуу тууралуу жазылган. Мисалы, "Санарип министрлигине берилсин", "Өнүктүрүү банкына берилсин" же "Мамлекеттин менчигинде калсын" деген сыяктуу бири-бирине каршы токтомдор. Менимче аны сатыш керек. Ошондо коррупция да болбойт, мамлекетке зыян да келбейт. Жеке компания кантип иштетет, аны өзү билет. Мамлекетте калса минтип жең ичинен жеп-ичмей улана берет, анткени акча аябай көп".

Мурда "Мегаком" деп аталып келген компания быйыл ребрендинг жасап, аталышын "Мега" кылып өзгөргөн. Ишкананын сайтындагы маалыматка таянсак, учурда компания мобилдик байланыш жана интернет менен өлкөдөгү эл жашаган аймактардын дээрлик бардыгын (99%) камтыйт.

Салык кызматынын порталында "Мегаком" компаниясы салыкты көп төлөгөн ишканалардын сап башында турат. Мамлекет компаниянын 100% акциясына ээлик кылат.

"Алтын жумуртка берип жаткан тоокту сатуудан не пайда?"

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Исхак Масалиев кирешелүү мамлекеттик ишкананы менчикке сатуунун зарылчылыгы жок деген пикирде.

Исхак Масалиев

"Бүгүнкү күнү "Мегаком" ишканасы менчиктеги "Билайн" компаниясы менен катар эле мамлекеттин казынасына арбын салык төлөп келет. Мындай кирешелүү ишкананы менчикке сатуунун кереги жок. Алтын жумуртка берип жаткан тоокту сатуунун эмне кереги бар дегендей эле кеп. Бизде айрым кирешелүү компанияларды банкротко жеткирип туруп, менчикке сатуу практикаланып келет. Бирок "Мегакомду" банкрот кылууга да мүмкүн эмес. Менимче, андай акчалуу жерде жетекчи болуу оңой эмес. Анткени буга чейинки кармалып, соттолуп, камалган жетекчилерин да сураштырсам, "уурдай турган адамдай эмес болчу" деген сөздөрдү уктум. Балким башка бир себептери бардыр".

Исхак Масалиев акыркы убактарда мамлекеттик мекемелерде иштеген, мурда иштеп кеткен көптөгөн кызматкерлер коррупцияга шек саналып, айыпталып кармалып жатканын белгилеп, мындай учурда аткаруу бийлигинин башчысынын да жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып кетти.

Көз кызарткан кирешелүү ишкана эзелки ээсине кайтып барабы?

"Мегаком" ("Альфа Телеком") компаниясы былтыр май айында "Кыргыз телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканалар менен кошо Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүлгөн.

Дагы караңыз

"Коррупциялык схема иштеп жатат". Ширшов боюнча бийликке сын“Мега” кимдердин көзүн кызартууда?


Быйыл март айында өкмөттүн "Альфа Телеком", KICB банк сыктуу бир нече мамлекеттик ишканаларды кайра эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуу дымагы парламентте талкуу жараткан. Депутаттар ансыз деле мамлекеттик ишкананы дагы бир мамлекеттик банкка өткөрүп берүү пайдасыз экенин белгилешип, каршы чыгышкан.

Ошол эле учурда мобилдик компания Мамлекеттик өнүгүү банкына өткөрүп берилсе, ишкана эзелки ээси - Максим Бакиевдин карамагына кайтып барат деген шектенүүлөр дагы жок эмес.

2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев "Мегаком" компаниясына кантип толук ээлик кылып калганын "Политклиника" басылмасы иликтеп чыккан.

Ага ылайык, президент Акаев бийликтен кетип, ордуна Бакиев келген 2005-жылы компаниянын акцияларына ээлик кылган Penwell Business Limited компаниясы “Меганын” негиздөөчүсү “Бимоком ЛТД” ишканасындагы 49% үлүшүн Максим Бакиевге тийиштүү делген Forntek Enterprises Limited’ге өткөрүп берген. Максим Бакиев кол алдында иштеген Алексей Елисеев аркылуу калган 51% алып, “Меганы” толук көзөмөлдөп калган.

2010-жылы, Курманбек Бакиев бийликтен куулган соң, компания улутташтырылып, 49% мамлекеттин колуна өткөн. 2014-жылы калган 51% да өткөн.

Кирешелүү тармак талашы далайга узарып, артында Максим Бакиев турат деп айтылган Penwell Business Limited ("Пенвелл Лимитед") компаниясы кыргыз өкмөтүнөн 298 млн. доллар талап кылып, эл аралык арбитраждык сотко берген.

2021-жылы аталган арбитраждык сот доо арызды четке каккан.