Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

«Альфа Телеком» үчүн айыпталгандардын жаза мөөнөтү кыскарды


«Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек.
«Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек.

«Мегаком» соода маркасы менен таанымал «Альфа Телеком» уюк компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Алмаз Абековдун абактагы мөөнөтү кыскартылды.

Жогорку соттун маалыматына караганда, адвокаттын ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу арызынын негизинде бул соттук орган өзүнүн 2017-жылдагы токтомун өзгөртүп, жаза мөөнөтүн 15 жыл деп аныктады. Буга чейин Абеков Бишкек шаардык сотунда 25 жылга кесилип, бул өкүмдү Жогорку сот күчүндө калтырган.

2010-жылдагы саясий окуялардан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн «Альфа Телеком» ишканасынын Абековдон тышкары дагы эки жетекчисине 2012-жылы кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга ишканага 142 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирди деген айып тагылган.

Бишкек шаардык соту кыргыз өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, тыңчылык үчүн айыпталган Алтынбек Муралиевдин да жаза мөөнөтүн 22 жылдан 15 жылга кыскартты.

2016-жылы Биринчи май райондук соту аны 12 жылга, ал эми Бишкек шаардык соту жазаны күчөтүп, 22 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө өкүм кылган.

Быйыл ишке кирген жаңы кодекстерге байланыштуу Кыргызстанда гумандаштыруу жараяны башталып, кылмыш кылган адамдардын жазасын кайра карап чыгууга жол ачылды. (КЕ/RK)

XS
SM
MD
LG