Кыргызстанга келген инвесторлор дайыма эле мамлекеттик органдар тарабынан корголо бербейт. Ошондой тагдырды Кореядан келген Ким Чул Ёң аттуу ишкер баштан кечирүүдө.
Ал алдатып жиберген акчасын кайтарып алуу максатында 2018-жылдан бери сот жана укук коргоо органдарынан акыйкаттык издеп келатат. 5-октябрда анын арызынын негиздеги кылмыш иши Чүй облустук сотунда каралды.
"Менин атым - Чул Ёң, фамилиям – Ким. Мен Түштүк Кореядан келген инвестормун. Көп жылдан бери акчамды Кыргызстанга салып, бирок ири өлчөмдөгү акчамды алдатып жиберип, жапа чегип келатам. Акчамды алып, алдап кеткен адамдардын үстүнөн жазган арызымдын негизиндеги сот иштери 2018-жылдан бери бүтпөй келатат. Анын айынан мен көп акчамды жана эң негизгиси - оңбогондой көп убактымды жоготтум. Мен президент Садыр Жапаров баштаган бийликтеги мамлекеттик адамдарга кайрылат элем - инвестор катары мени коргоп, жоготкон, алдаткан акчаларымды кайтарып берүүгө жардам берсеңиздер, -дейт Чул Ёң Ким.
Ал Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги уюштурган "Кыргыз- Корей достук" ассоциациясынын жетекчиси. "Дасан" агрокомпаниясынын башкы директору. Кореянын Кыргызстандагы KOICA долбоорунун башчысы.
Ёң Ким Кыргызстандын айыл чарбасына инвестиция салып, бирок акчасынан же түшүмдөн тапкан пайдасы жок калып, 2016-жылдан бери мамлекеттик органдардан - Ички иштер министрлиги, прокуратура, соттордон акыйкат издеп келатат.
Чул Ёң Ким жетектеген "Дасан" компаниясы Кореядан тапкан акчасын Суусамыр өрөөнүндө арпа айдоого жумшаган. Бирок, Ким Чул Ёңдун айтымында, ал байма-бай Кореядан банктар аркылуу жиберип турган акчалар кумга сиңген суудай жоголгон. Ага тергөө органдары тарабынан эки адам - "Дасан" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Кореянын жараны Ким Вон Тэй жана Кыргызстандын жараны Шаймерден Мамыров шектеле баштаган. Кийин тергөөнүн жүрүшүндо Шаймерден Мамыровдун күнөөсү аныкталган эмес. Азыр сот ишинде фигурант катары Ким Вон Тэй калды.
Бирок райондук деңгээлде 3 жылга созулган Жайыл райондук соту бир нече жолу процессти артка жылдырып, созуп отуруп, акыры чыгарган өкүмүндө - Ким Вон Тэйни толук актап койгон.
Инвестор Чул Ёң Кимдин жактоочусу Мукамбет уулу Бекжандын айтымында, төгүндөлгүс фактылардын колдо тургандыгына карабай Жайыл райондук соту ишти созуп жүрүп, акыры мыйзамсыз жана инвесторго каршы өкүм чыгарган. Буга Жайыл райондук прокуратурасы нааразы болуп, апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган.
Инвестор Чул Ёң Кимдин маалыматы боюнча, ал 3 жыл аралыганда 350 миң доллар акчасын айыл чарба долбооруна жумшаган. Алардын көп бөлүгү Корея банкы аркылуу Кыргызстандагы KICB банкына которулуп, ал жерден нак акча түрүндө банктын кассасынан алынып турган.
Мисалы, акчанын бир бөлүгү - 800 миң сомду Чул Ёң Ким өз колу менен Суусамырга барып, арпа эгип жатам деген Шаймерден Мамыровго өз колу менен тапшырган. Бирок, ал акчанын да дайыны жок. Чул Ёң Кимдин жана Шаймерден Мамыровдун маалыматы боюнча, ал берилген 800 миң сомду дароо эле Ким Вон Тэй Мамыровдон кайра алып алган.
Сотко 2018-жылдан бери катышып келаткан күбө Жумабек Асанканов ушинтип инвестордун сот жана мамлекеттик органдардан жапа чегип келатканын белгиледи. Ошондой эле Жумабек Асанкановдун айтымында, инвестициялык каражаттан Суусамырда 500 гектар жерге арпа айдалды делип Чул Ёң Кимге отчёт берилип келгени менен ал маалымат калп болуп чыккан.
"Биз текшере келгенде 200 гектардай эле жер чыкты. Бирок, дагы кошумча жерлерди көргөзүшкөн, кийин текшере келсе ал жерлердин баары башка бирөөлөрдүн эгин аянттары болуп чыкты. Инвестордун ушундай абалда алданып калганы, ушинтип сотто сүйрөлүп, акыйкат издеп жүргөнү деле жакшы эмес да", - дейт Жумабек Асанканов.
Тергөө иштери көргөзгөндөй Суусамырдагы арпаны "Шоро" компаниясы сатып алганы жатат, деген маалымат да калп болуп чыккан. Ал эми "Шоро" менен түзүлдү, делген келишим жасалма кагаз экени да тастыкталып, аныкталган.
Кызыгы - инвестор катары мамлекеттик органдардан акыйкаттык издеп келаткан Чул Ёң Кимдин өзүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ири кылмышкерди кармагансып - 2020-жылдын ноябрында Каракол шаарынан кармап, Бишкекке алып келип, камап коюшкан. Анын жактоочуну жана тилмечти сураганына, укуктарым тебеленип жатат, дегенине эч ким кулак салган эмес. Ал аз келгенсип анын темир тор артында отурган сүрөтүн интернетке таратып жиберишкен. Мыйзамсыз камагандар дагы, фотосун таратып жиберген милиция кызматкерлери дагы эч жазасыз калышкан.
Ал эми Жайыл районундагы сот процесси өзүнчө эле эпопея болду, дейт Чул Ёң Ким. Анын пикиринде, 2018-жылы ал жазган арыздын негизинде башталган сот процесси 3 жылга созулган. Кайра-кайра ишти караган соттор алмаша берген, кээде күбөлөр, кээде айыпталуучу, кээде прокурорлор келбей - кыскасы иш узарып кеткен.
- Ушунча узакка созулган Жайыл райондук сотунун өкүмү менин Кыргызстандын мамлекеттик органдарына, анын жүргүзгөн ишине жана инвесторлорго карата үмүтүмду таш каптырды. Колдо турган документтерге, банк кагаздарына карабай өкүм менин пайдама чечилген жок. Мен ошентип мени менен чогуу иштегендердин алдамчылыгынан, мамлекеттик органдардын, соттун адилетсиздигинен жапа чегип келатам. Менин сот ишимдин аягы Кыргызстанга Кореядан инвесторлор мындан кийин келип-келбешине өз таасирин тийгизет деген ойдомун. Ошондуктан, буга көңүл бурушуңуздарды өтүнөм, -дейт Ким Чул Ёң.
Сот ишине айыпталуучу катары катышып жаткан Ким Вон Тэйден "Азаттык" маалымат сураганда ал интервьюдан баш тартты. Анын жактоочулары дагы маектешүүнү каалашкан жок. Ким Вон Тэй алган акчаларын айыл чарбасына жумшаганын айткан. Бирок, Чул Ёң Кимдин жана тергөөнүн маалыматы боюнча, жумшалды делген каражаттардын ордун тастыктай турган бухгалтердик жана финансылык далил кагаздарды, документтерди Ким Вон Тэй көргөзө алган эмес.
Ишке катышкан Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы Рысбек Ишеналиевдин айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө жана биринчи инстанциядагы сот маалында Ким Вон Тэйдин кемчиликтери толук далилденген. Ошол себептен Жайыл райондук сотунун өкүмүнө макул болбой прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.
"Соттун чечимине макул болбой, ошол себептен апелляция жазганбыз. (Ким Вон Тэй күнөөсү) аныкталган. 100 миңдеген доллар зыян,чыгым келтирилген. 500 гектар жер айдап жатабыз деп Кореядан акча ала берген. Ага күбө дыйкан, фермерлер бар – 500 гектарга арпа айдап жатам деген. Бирок 200 гектардан ашыгыраак жер, анын дагы 90 гектарына сеппей коюшкан. Ким Вон Тэй жанындагы кишилерден суранган “Чул Ёң Кимге айтып койгула – 500 гектар жеп айдадык деп” деген. Соттун, тергөөнүн жүрүшүндө ал адамдар Ким Вон Тэйге каршы көрсөтмө беришкен. Бирок, ошол гектар-гектар жерлердин да түшүмүн чаппай коюп, ал кардын алдында калган. Ошонун баары Ким Чул Ёңго чыгым болгон да. Которулган акчалар тастыкталган, бирок, 500 гектар жер айдалган эмес. Мунун баары сотто, тергөөдө аныкталган", - деди Рысбек Ишеналиев.
Кыргызстандын бийлиги жана өкмөтү инвесторлорго баардык шарттар түзүлө турганын айтып келүүдө. Ал тургай Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаров инвесторлордун укуктары жана бизнеси корголоорун бир нече ирет айткан. Өкмөт болсо инвестиция тартуу боюнча атургай атайын министрлик түзгөн.
350 миң долларынан ажыраган кореялык Чул Ёңдун жалгыз үмүтү эми азыр Чүй облустук сотунда.