Кыштут айылындагы ашар

Бул Баткендин тоо арасындагы Кыштут айылы. 

Пандемия айылдагы жашоону да бир аз өзгөргөткөнү менен негизинен айылда тыным жок.

Бул айылда 12-июль күнү сел жүрүп, ички арыктар менен жолдорду жууп кеткен.

Селдин кесепетин жоюу максатында Кыштут айылынын тургундары чогулуп, ички жолдорду оңдошту.

Ондоп-түзөө иштерине жергиликтүү элге демөөрчүлөр жардам көрсөтүп, айыл өкмөтүнүн казынасынан күйүүчү май, техника берилген.
 

Жергиликтүүлөрдүн айрымдары иштегендерге тамак-аш алып келсе, айрымдары жолду оңдоого тартылган техникага күйүүчү май алып берип, жети чакырым жолду оңдоого салым кошушту.

Бул айылга кышкысын үч ай күн тийбейт, жайында ушундай эле убакыт ай көрүнбөгөн өзгөчөлүгү бар. 

Айылда бош жүргөн адамды дээрлик кездештире албайсың. Баары өз иши менен алек.

Үй куруп жаткан усталар.

Жумуштан кийин топ ойноп көңүл ачкан кыз-келиндер.

Аксакалдар газета окуп, баарлашып убакыт өткөрүшөт.

"Пакса", "сынчы" деп аталган ыкма менен салынган ылайдан тургузулган дубалдар.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айылга сырттан келгендер менен учурашууга бир канча убакытка уруксат берилбейт. Сырттан келгендер тууралуу дароо айыл башчыга, айылдык фельдшерге кабар берилет. Бул айылда COVID-19 илдетине чалдыккандар катталган эмес.