Баткен: күйгөн чайкананын кенемте күткөн ээси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну чек арага жакын жерде 2005-жылы чайкана курган. 2013-жылы тажикстандыктар чек арага жакын жерде чайкана иштетүүгө каршы чыгып, өрттөп кеткенден кийин, оңдоп-түздөп, кыргыз чек арачыларына убактылуу пайдаланууга берген. Былтыр сентябрдагы чатакта чайкана кайрадан өрттөлүп, ушул күнгө чейин оңдолбой турат. Чайкана ээси аны калыбына келтирүүгө мамлекеттен көмөк сурап жатат.