"Элүү жылдык эзүүдөн кутулдук". Сириядагы кырдаал

Cириялыктар президент Башар Асаддын сүрөтүн өрттөп жатышат, 8-декабрь, 2024-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду. Башар Асаддын бийлиги кулатылып, баш калаа Дамаск радикал топтордун карамагына өткөндөн кийин жабык жыйынга чогулууну Орусия сунуштады. Асад өзү үй-бүлөсү менен Москвага качканы белгилүү болду.

Жергиликтүү басылмалар Дамаскта дүйшөмбү күнү эртең менен бир нече жардыруу болгонун жазды. Аларды ким уюштурганы азырынча белгисиз.

"Асаддын үй-бүлөсүнүн бийлигинен арылдык"

Сирияны 24 жылдан бери башкарган Башар Асад баш калаа Дамасктан учуп кеткени маалым болгон соң, сириялыктар анын үйүнө кирип барышты. Социалдык тармактарга тараган кадрлардан айрымдар селфи жасап, башкалары колуна тийген эмерек, буюм-тайымдарды чыгарып баратканын көрүүгө болот.

"50 жыл адилетсиздик, мазактоо, жакырчылык өкүм сүргөн, суу менен электр жарыгы жок жылдар болду. Мен башка эч нерсе кошумчалай албайм. Кудайга шүгүр, 50 жылдан кийин биз Асаддын үй-бүлөсүнүн бийлигинен арылдык. Буюрса, Сирия демократияга карай бет алат. Бул “улуу урматуунун” архиви экен. Элин ачкачылыкка кептеп, басмырлап келди. Биз акыры Башар-аль Асаддын үйүнө кире алдык", - дейт президенттик сарайга кирип баргандардын бири Хассан аль-Газави.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Трамп Украинага аскердик жардам азаярын эскертти

Айтылгандай эле, Башардын атасы Хафез Асад өлкөсүн 29 жыл башкарып, анын өлүмүнөн кийин бийлик Британияда билим алган уулуна өткөн. Башар Асад Москвага учуп барып, ошол жактан башпаанек алганы 8-декабрдын кечинде белгилүү болду. Ага саясий башпаанек берүү чечимин Орусиянын президенти Владимир Путин чыгарганын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

“Албетте, мындай кадамдар мамлекет башчынын чечимисиз кабыл алынбайт, бул анын чечими болду”, - деди Песков журналисттердин суроосуна.

Анын бийликтен кулатылышын Сириянын дээрлик баардык аймактарында жана чет жактарда да белгилеп, ата-бала Асаддын эстеликтерин талкалоого киришти. Саналуу күндөрдө чагылгандай тездик менен бир нече ири шаарды ээлеп, Дамаскка кирген козголоңчулар тобунун лидери Абу Мохаммад аль-Жолани өлкөдө башаламандыкка жол берилбестигин эскертти.

"Хайят Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Абу Мохаммад аль-Жолани Дамасктагы мечиттердин биринде сүйлөп жатат. 8-декабрь, 2024-жыл.

"Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган.

Соңку жылдары аталган топ “Аль-Каида” менен байланыштарын үзүп, өзүн Сирия өкмөтүнө каршы альтернатива катары көрсөткүсү келип жүргөнү кабарланууда. Бирок бул уюм бийликке келсе, адам укуктары болуп көрбөгөндөй басмырланышы мүмкүн деген кооптонуу күч.

Топтун лидери Абу Мохаммад аль-Жолани Сириядагы азчылыктарды жана шиилерди куугунтуктабай турганын айтууда.

АКШ Сириядагы кырдаалга тыкыр көз салып жатканын президент Жо Байден билдирди. Ал ошондой Вашингтон Сириядагы бардык топтор менен байланыш түзөрүн кошумчалады.

“Асад жоопкерчиликке тартылышы керек”, - деген Байден Асадды бийликтен кулатууга катышкан айрым козголоңчу топтордун соңку күндөрү “туура билдирүүлөрдү жасаганына карабастан”, адам укуктарын бузуу жаатында “өзүлөрүнүн айыптары” бар экенин эскертти.

Ал Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аракеттерине тыкыр көз саларын айтты. Байдендин сөзүнө караганда, аталган топ бийликтеги боштуктан пайдаланып, өлкөнү өз карамагына алууга аракет кылышы ыктымал.

Башар Асаддын бийлигинин кулатылышын майрамдап жаткан оппозициячыл согушкерлер. 8-декабрь, 2024-жыл. Дамаск.

Орусияга таянган Асад

Башар Асаддын бийлиги 2011-жылдын март айындагы Жакынкы Чыгышты каптаган Араб жазы маалындагы толкундоолорду күч менен баскандан кийин өлкөдө жарандык согуш тутанган.

2015-жылы согушка Орусия кийлигишип, Асаддын бийлигин колдоп, козголоңчу топторго, анын ичинен исламчыл согушкерлерге каршы жапырт бомбалоону баштаган. Анын жыйынтыгында карапайым тургундар арасында болуп көрбөгөндөй жоготуулар катталып, түмөндөгөн адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өз билдирүүсүндө Асаддын 2011-жылдан бери “саясий сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартып, Орусия менен Иранга таянуусу акыры өзүн бийликтен алып тынганын” айтты.

“14 жылга созулган жаңжалдан кийин сириялыктарда акыры үмүттүн шооласы пайда болду”, - деди Блинкен.

Эксперттердин баамында, Асаддын бийлигинин кулатылышы аны колдоп келген Орусия менен Иранга геосаясий жактан чоң сокку болду. Байдендин сөзүнө караганда, Орусия Украинада баштаган дээрлик үч жылдык согушта өзү алапайын таппай, алсырай түштү. Ал эми аймактагы Иран колдогон күчтөрдү соңку айларда Израил дээрлик жок кылды.

Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асад менен Орусиянын лилдери Владимир Путин. Москва. 24-июль, 2024-жыл.

Москва менен Тегерандан тышкары Асад Ливиядагы “Хезболла” уюмуна да таянып келген. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Асаддын бийлигинин кулатылышын “ЦАХАЛдын Иран менен "Хезболлага" урган соккулардын түз жыйынтыгы” деп атады.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Израил "Хезболлага" каршы бир нече ай мурда аскердик кампаниясын баштаган.

Ар кандай эсептерге караганда, Орусиянын Сирияда 7500дей аскери жана бир нече аскердик объектиси, анын ичинде Хмеймим авиабазасы жана Тартустагы аскер-деңиз стратегиялык жайлары бар. Аларды Кремль Түндүк Африкадагы жана Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү Африка мамлекеттериндеги өз аракеттери үчүн колдонот.

Дагы караңыз "Үй-бүлөсү менен Москвада". Бийликтен кулатылган Асаддын дайыны Орусиядан чыкты

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту билдиргендей, Москва деңиз-аскердик базасында эвакуация иштерин баштай элек.

Бириккен Улуттар Уюму 6-декабрда билдиргендей, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам Сирияда 300 миңдей адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. 8-декабрда Израил Сирия менен чек аралаш буфердик аймакта өз аскерлерин жайгаштырганын билдирди. Расмий Тель-Авив өз чечимин Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүнүн тургундарынын коопсуздугун камсыздоого багытталган деп түшүндүрдү.

Кошмо Штаттар Сириянын түндүгүндөгү аскерлерин ошол жакта кармап турарын билдирди. Учурда Сирияда 900дөй америкалык аскер бар. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Асадды бийликтен кулаткан куралдуу топтор бардык сириялыктарга гумандуу мамиле жасашы керек экенин эскертти. Ал эми Amnesty International укук коргоо уюму Асаддын режиминин аякташын Сириядагы “ондогон жылдарга созулган адам укуктарынын одоно бузулушуна чекит коё турган тарыхый мезгил” деп атады.